ЭЛДИ ШАҢГА БӨЛӨГӨН «ШАТТЫК»

  • 14.11.2019
  • 0

Балдардын жана өспүрүмдөрдүн улуттук “Сейтек” борборунун “Шаттык” элдик, үлгүлүү бий ансамбли быйыл 25 жашка толду. Чейрек кылым бий чөйрөсүндө жүргөн ансамблде учурда 500 чукул балдар тарбияланууда. 25 жыл ичинде 288 баланы уядан учуруп, ар бирине татыктуу кесиптик билим бералды. Алардын көбү өз жолу менен бий тобун уюштуруп, бий өнөрүн улап баратышат. 25 жылдык мааракеге карата ансамблдин көркөм жетекчилери, “КР Маданиятына эмгек сиңирген ишмерлер”  Сырга жана Эрик Латыповдор Президенттик энчилүү сааттар менен сыйланышса, айрым педагогдор Аялдар конгрессинин Ардак грамотасына татыктуу болушту. Бул күнү Т.Сатылганов атындагы улуттук филармониянын сахнасында  Кыргызстандын, Орусиянын, Украинанын, Молдованын, Өзбекстандын, Кытайдын ж.б. мамлекеттердин улуттук бийлери көрсөтүлүп, залды шаңга бөлөдү.

ЭЛДИ ШАҢГА БӨЛӨГӨН "ШАТТЫК"

Балдардын жана өспүрүмдөрдүн улуттук “Сейтек” борборунун директору Сабийра Челпакованын айтымына караганда, “Шаттык” ансамблинин жетекчилери, жубайлар Эрик жана Сырга Латыповдор  25 жыл ичинде өздөрүнүн иштермандыгы, аракетчилдиги, эмгекчилдиги менен бийиктиктерди багындыра алышты.

ЭЛДИ ШАҢГА БӨЛӨГӨН "ШАТТЫК"

  • “Шаттык” ансамблинин мыкты болуп чыгып келишинин бир себеби – темирдей катуу тартип орногондугунда, биринчиден. Экинчиден, бийге коюлган талап абдан күчтүү. Эрик менен Сырга балдарды жакшы, жаманга бөлүшпөйт, бардыгына бирдей мамиле кылышат. Сабакка бир дагы тарбиялануучу кечикпейт жана калтырбайт. Балдар бири-бирин сыйлаганга, урматтаганга абдан маани бурулат. Педагогдордун балдарга карата үнү катуу чыкканын көрө элекмин. Ошондуктанбы, айтор, бул ансамблдин балдары да, педагогдору да өзгөчө. Жетекчи Эрик Латыпов белгилүү коомдук ишмерлер, т.а. Роберт Уразгельдиев (ыраматылык), коомдук ишмерлер Аскар Какеев жана Эрнст Акрамов менен дайыма тыгыз байланышта. Аларды ал атасындай көрсө, аксакалдар болсо ага аталык мээримин төгүп, акыл-насааттарын айтып турушат. Алар “Шаттыктын” бардык концерттерине үзбөй келишет. Бул деген ансамблдин жетекчилеринин “улууну  урматтоо, кичүүнү ызаттоо” накыл кептер менен өздөрү да тарбияланып, балдарды да тарбиялап келишет. Бул үй-бүлө – бий өнөрүн аздектегендер. Өздөрүнүн эки баласы тең Санк-Петербургдагы Ваганов атындагы орус мамлекеттик балет театрынын солисттери, кичүү кызы Нур-Султан шаарындагы Хореография академиясынын тарбиялануучусу. “Сарынжы Бөкөй”, “Сары-Өзөн”, “Жайлоодо” — “Шаттык” ансамблинин легендарлуу бийлери. Кыргыздын улуттук бийлеринен сырткары 40тан ашуун мамлекеттин улуттук бийлерин жогорку деңгээлде аткарышат. Жылда ондон ашык балдарды бүтүрүп, кайра 4 жаштан жогору таланттуу, жөндөмдүү балдарды кабыл алышат, — дейт жетекчи.

“Шаттыктын”  жетекчиси Сырга Латыпованын айтымында, балдарды тандоо жолу менен алышат.

ЭЛДИ ШАҢГА БӨЛӨГӨН "ШАТТЫК"

  • Анткени ар кандай балдар келет, айрымдарынын ден соолуктары бийлегенге жол бербейт. Көбүнчө тартиптүү, жөндөмдүү, ой жүгүртүүсү күчтүү балдар келет. Кээ бир балдар таптаза англис тилинде сүйлөшөт. Бийдин балдарга пайдалуу жагы көп. Маданиятты өнүктүрүүнү балдардан башташ керек. Эң биринчи бүтүрүүчүбүз Рустам Санкт-Петербургда өзүнүн тобу менен иштейт. Бишкекке “Танец под дождем” деген шоу менен келип жүрөт. Ульяна Москвада, Елена деген бүтүрүүчүбүз ден соолугу чектелүү балдар менен иштейт. Эми бүтүрүүчүлөрүбүздүн көбүнчөсү бий топторун ачып, бизден алган билимдерин практика жүзүндө ишке ашырып жатышат. Биз алар менен сыймыктанабыз, — дейт Сырга Латыпова.
  • ЭЛДИ ШАҢГА БӨЛӨГӨН "ШАТТЫК"

Дегеле Бишкек шаарындагы республикалык, шаардык, мамлекеттик денгээлдеги бардык иш-чаралар “Шаттык” бий ансамблисиз өтпөйт. Президенттик балаты, Нооруз, Эгемендик күнү, Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндар ж.б.у.с. иш-чараларда “Шаттык” сахнанын көркүн ачып келатат.

Албетте, бийдин көркүн чыгарган кооз кийим-кечелер арзан турбайт. Алардын баасы 5 миң сомдон 20 миң сомго чейин чыгат.

ЭЛДИ ШАҢГА БӨЛӨГӨН "ШАТТЫК"

“Шаттык”  бий ансамблинин көркөм жетекчиси Эрик Латыпов балдарды тарбиялоодо орусиялык белгилүү хормейстер, педагог, коомдук ишмер  Игорь Моисеевдин ыкмаларын пайдаланып, ошол деңгээлде бий үйрөткөнгө бардык аракетин жумшап келатат.

ЭЛДИ ШАҢГА БӨЛӨГӨН "ШАТТЫК"

  • Мен “Ак марал” мамлекеттик бий ансамблинде бийлеп жүргөндө И.Моисеевден окуп келген балдардын бийлегинин көрүп, абдан суктанчумун. Азыр мен балдарды тарбиялап жатканда И.Моисеев атындагы мамлекеттик бий ансамблине, Украинанын мамлекеттик бий ансамблине теңеңим келет. Ошондуктан темирдей катуу тартипти сактоону талап кылам. Ар бир тайпада 14-16 баладан бар. Бирок чоңойгондо айрым балдар башка кесипти тандап алган үчүн башка ийримдерге кетишет, болгону бүтүрүүгө келгенде 80 баладан 16-18 гана бала бүтүрөт. 25 жылдын ичинде бир көптөгөн мамлекеттерди кыдырдык, көптөгөн сыйлыктарга татыктуу болдук. Кыргызстанды тааныттык. Башка мамлекеттерге барганда биздин кийген костюмдарыбызды, бийлегендерибизди көрүп Кыргызстандын Президентинин алдындагы бий ансамблиби деп суроо салышат. Бирок андай эмес. Көздүн жоосун алган костюмдарды өзүбүз тиктиребиз.  Бардык иш-чараларга кайсы гана мекеме-ишкана болбосун бизди тандашат. Болгон сүйүүбүздү биз балдарга арнайбыз, — дейт Э.Латыпов.
  • ЭЛДИ ШАҢГА БӨЛӨГӨН "ШАТТЫК"

Ошентип 25 жылдык мааракенин урматына сахнада 300төн ашык балдар бийлешти. Келген конокторго “Сейтек” борборунун жетекчилиги, “Шаттык” элдик, үлгүлүү бий ансамблинин жамааты ыраазычылыктарын билдиришти.

ЭЛДИ ШАҢГА БӨЛӨГӨН "ШАТТЫК"

  • Мен бардык ата-энелерге бизди колдоп жүргөндүгү үчүн терең ыраазычылыгымды билдирем. “Шаттык” – мамлекеттик сыймыгы, — деди Э.Латыпов.

 

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер