ЭКОЛОГИЯЛЫК БИЛИМ СЕМИНАРЫ

  • 12.08.2019
  • 0

 «Таалим-Форум» коомдук фонду «Эко-Билим» тармагына кирген мектептин директорлору менен мугалимдерине арналган 4-семинарын ийгиликтүү өткөрдү.

ЭКОЛОГИЯЛЫК БИЛИМ СЕМИНАРЫ

Аталган тармак мектептерде этно-экологиялык тарбия берүү жана тоолуу экосистемаларды, анда жашаган сырдуу жаныбар – илбирстерди сактоо үчүн окуучулардын билимдерин жогорулатуу максатында түзүлгөн. Семинарларда тоолорубуздун биоартүрдүүлүгүн, саламаттыкты жана жаратылышка аяр мамиле жасоо тууралуу салттуу баалуулуктарды кантип кийинки муундарга өткөрүү зарылдыгы жөнүндө маселелер талкууга алынды.

Семинарга катышууга тоолуу аймактар: Талас, Чүй, Ысык-Көл жана Нарын областтарынан мектеп директорлору, мугалимдер тажрыйба алмашууга, мектептерде өткөрүлгөн түрдүү долбоорлору, ийгиликтери менен бөлүшүүгө келишти. Долбоорлордун ичинен кызыктуу жана мыктылары: мектеп театрын ачуу, эко-клубдарды түзүү, илбирстердин экосистемасын изилдөө боюнча изилдөөчүлүк жүрүштөргө катышуу, мектеп питомниктерин уюштуруу, медиа-борборлорду түзүү долбоорлорун атасак болот.

ЭКОЛОГИЯЛЫК БИЛИМ СЕМИНАРЫ

Семинардын бардык катышуучулары «Таалим-Форум» коомдук фонду жаңы иштеп чыккан этно-экологиялык билим берүү боюнча методикалык колдонмону алышты. Аталган китеп Кыргыз билим берүү академиясынын окумуштуулар кеңеши тарабынан бекитилип, мектептерде пайдаланууга сунуш кылынган. Катышуучулар фонд тарабынан жарык көргөн башка китептерди да алышты. Алардын арасында балдарга арналган «Илбирс», «Адабий чыгармалардагы табият сырлары», «Кыргызстандын жандуу жаратылышы» аттуу окуучулар үчүн энциклопедиялар бар.

Ар бир мектепке, ошондой эле Нарын областынын китепканасына, Нарын жана Талас шаарларынын Америкалык бурчтарына, Нарын Мамлекеттик жаратылыш коругунун Экологиялык борборуна «Балдарга экология боюнча китеп» аттуу китептен 10 даанадан белекке берилди. Китеп «Таалим-Форум» коомдук фонду тарабынан англис тилинен кыргыз тилине Кыргызстандагы АКШнын элчилигинин Котормо боюнча программасынын колдоосу менен которулган. Китептин бет ачары Нарын областтык китепканасынын Америкалык бурчунда өттү.

Мугалимдерге сунуш кылынган методикалар интерактивдүү, инновациялык ыкмалар, оюндар жана конкурстар менен коштолду. Мугалимдерге таратылган китептеги оюндардын айрымдары семинарда ойнолду. Катышуучулар 4 командага бөлүнүп «Этно-экологиялык калейдоскоп» оюнун брейн-ринг формасында ойношту, тоолордун макеттерин жасашып, тоолуу экосистемалардагы биоартүрдүүлүккө арналган көрсөтмө куралдарды даярдашты, баш катырмаларды жана кроссворддорду табышты.

Он-лайн режиминде www.ibilim.kg шилтемесиндеги 7 сабак боюнча 1-4-класстарга арналып иштелип чыккан «Айбилим» мультимедиалык комплексин абдан кубатоо менен кабыл алышты. Материалдардын бет ачары Нарын областынын Жан-Булак айылынын мектебинде өткөрүлдү. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги республикабыздын областтарына ачкан 60 мультимедиалык китепканалардын бири ушул мектепте жайгашкан. Жабдылган китепкананын серверинде жайгашкан «Айбилим» мультимедиалык комплекстин оф-лайн версиясын семинардын катышуучулары ачып, иштеп көрүштү.

Алыскы Перу мамлекетинен келген француз фотографы Николас Вильём семинардын катышуучуларына виртуалдык чындыктагы жаңы технологиялык мүмкүнчүлүктөрдү көрсөтүп берди. Булардын жардамы менен илбирстердин экосистемасы тууралуу сүрөттөрдү тартуу аркылуу окуучулар менен бирге ал жашаган аймакка виртуалдуу «барууга» жана кызыктуу билимдерди, маалыматтарды алса болорун түшүндүрдү. Жаңы технологиялык жаңылык: камера менен 360 градуста өзгөчөлөнгөн панорамалык сүрөттөрдү тартууга болорун үйрөткөнү болду.

Семинардын катышуучулары Нарын Мамлекеттик жаратылыш коругуна барып, маралдарды көрүштү, ошондой эле байыркы Таш-Рабатты көрүп кайтышты.

Мугалимдер мектепке барганда семинар учурунда үйрөнгөн, уккан кызыктуу маалыматтар менен өз кесиптештерине сөзсүз кеңири айтып бере тургандыктарын билдиришти. Тоолордун, жаратылышыбыздын жана биоартүрдүүлүктүн маанилүүлүгүн терең түшүнүүсү үчүн окуучулардын аң-сезимдерин жогорулатуу максатында жыл бою мектептерде ар түрдүү фестивалдарды, акцияларды, ачык сабактарды, конкурстарды өткөрүүнү убада кылышты.

Семинар «Илбирстерди жана алардын экосистемаларын коргоо» долбоорунун алкагында Кристенсен Фонду менен Леонардо ДиКаприо Фондунун биргелешкен программасы, Силикон өрөөнү фондунун техникалык көмөгү тарабынан колдоого алынды.

Алмагүль Осмонова,

“Таалим-Форум” коомдук фондунун директору

Бөлүшүү

Комментарийлер