М. АБЫЛГАЗИЕВ: «БҮГҮН ИЛИМ ӨЛКӨНҮН ӨНҮГҮҮ БАЗАСЫН ТҮЗҮҮГӨ ЖӨНДӨМСҮЗ»

  • 10.06.2019
  • 0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Илим, инновациялар жана технологиялар боюнча кеңештин жыйынын өткөрдү.

 М. АБЫЛГАЗИЕВ: "БҮГҮН ИЛИМ ӨЛКӨНҮН ӨНҮГҮҮ БАЗАСЫН ТҮЗҮҮГӨ ЖӨНДӨМСҮЗ"

Өкмөт башчы белгилегендей, атамекендик илим өнүгүүнүн тийиштүү деңгээлине чыкпай жатат.

 

«Бүгүн илим экономиканын реалдуу секторунун керектөөлөрүн камсыздоого багытталган эмес жана өлкө үчүн өнүгүү базасын түзүүгө жөндөмсүз. Биздин окумуштуулар алектенген илимий иштеп чыгуулар колдонулбайт. Бул каржылоо маселелерине жана заманбап материалдык-техникалык базанын, илимдин натыйжалуулугун жогорулатуу механизмдеринин жоктугуна байланыштуу. Мунун баары атамекендик илимди эл аралык деңгээлге чыгарууга тоскоол болууда», — деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

 

Жыйындын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясындагы реформалар, Кыргыз Республикасын 2020-жылга чейин илимий-инновациялык өнүктүрүү концепциясын ишке ашыруу жана Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясынын ишмердигинин негизги багыттары жөнүндө баяндамалар угулду.

 

Анын ичинде белгиленгендей, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы илимий жана материалдык ресурстарды кыйла натыйжалуу пайдалануу максатында илимий мекемелерди оптимизациялоо боюнча бир катар иш-чараларды жүзөгө ашырды.

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн колдоосунда илимий кызматкерлердин эмгек маянасы 30% көбөйтүлдү, бул оптимизациялоонун эсебинен камсыздалган.

 

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев баса белгилегендей, кыргыз илиминин учурдагы абалы аны өнүктүрүүгө зарыл шарттарды түзүү боюнча кардиналдуу кадамдарды талап кылат.

 

«Көп жылдар бою биздин илимге тийиштүү көңүл бурулбай келген. Бирок бүгүнкү күнү кыргыз илиминин заманбап деңгээлге чыгуусуна муктаждык курч экендигин түшүнүп турабыз. Ансыз өлкөнүн күчтүү жана заманбап экономикасын элестетүү кыйын. Биз күч-аракеттерибизди бириктирип, топтолгон маселелерди чечүүгө көңүл коюшубуз керек. Бул санариптештирүү жана аймактарды өнүктүрүү саясатын илгерилетүү боюнча мамлекеттик саясаттын негизги артыкчылыктарынын маанилүү бөлүгү болот», — деп баса белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

 

Жыйындын жыйынтыгы боюнча Кеңештин мүчөлөрү илим жана илимий-техникалык саясат жаатындагы ченемдик-укуктук базаны кайра карап чыгууну жана жакшыртууну, мамлекеттик буйрутманын негизинде бюджеттик каражаттарды бөлүштүрүү жана аларды 2020-жылдан тартып максаттуу пайдалануу боюнча ченемдик-укуктук базаны иштеп чыгууну тапшырышты.

 

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине ЖОЖдордун илимий ишмердүүлүгүнүн сапатын жакшыртуу сунуштарын киргизүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы менен биргеликте илимий телекоммуникациялык инфратүзүм түзүү жана региондорду социалдык-экономикалык өнүктүрүү максатында илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн конкреттүү механизмдерди иштеп чыгуу тапшырылды.

 

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү

Бөлүшүү

Комментарийлер