ОКУУЧУЛАРДЫН ИЛИМ, ТЕХНИКА ЖАНА ӨНДYРYШ ЖУМАЛЫГЫ

  • 05.02.2019
  • 0

Технолог эмне менен алектенет? Кристаллдарды кантип өндүрүшөт? Шорону эмнеден жасашат? Жер титирөөнү алдын-ала айтууга болобу? Бул жана ушул сыяктуу көптөгөн суроолорго Кыргызстандын окуучулары 2019-жылдын 11-февралынан 15-февраль аралыгында аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү  жылына арналган республикалык окуучулардын илим, техника жана өндүрүш жумалыгынын алкагында жооп ала алышат. 20 жылдан ашуун убакыттан бери  Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жана «Алтын түйүн» Балдардын республикалык инженердик-техникалык академиясы өлкөбүздө Жумалыкты окуучу жаштар үчүн илимий изилдөөлөр жана өнөр жайдын кызыктуу дүйнөсүн ачып берүү үчүн өткөрүп келе жатышат.

ОКУУЧУЛАРДЫН ИЛИМ, ТЕХНИКА ЖАНА ӨНДYРYШ ЖУМАЛЫГЫ

Аталган иш-чаранын максаты болуп,  балдардын аң-сезимин жөн гана кеңейтүү эмес,  аларды табигый-математикалык дисциплиналарды жана техникалык багыттагы кесиптерди өздөштүрүү менен кызыктырууга аракет көрүүсү эсептелет. Бүгүнкү күндө биздин өлкө өнөр жай жана өндүрүштүн кайрадан түптөлүп жана активдүү өнүгүүсүнө муктаж болууда, бирок жаңы технологияларсыз жана квалификациялуу кадрларсыз бул максаттарга жетишүүгө эч мүмкүн эмес.

Жумалыктын программасы бай жана кызыктуу: 2019-жылдын 11-февралында анын салтанаттуу ачылышы Кыргызстандын бардык билим берүү мекемелеринде өтөт.

12-февралда, «Илим күнү», өлкөнүн окуучулары үчүн КР Улуттук илимдер академиясынын окумуштуулары менен жолугушуулар, “Технопаркка” жана илимий-изилдөөчүлүк институттарга экскурсиялар, Б.Н. Ельцин ат. КРСУнун, И.Раззаков ат. КМТУнун, ОшТУ, ОшМУ жана башка өлкөбүздүн алдыңкы окуу жайларынын профессордук-окутуучулук курамы менен тегерек столдор, дүйнөлүк илим жана техниканын жетишкендиктери жөнүндө лекторийлер, изилдөөчүлүк жана ойлоп табуучулук долбоорлордун конкурстары, интеллектуалдык оюндар жана викториналар болот.

13-февралда, «Өндүрүш күнү», бүтүндөй өлкө боюнча өнөр жай ишканаларына, фабрикаларга, заводдорго жана өнөрканаларга окуучуларды технологиялык процесстер жана техникалык адистиктер менен тааныштыруу үчүн экскурсиялар өткөрүлөт. Бул күнү балдар ишканалардын ишин ичинен көрөт, ойлоп табуучулар жана рационализаторлор менен көрүшүү  мүмкүнчүлүгүн алышат. Борбор калаанын окуучулары үчүн «Илбирс» ААК, «Lina» ЖЧК, «Альфа Телеком» ЖАК, «Дильнур» ЖЧК,  «Шоро» ЖАК, «ОА Kyrgyz Organic» ЖЧК, «Яшар Групп» ЖЧК,  «Бишкексут» ААК ж.б., ал эми республиканын аймактардагы балдар өз областтарындагы ишканаларына барышат.

Жумалыктын жаркын окуясынын бири “Илим+Ойлоп табуу=Техника” Республикалык илимий-техникалык олимпиадасы эсептелет, ал 13 жана 14-февралда саат 10.00до, И. Раззаков ат. КМТУда өтөт. Ага Кыргызстандын бардык областтарынан 20 команда катышат. Бул жылы  балдар “Кыймылга тоскоолдук келтирүүлөрдү контролдоо датчигинен техникалык каражаттардын кыймылын башкаруу системаларын жана түзүлүштөрүн иштеп чыгуу” темасына өзүнүн жеке долбоорун түзүүгө тийиш.

15-февралда 10.00до И. Раззаков ат КМТУда Окуучулардын Илим, техника жана өндүрүш жумалыгынын салтанаттуу жабылышы болот: Жумалыктын жыйынтыгын чыгаруу, ИТО жеңүүчүлөрүн сыйлоо, БРИТА “Алтын түйүндүн” тарбиялануучуларына “Жаш академик” ардак наамын ыйгаруу жана окуудагы өзгөчө ийгиликтери үчүн КР Жогорку Кеңешинин депутаттарына ыйгаруучунун атындагы стипендия тапшыруу.

Республикалык окуучулардын Илим, техника жана өндүрүш жумалыгы – бул, экономикалык өнүгүү жана гүлдөп-өсүшү негизи болгон өлкөнүн илимий жана өнөр жай турмушуна өсүп келаткан жаштарды түптөө үчүн кубаттуу импульс!

 

ЖМК менен байланыштын координатору : Жигайлова Ольга Анатольевна, т.: (0553) 85-57-45, (0312) 31-58-47.

Бөлүшүү

Комментарийлер