АЗЕРБАЙЖАН РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОЖДОРУНА КАБЫЛ АЛУУ

  • 11.01.2019
  • 0

Ислам Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин стипендиялык программасына 2019-2020-окуу жылына карата Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн Азербайжан Республикасынын жогорку окуу жайларында билим алууга документтерди кабыл алууну жарыялайт.

 

Азербайжан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин маалыматына ылайык, Ислам Кызматташтык Уюмунун программасынын алкагында 2019-2020-окуу жылына карата Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн Азербайжан Республикасынын жогорку окуу жайларында  билим алууга 2 бюджеттик орун бөлгөндүгүн маалымдайт.

 

Сынакка катышуу үчүн төмөнкү талаптар коюлган:

  • -Бакалавриат программалары боюнча — 30 жашка чейинки жарандар
  • -Магистратура программалары боюнча – 35 жашка чейинки жарандар

 

Талап кылынган документтер:

  • -Анкета (Application form);
  • -Арыз;
  • -Паспорттун көчөрмөсү;
  • -Орто билими тууралуу аттестаттын көчүрмөсү же окуудагы жетишкендиктери тууралуу маалымкат (бакалавриат программасы үчүн);
  • -Жогорку билими тууралуу дипломунун көчүрмөсү же окуудагы жетишкендиктери тууралуу маалымкат (магистратура программасы үчүн)
  • -Медициналык маалымкат;
  • -ВИЧ СПИД жоктугу тууралуу маалымкат;
  • -Резюме;
  • -Шыктандыруу кат;
  • -Англис тилин билүү деңгээли жөнүндө тастыктама (TOEFL, IELTS).

 

Талапкерлердин документтерин төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат: Кыргыз Республикасы, 720040, Бишкек ш., Тыныстанов көч., 257, 220-кабинет Телефону: 0 (312) 62 15 19.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер