ГҮЛМИРА КУДАЙБЕРДИЕВА: ЖАҢЫ ЖЫЛДА ЭЛИБИЗДЕ ЫНТЫМАК, ЖЕРИБИЗДЕ ТЫНЧТЫК БОЛСУН!

  • 31.12.2018
  • 0

Гүлмира Кудайбердиева, КР Билим берүү жана илим министри 

 

     ГҮЛМИРА КУДАЙБЕРДИЕВА: ЖАҢЫ ЖЫЛДА ЭЛИБИЗДЕ ЫНТЫМАК, ЖЕРИБИЗДЕ ТЫНЧТЫК БОЛСУН!

 

Урматтуу кесиптештер,

Бардыгыңыздарды жаркырап келе жаткан 2019-Жаңы жылыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайм!

Биз бул майрамды дайыма жаркын сезимдер жана жакшы үмүттөр менен тосуп алабыз. Анткени ал жаңылануунун символу болуп, келечек пландарыбыз менен коштолот.

Адатта жаңы жыл алдында узап бараткан жылдын жыйынтыгын чыгарып, алдыга максаттарды белгилейбиз. 2018-жылыбыз билим берүү  тармагына оңой жылдардан болгон жок, бирок көптөгөн пландарыбыз ишке ашып, натыйжалуу болду.

Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан  билим берүү системасынын өнүгүүсү үчүн олуттуу эл аралык иш чаралар өткөрүлдү — бул Көз карандысыз мамлекеттер Шериктештигинин катышуучу — мамлекеттердин мугалимдеринин жана билим берүү кызматкерлеринин V Съезди жана III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагындагы 61-Эл аралык алтаистикалык конференциясы.

Ошондой эле 2018-жылы азыркы учурдун талабы болгон  билим берүү системасын санариптештирүү багытында бир катар маанилүү иштер  жасалды: Билим берүүнү башкаруунун маалыматтык жана бала-бакчаларга электрондук каттоо системалары толук ишке киргизилди, республика боюнча бардык мектептерди Интернет тармагына туташтыруу жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү автоматташтыруу боюнча   иштер жасалууда, региондорду өнүктүрүү максатын көздөгөн 60 мектептин базасында заманбап инновациялык мектептер түзүлүүдө.

Сөзсүз, бул кадамдар билим берүү системасынын ар бир баскычын өркүндөтүүгө шарт түзүп, келечекте мамлекетибизди чыңдоого жөндөмдүү, ар тараптуу өнүккөн кесипкөй адистерди даярдоодо оң таасирин тийгизет.

Алдыга коюлган пландарыбыз келерки жылы да орундаларына ишенемин, анткени сиздер, урматтуу билим берүү системасынын кызматкерлери — мугалимдер, тарбиячылар, окутуучулар, күнүмдүк талыкпас эмгегиңиздер менен Кыргызстандын билим берүү системасына өз салымыңыздарды кошуп жатасыздар. Өзгөчө билим берүү системасынын ардагерлеринин системага сиңирген көп жылдык эмгегин белгилеп кетким келет. Мен баарыңыздарга чын жүрөктөн биздин өлкөбүз  үчүн жасалган өтө маанилүү жана  керектүү ишиңиздерге терең ыраазычылык билдиремин.

Жаңы жылда сиздерге чың ден соолук, узун өмүр жана бакыт-таалай каалайм. Бардык жакшы ой-максаттарыңыздар ишке ашсын! 2019-жаңы жылыбыз жакшылыктардын, ийгиликтердин жана кубанычтардын жылы болуп, элибизде ынтымак, жерибизде тынчтык жана бакубатчылык орнолсун. Биримдигибиз бекемделип, мамлекетибиз алдыга өнүгө берсин.

Жаңы жылыңыздар менен, ардактуу замандаштар!

Бөлүшүү

Комментарийлер