УИА КЫЗМАТТАШ ЖУРНАЛИСТТЕРГЕ ЫРААЗЫЛЫК БИЛДИРДИ

  • 19.11.2018
  • 0

19-ноябрда КР УИАнын президенти Мурат Джуматаев КР УИАнын 75 жылдыгына жана Илим күнүнө карата Улуттук илимдер академиясы менен тыгыз кызматташып, окумуштуулардын алгылыктуу илимий эмгектери, өрнөктүү өмүрү тууралуу маалыматтарды коомчулукка жеткирип, албан эмгек жасоо менен илимди даңазалоого салымын кошкон журналисттерди кабыл алды.

Академик М.С. Джуматаев УИАнын жасаган иштерин, илимдин жетишкендиктерин, ийгиликтерин бөлүшүп, тыгыз кызматташып, академия тууралуу маалыматтарды коомчулукка жеткирип жаткандыктары    үчүн журналисттерге ыраазычылыгын билдирип, иштерине ийгиликтерди каалады.

Ошондой эле жолугушууда бүгүнкү күндөгү илимди пропагандалоо, андагы заманбап өзгөчөлүктөрү, жаштарды илимге тартуу, илимдин жана илимди жайылтуудагы журналистиканын проблемалары талкууланды.

“Кут Билим” коомдук-педагогикалык жана илимий-популярдуу гезитинин башкы редактору Кубатбек Чекиров УИАнын журналисттер менен болгон кызматташтыгын жакшы деңгээлге көтөрүп,  Академиянын журналист досторунун клубун түзүү жөнүндө сунушун айтты.

Ал эми “Билим АКИpress” сайтынын редактору Асель Амангелдиевна Омуракунова  маалыматтарды  жайылтууда социалдык тармактар аркылуу кыскача кылып таркатуу жакшы ийгиликтерге жеткирээрин, мында жаштар тезирээк тартылаарын кошумчалады.

“ЭлТР” телеканалынын “Илим изинде” телеберүүсүнүн редактору Т.К.Матисакова УИА менен үч жылдан бери тыгыз иштешип келе жатканын, мындан нары дагы илимди чагылдыруунун заманбап ыкмаларын пайдалануу керектигин, аны үчүн окумуштуулар дагы кызыкдар экендигин билдирди.

 

УИА КЫЗМАТТАШ ЖУРНАЛИСТТЕРГЕ ЫРААЗЫЛЫК БИЛДИРДИ

УИА КЫЗМАТТАШ ЖУРНАЛИСТТЕРГЕ ЫРААЗЫЛЫК БИЛДИРДИ

УИА КЫЗМАТТАШ ЖУРНАЛИСТТЕРГЕ ЫРААЗЫЛЫК БИЛДИРДИ

УИА КЫЗМАТТАШ ЖУРНАЛИСТТЕРГЕ ЫРААЗЫЛЫК БИЛДИРДИ

КР УИАнын Ардак грамотасы менен сыйлангандар:

  • Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын “Ала-Тоо” маалымат дирекциясынын продюсери Мирбек Асантурович Молдакунов;
  •  “ЭлТР”  Мамлекеттик телерадиоберүү корпорациясынын журналисти Токтобүбү Каримовна Матисакова;
  •   “Кыргыз Туусу” республикалык гезитинин редакторунун орун басары Мырзакат Бешкемпирович Тыналиев;
  •  “Вечерний Бишкек”  гезитинин журналисти Александр Леонидович Тузов;
  •   “Слово Кыргызстана” гезитинин редактору Кифаят Балакардашевна Аскерова;
  • “Билим АКИpress” сайтынын редактору Асель Амангелдиевна Омуракунова;
  •  “Биринчи Радиосунун” журналисти Назира Кеңешбековна Молдокулова;
  •  “Кутбилим” коомдук — педагогикалык жана илимий — популярдуу гезитинин башкы редактору Кубатбек Асангазиевич Чекиров;
  • “Эркин Тоо” гезитинин баш редактору Дыйканбек Качкынбаевич Керимбаев;
  •  “СТВ” каналынын жетекчиси Калыбек Рысбекович Тайтекеев.

 

УИАнын Эл аралык кызматташуу жана коомчулук менен байланыш бөлүмү

Бөлүшүү

Комментарийлер