КЫТАЙДАГЫ КЫРГЫЗ АШУУ

  • 03.05.2018
  • 0

«Айгине» маданий-изилдөө борбору 1916-жылдагы көтөрүлүшкө жаңыча көз карашты жайылтуу жана аны менен алмашуу максатында Борбордук Азиядагы академиялык коомчулуктун башын бириктирип, этникалык жана саясий көрүнүктүү сезимтал темалардын үстүндө изилдөө долбоорун мындан эки ай мурда баштаган. Сынактын негизинде 16 изилдөөчү тандалып алынган эле. Окумуштуулардын пикиринде, бул изилдөө мектепте жана жогорку окуу жайлардын 1-курсунда тарых сабагын окутууда абдан маанилүү экенин белгилешет. Бул жолку саныбызда И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин алдындагы М. Рахимова атындагы Квалификацияны жогорулатуу жана кадрларды кайра даярдоо институтунун доценти, т.и.к. Гүлзада Абдалиева «Кыргыздардын Синьцзянга эмиграцияланышы. Үркүн (1916-1934-жж.)» аттуу теманын үстүндө иштеп жаткан иликтөөсү тууралуу айтып берди.

КЫТАЙДАГЫ КЫРГЫЗ АШУУ

— Менин илимий жетекчим Пристон университетинин антропология жана славян тилдери жана адабияты кафедрасынын профессору Сергей Ушакин. Негизинен изилдөө архивдик материалдарга жана Кытай Эл Республикасынан жыйналган материалдар менен тастыкталмакчы.

Кытайлык кыргыздарда Үркүндү улуу качкын (1916-жылдагы үркүн), орто качкын (1920-1930-жылдары совет бийлигине каршы  турган, «басмачылык кыймылдын» катышуучулары) жана кичи качкын (1930-1932-жылдардагы коллективдештирүү  жана айыл-кыштактарда тап душмандарды жоюу, аларды кулакка тартуу мезгилине туура келген) деп шарттуу түрдө бөлүп баяндашкан. Үркүндү карыялар чоң качкындабы же кичи качкындабы дешип, окуянын жылын тастыкташкан.

КЫТАЙДАГЫ КЫРГЫЗ АШУУ

Кытайдагы Иле-Казак автономиялык областына караштуу Кытайдагы Моңгул-Күрө ооданында жашап жаткан 59 жаштагы, Арык уруусунун Сарык уругунан Бейше Мамынын эскерүүлөрүнө таянсак: «Моңгул-Күрө ооданында 1916-жылы болуп өткөн окуялар боюнча ушул күнгө чейин сакталып келген, Кыргыз ашуусу деп аталган жер бар. Ал жерди дагы «кыргыз кырылган жер» деп аташат. Себеби Үркүндө кыргыз бул тарапка качып, ашуу ашып келгенде, артынан орус, бери жагынан кытай келип кырган экен. Артынан келген орустар бул жактан монгул, калмактар качып келе жаткан элди ашууда камап кырышкан. Ошондо кырылган элден казандар, самоор, тулгалардын калдыгы Кыргыз ашуусунда азыр да бар. Биз малчы болуп, мал менен жайлоого чыкканыбызда, Кыргыз ашуусу деп аталган жерден ат менен гана өтө ала тургандай жол бар, ошол жолдон өткөнүбүздө кишинин сөөктөрү, калган буюм-тайымдары бүгүнкү күнгө чейин жатат. Чогулуп куран окутуп, сөөктөрдү жерге бергенбиз, бирок, киши сөөктөрү бут баса алгыс болгондуктан баарын жерге берүү мүмкүн эмес, таш ортосунда калып, карагай арасында калып калган киши сөөктөрү али күнгө чейин сакталган», — деп маалымдайт Бейше Мамы.

Аталган илимий изилдөөнүн негизги максаты — жогорку окуу жайларында жана орто мектептердеги окуу куралдарында 1916-жылдагы көтөрүлүштүн негизинде бир ууч кыргыздар Мекенинен ажырап, бөтөн жер, бөтөн элде түбөлүккө кала беришкен журтташтарыбыздын тарыхын жана жалпы абалын чагылдыруу. Ошондой эле, 1916-1934-жылдардагы  Кытайга эмиграцияланган кыргыздардын тобу Кытайдын кайсы аймактарына жайгаша алышты? — деген соболго жооп бермекчи, — дейт изилдөөчү.

Гүлнара Алыбаева, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер