МУГАЛИМДИК КЕСИПТЕН БААР ТАПКАН УЛАН

  • 27.11.2017
  • 0

Редакциядан: Ноокен районунун №35 Ш.Сүйөркулов атындагы орто мектептин директору Уланбек Уметовдун билим берүү тармагындагы жетишкен ийгиликтери бааланып, билим берүү кызматкерлеринин профсоюзунун облустук комитети тарабынан Египетке 10 күнгө эс алууга жолдомо алган. Ал күзгү эс алуусундагы сезимдерин биздин редакцияга жазып жиберген. Анда сөз башынан болсун.

Мугалимдик кесипти тандаганыма апам жана мени окуткан мугалимдердин таасири чоң. Анткени апам 46 жыл мектепте мугалим катары эмгектенген. Менин мугалимдик кесибим 2008-жылы №4 Жаңы-Турмуш (азыркы А.Сатаров) атындагы орто мектебинде башталып, кийин №35 Ш.Сүйөркулов атындагы орто мектебине химия мугалими катары которулдум. Ал жерде бир топ тажрыйба топтоп, окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басары кызматын аркаладым. Андан соң Ноокен райондук билим берүү бөлүмүндө жетектөөчү адис кызматында эмгектендим. 2014-жылдан бүгүнкү күнгө чейин №35 Ш.Сүйөркулов атындагы орто мектепте директордук кызматты аркалап келе жатамын.

Мен үчүн аз гана убакыт болсо да, бир топ ийгиликтерди жаратып, жетекчилик тапшырган кызматтарда өз аракетим жана ак дилим менен кызмат кылып, мага болгон ишеничин актап, келечек ээлери болгон жаш муундарга билим-тарбия берип, аз да болсо Мекениме өз салымымды кошуп жатсам керек деп ойлоймун.

Мугалимдик кесипти аркалап, ийгиликтерге жетишип, кароо-сынактарга катышып, байгелүү орундарды камсыз кылып, профсоюз тарабынан бир канча жерлерде эс алып келдим. “2011-жылдын мыкты уюштуруучусу” кароо-сынагынан 2-орунду ээлеп, Ноокаттагы “Абшыр-Ата” эс алуу жайында, “2013-жылдын мыкты предметтик каанасы” кароо-сынагында байгелүү орунду ээлеп, “Сахаба” эс алуу жайында, “2012-жылы жана 2017-жылдын мыкты мугалими” кароо-сынагына катышып, баш байгени алгандыгым  үчүн профсоюздун Ноокен райондук комитети тарабынан Ысык-Көлдө эки жолу эс алууга барып, аталган конкурстун облустук турунда баш байгеге ээ болуп, профсоюздун облустук комитети тарабынан Египетке он күнгө күнгө эс алууга жолдомо алдым. Буларды айтып жатканымдын себеби: аткарылган мыкты эмгектер эч качан жерде калбай, профсоюз тарабынан бааланганында. Эгерде эмгек бааланбаса алдыдагы максатыңа жетүү татаалдашып, ишке болгон кызыгууң да жоголоору белгилүү. Бирок билим берүү кызматкерлеринин профсоюзу ар бир аткарган иштериңди баалап, ар бирине өзгөчө көңүл бөлүп жатканы баарыбызга белгилүү. Бул деген мугалимдердин, өзгөчө жаш кадрлардын ишке болгон кызыгуусун арттыруу, алардын мотивациясынын, чыгармачылыгынын деңгээлин жогорулатуу башкы максаты.

Египеттеги сапарым жөнүндө айта турган болсом, Египет мамлекети Азия, Африка жана Европа материктеринин биригишкен жеринде. Бир убакта үч материкте болуу буйруп, көрүп келдим. Дүйнө кереметтерине кирген “Пирамидаларда”,  тарыхый музейлеринде, жана деңиз үстүндө саякаттап, Нил дарыясынын үстүндө круизде болдум. Кызыл деңиздин кумдуу жеринде сууга чумкуп, “Өлүк деңизге” түшүп, деңиз түбүндө дайвингде болуп кайттым. Менде болгон сезимдерди сөз менен айтып түгөтө албаймын. Эс алуудан энергия топтоп, жаңы дем, жаңы күч, жаңы идеялар менен кайттым. Дүйнө көз карашым кенейди. Мага окшогон мугалимдер да барып эс алып келүүсүн тилек кылдым.

Ал эми жогорудагы ийгиликтерге жетишүүмө өз насаатын айтып, жардамын аябаган, туура жол көрсөтүп, усулун үйрөткөн менин устат агай-эжелерим Жалал-Абад облустук билим берүү усулдук борборунун директору Токтосунов Акылбек Адешовичке, Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн кадрлар бөлүмүнүн башчысы Борбиева Гүлмира Солтоналыевнага, Жалал-Абад облустук усулдук борборунун методисти Ишатова Гүлнара эжекеге, Обкомдун укук жана эмгекти коргоочу инспектору Айдаров Абдурахим Чонахуновичке, Ноокен районундагы №35 Ш.Сүйөркулов атындагы орто мектебинин эмгек жамаатына жана албетте эң алгач ата-энеме, бир туугандарыма терең ыраазычылыктарымды билдиремин.

Ал эми кесиптештерге, мугалимдерге кайрылуум мыкты эмгектенип, ийгиликтерге жетишип, ак эмгегиңиздердин акыбети кайтсын демекчимин. Сиздер да сыйлыктарга, эс алууларга татып, эс алып келиңиздер!

Уланбек УМЕТОВ, Ноокен районуна караштуу  №35 Ш.Сүйөркулов атындагы орто мектебинин  директору, “Жыл мугалими” кароо-сынагынын облустук турунун эки жолку  жеңүүчүсү, “Билим берүү мыктысы” төш белгисинин ээси. 

Поделиться

Комментарии