МАҢКУРТЧУЛУКТУ ДАГЫ БИР ЖОЛУ ЭСКЕ САЛГАН РОМАН ЖЕ ЖЕТЕСИН УНУТКАН УРПАКТАРДЫН АЗАБЫ ЖАНА МУҢУ

  • 14.04.2017
  • 0

rbntg

Окурман журтуна мурда «Мисмилдирик», «Айта бар менин кебимди» аттуу салмактуу романдары менен белгилүү болгон жазуучу Арслан Койчиевдин «Бакшы менен Чыңгыз хан» аттуу дагы бир жаңы романы эл сынына коюлуп, сыясы кургай элек жатып, 2014-жылдын мыкты прозалык чыгармасы аталып, адабий «Арча» сыйлыгын алганга жетишкени убагында окурмандарга кабарланган эле. Автор мурда-кийин жалаң тарыхый материалдарды жазып, илимге, асыресе журналистикада да өз ишмердүүлүгүн көрстүп келе жатканы бизге белгилүү болчу. Эми ал кийинки беш-алты жылдын аралыгында көркөм чыгармага дит буруп, бул тармакта мыкты ийгиликтерди жарата баштаганы туурасында бир катар адабий сынчылар өз макалаларында баса белгилеп, жазып, айта башташты. Мага да бул китеп кызыгууну туудурду.

Азыр роман менен повесттин айрымасы билинбеген, көлөмдүү болсо эле башына роман деген жанрды кошо койгон «чалагайым адабий саркындылардын» катарында бул роман эмнеси менен айрымаланат болду экен деген ой да пайда боло калат экен. Албетте, адабиятта роман жанры оңой оокат эмес экендиги бештен белгилүү. Эске салсак, Ч.Айтматов роман жанрына өсүп жеткичекти ондогон повесттерди жазып, анан барып, романга тиш салганын билебиз. Демек романдын салмагы аңгемедей эмес. Бүгүнкү күндүн шартында роман жанрына тайманбай тиш салган Арслан Койчиев деле буга чейин чоң даярдыктардан өткөнүн анын жаңы чыгармасын окуп жатып байкадым. Негизи, Арслан өзү зилинде тарыхчы болгондуктан тарыхый окуялардын жилигин чагып, иргегенге уста экендиги анын баяндоо стилинен билинип турат. Ал тарыхый окуяларды ирилештирип, кайра майдалап, анын масштабдуулугун арттырганга, идеяны сюжет аркылуу чебер берүүгө, ага драматизмди кошууга, бере турган оюн каармандар аркылуу маңдайга чапкандай айта алганга шарт түзүү жагынан уста болуп калганы бул романда даана байкалып турат.

Эмне үчүн биз баарыбыз эле Чыңгыз ханга кайрыла беребиз? Биздин жазуучулар ал тургай Сталинге да көп кайрылат эмеспи. Себеби эмнеде? Мына биздин жаңы жазуучубуз Арслан да ошол Чыңгыз ханга кайрылып олтурат. Булар биздин тарыхтын жан этине сиңип калгандыктанбы же ал тараптан жаңы идеяларды алып чыгуу мүмкүнчүлүгү кызыкпы? Эмнеси болсо да автор роман аркылуу улуттун иденттүүлүгүн, намысын, касиет-кудуретинин ченемин, абийрин, жаңы толкунга туруштук бере албаган саткындыгын, өз жүзүн тез эле буруп, кечээки көөнө эстутумун, тарыхын тебелегенге даяр тукумдун кыял-жоруктарын көркөм чыгармада эң сонун куюлуштуруп бериптир.

Албетте, автордун романдагы айтайын деген идеясы жаңы деле эмес. Бул темада эчендеген шедеврлер бар. Бирок, кандай болгон күндө да, Арслан Койчиевдин бул идеясы бир караганда жаңы дээр элек. Бул эзелки ырдын жаңы кайрыктары десек болчудай. Мындай маңкурттуктун кесепеттерин жүз жылдан кийин да башкача жазышаар. Бул түбөлүктүү тема. Эзелки эки башка замандагы саясий оюндар, интригалар Арсландын да элегинен татыктуу өтүп жатышы мыйзам ченемдүү эле көрүнүш.

Улуттар өз тагдырын өз колдору менен талкалашат, кайра курушат, кайра куралбай калганы өкүнүч тартышат. Адамдар шумдук нерселерди ойлоп табышат. Бирок ошолордун туткуну өздөрү болуп калышат. Романда Чыңгыз хандын тукумун ичинен ириткен Теңиз-Бука ойлоп тапкан маңкурттун коогу эзелтен пайдаланылып келген ыкма. Адам аң-сезимин алаңгазар кылган, мээсин мал жайганга гана жарагыдай кылып кургатып, аңги-маңги кылган учур азыр да жүрүп жатпайбы.

Чыңгыз хандын түз тукуму Сайчы уулга Теңиз-Бука минтип кайрылып жатат романда:

«Коок каптайын деп жүрдүм эле башыңа. Коокту күмбөз бүткөндөн кийин кийесиң. Ага дейре башыңарга чактап, төөнүн терисинен кестирип коеюн. Кете бер» — дейт (366-б.).

Ошол эле Теңиз-Бука хандын тукумунун эң келесоосу Кара-Ногойду өздөрүнө хан шайлап, кайра эле ошол хан тукумун өзүнө душман кылып үйрүп, кырдырууну ойлоп олтурду. Бирок ал бир убакта башы кесилип, сыр найзанын башына сайылып каларын ойлогон жок. Арам иштин баары кудайга жакпайт. Бир кишиге эмес бүтүндөй улутка коога кийгизип, башка динге чокундуруп, Бактыгерей Избасаровдун жан дептерин чоң саясатка айландырган партиянын жасоолдорунун жоруктары, Чыңгыз хандын өз урпагы тегин түгөл унутуп, бийлик, мансаптын кулу болуп, кайра уңгусуна чабуул жасаган Абулай-Уховдун окуясы эмне деген сюжеттик жетишкендик! Аблеуховду хандын арбагы дайыма ээрчип, анын саткынчылыгына таң берип жүрүп олтурат. Аблеухов ата-жотосун таанып турса да башка динге чокунуп, жүгүнүп бербеске аргасы жок эле. Ата арбак ага күйүп-бышып, кайда намыс арың, түп бабаң деп зыркырайт. Мен силерди ушинтип жок болгула дедим беле дейт ал күйүп-бышып. Жетесиздикке өрттөнүп баратат ата арбак. «Кайрылып келем. Кайрылып келем дагы!» деп жүрөгүн түшүрүп турду, сууга чүмкүп жаткан урпагына кол кезеп. Ооба, ал айтканындай эле кайрылып келди. Бирок баары кеч эле. Ала жымшык көз ата арбакты такыр эле унутушуп, башка жээкке чыга качышкан болчу. Ошого карабай ата арбак урпактарынын көзүнө көрүнүп, таарынычын миң ирет айтып турду. Ата арбак урпактарына базарда отургандардан тартып бийликтин чокусуна жеткендерине чейин көрүнүп жүрүп олтурат. Бул мистика жазуучунун айта турган оюн андан да курчутуп, окуянын ички динамикасын күчөтөт.

«Ата жолун чанган күндөн шайтанга азгырылбадыңарбы өзүңөр, — деди бейтааныш.

Ким чанып жүрөт. Качан чанып жүрөт. Бирок жалдыраган Аблеухов бир каптап келген бул суроолорду ичинен кайрыганча жообун далил укту.

— Таш казандагы сууга чумкуп, чокунгандан тарта, — деди бейтааныш.

Дел оору тийгендей делдейген Аблеухов чакчелекей ой арасында: «Таш казан. Кайсы таш казан?» — деп күдүктөнгөнгө араң жарады» (290-бет).

Аблеухов менен хандын мистикалык диалогун караңыз. Урпагы улуттун келечегинен көрө партиядан жеме угуп каламбы, мансабымдан айрылып каламбы деп коркуп жатат. «Тоту куштай сайраган урпагын» ата арбак өзүн таанытууга аракет кылганы менен коок кийген урпагы кайра кайрылмак эмес. Ушул эки маслеттешүүдө чоң трагедия бар. Романдын басмайылы ушул жерде жатат. Басмайылы үзүлүп оогон муун оогон боюнча бузулган жолдо ураалап бара жатат. Өзүн жоготконуна ураалап, сүйүнүп чуркап бара жатат. Романдын байыркы менен бүгүнкүнүн ортосундагы кызыл сызык идеясы бири-бирин толуктап, паритет болуп берет.

 Романда жетесиздикти, ынтымак кетсе ырк кетээрин, алдыңдан бак тургай хан тактысы тоголоноорун, анан багың тайганда душмандын ылайын тебелеп күн көрөрүң турулуу иш экенин сюжеттик курамда таасирдүү берилген.

«Кетмен-күрөктү кере шилтеп жер чукуп, сапырып топурак казган кишиси жоочудан болот. Алыш жагып, көнөктөп суу ташыган кишиси Жоочудан болот. Бел курчоодон баткакка батып, билегин түрүнүп ылай ийлеген устасы Жоочудан болот». Мына Теңиз-Бука хандын тукумун Кузгун таңдан ишке салып, атасына күмбөз тургуздуруп, андан соң Чыңгыз хандын тукумун бүт кырганга камынып туру.

Мен романдын сюжеттик табылгаларына ыраазы болдум. Ата арбакты да кошо камайбыз деп чуу түшүргөн Хамид Хайруллаевдин образы ошол кездин өкүмдүгүн, кол жазма тургай ата арбакты да антисоветтик элемент деп бөрк ал десе баш алган жасоолдун образы китептеги кейипкердин жанында тургансып кишини кадимкидей иренжитет. Образ жеткиликтүү ачылганда окурманда дайыма ушундай таасир болот. Мисалы, Ч.Айтматовдун «Ак кеме» повестиндеги Орозкулдун образы далай окурмандардын кыжырын келтиргенин эстейличи. Арслан Койчиевдин каармандарын да китепке кире калып союл менен аларды башка чаап ийгидей таасирге өсүп жеткендиги романчынын башкы жеңиши дээр элем.

Ал эми Сайчы уул менен Чыңгыз хандын арбагынын бет келип сүйлөшкөн диалогу жүрөктү толкутат. Сайчы уул: «Ээ кагылайын ата-арбак, арбагың тирүү беле! Тирүү беле! — деп чебелектеп аттан ыргып түшөт жалынып. Романда «Ата-бабалардын тээ алмустактан акылга салып тегереткен тажырыйбасы ушундай: жылоолоп бир келген ата-арбак кечке турбас маңдайыңда шыкаалашып» дейт. Сайчы уул менен Чыңгыз атасынын бет келген диалогу улуу диалог. Өзүн жоготпоонун, өзүнөн хан чыгара албаган мажүрөө урпактарына кейип турганын, өзүн баалабай кургуйга кулап, душмандардын тебелендисинде калбай, жол табуунун удулу келип турганын зар какшаган Чыңгыз хандын арманы аттын башындай. Ал уруусундагы руху бийик, мыктысы — Сайчы уулга арманын айтып боздоп туру. Нарк насилин, хандык салабатын жоготпой акылын айтып, демөөр берип, бир чети заманасы куурулуп, айласын таппай туру. Бул аргасыздык идеясы. Бул дүйнөлөшүү агымындагы кара шамалдын белгиси. Биз ошол ылдамдыгы жарыктай тез кеткен шамалда тамырыбыз менен жулунуп кетпейбизби деген коркунуч каптаган диалог. Бул ыйман менен адептин, адамдык парасаттын, улуттук касиеттин, ишенимдин идеясы. Бул жоголбой сакталып калуунун жандалбасын көрсөткөн көркөм образ. Сайчы уулдар азыр бизде санааркап жүрөт. Ошол рухий лидер Сайчы уулдун образы азыркы чымын-куюн дүйнөлөшүүдөн кантип сакталып калабыз деп чыркырап жазып жаткан Арслан Койчиевдин ички риторикасы го деп баамдадым.

Романда көөнө тарых менен кечээги советтик мезгилдин алаңгазар, жоготмо саясатынын ортосундагы окуяны чагылдырып, ага мистикалык мүнөз кошуп, өткөн доордун закымын колго карматып жатканы менен, бүгүнкү күнгө суроо салып, аны андан ары актуалдаштырып турган чоң жандуу тарыхый полотно көзгө даана көрүнөт. Бул тарыхый коркунуч, жоготуу саясатынын тынып калбаганын романдын бүтүшүнөн да байкасак болот. Романдагы Хайруллаев, Аблеухов өңдүү желдеттер бөрк ал десе баш алганы туру. Адам рухун талкалоого шымаланып, дагы буйрук күтүп турган жасоолдордун дале күнү жүрүп турганы туурасында романчы астейдил айтып жатканын зирек окурман илгиртпей байкайт болуш керек. Ал эми ата арбакты, намысты бийик койгон Бактыгерей Избасаровдун жана анын аянычтуу тагдыры, Избасаровдун тукуму, көк дептердин окуясы, Тору айгырдын ортосундагы чатак, Избасарды жөн жерден он беш жылга кессе да башын жерге салбаган баатырдыгы, Чыңгыз хандын заманы тургай кечээги Совет өкмөтү түзүлүп жаткан кездеги чалагайым саясаттын кесепети жүрөктү тилип өтөт. «…Кечээ эле курсагы ашка тойбой, эзели бүтүн жилик колуна тийбеген кул-кутандын тилегенин кудай берип койгон заман башталып, ак жерден айыптуу болобуз деген ойдо жок болчу», — дейт (272-бет).

Чагымчыл, алаңгазар кишилердин айынан Избасарлар ак жеринен Сибирге айдалып, ал тургай атасы баскан азаптуу жолду баласы да баскан аянычтуу, кайрымсыз тагдыр Чыңгыз хандын заманында эмес, ошол Советтердин заманында да өкүм сүрүп турганын автор бизге романы аркылуу дагы бир эстетти. Тээ каар замандан бери келе жаткан бул жорук бирине-бири минишип, бирин бири коштоп келе жаткансыйт. Андан арылуунун жолу — акыйкаттык эмеспи. Акыйкаттыкты издеп, ата-бабалардын рухун аздектеген, чындыкты айткан, бирок ошонун азабын да тартып, көтөрө билген Бактыгерей Избасаровдун тукуму үзүлбөй, руху хандын арбагындай айланып өчпөй жашай беришин тилеп кетебиз. Романдагы арбак маселеси өзүнчө сөз. Буга чейин адабиятыбызда мынчалык ата арбактын касиетин бийиктеткен, ага жан салган сюжет жок болсо керек. Азыркы мистикага жакын окурманга бул майдай жагаар. Ата арбак мистикасы чыгармада күчтүү берилгенин да айта кетели.

Дегинкиси, мыкты жазуучунун эң ириде фантазиясы күчтүү болот дешет. Арслан Койчиевдин да жазуучулук дарамети ошол фантазиясында жатса керек. Автордун аталган романы жаңычылдыктын илебин берип турат. Баяндоо стилинин жатыктыгы анын эпикалык багытта мындан да чоң чыгармаларды береринен кабарлайт.

Ал эми жазуучу, тарыхчы окумуштуу Арслан Койчиевдин бул романы кыргыз адабиятындагы роман жанрында жазылган чыгармалардын олуттуу, мыкты тизмесине киреринде шек жок. Жазуучунун романдагы табылгалары адабий сынчылар тарабынан жогору бааланып жатканы бекеринен эмес. Автор романды миң толгонуп, жан этин эзип, жүрөгүн толкутуп, бар дараметин төгүп жазгандыктан «Бакшы менен Чыңгыз ханды» бир кайгырып, бир кубанып, миң толгонуп, санааркап, каармандар менен кошо аралашып окуйсуң. Чыныгы көркөм чыгарманын касиети ушунда эмеспи. Арслан Койчиевдин философиялык романын да окуп болгон соң, биртоп ойлорго жем ташталып, тарыхка бетме-бет келип, рухий жактан кадимкидей сергий түшөсүң.

 

Майрамбек Токторов, Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү, «Кутбилим»

Поделиться

Комментарии