ПЕДАГОГДУН СҮЙҮҮСҮ МЕНЕН БИЛГИЧТИГИ БАЛДАРДЫ ТАЛАНТТУУ КЫЛАТ

  • 13.01.2017
  • 0

al-tuy

55 жыл! Ар дайым “Юбилей” деген сѳз айтылганда, адатта оордук, татаалдык, чарчаӊкылык сезими келет. Бирок бул эпитеттердин баардыгы биздин юбилейге катыштыгы жок. Биздин педагогдор шайыр, ал эмес улуу муундагылар да чарчоону билишпейт. Албетте, 55 жыл, биз баскан жол даӊгыр, байсалдуу болгон жок. 2004-жылы академиянын жашоосунда маанилүү окуя болуп ѳттү: биздин мекеме “Алтын түйүн” Балдардын республикалык инженердик-техникалык академиясы статусун алды.  Биздин академия бүгүнкү күндѳ – бул 41 педагог 1348 тарбиялануучу. Бизде бири-бирине окшошпогон тарбиялануучулар сабак алышат: ар биринин мүнѳзү, ѳзүнүн темпераменти, ѳзгѳчѳ керектѳѳлѳрү жана мүмкүнчүлүктѳрү ар башка. Бирок, эӊ башкысы, бизди бириктиргени – бул, чыгармачылыкка, ойлоп табуучулукка, рационализацияга умтулуу.

БРИТА «Алтын түйүндѳ» кошумча билим берүүнүн ѳзгѳчѳ системасы ийгиликтүү иш алып барат. «Алтын түйүндѳ» билим берүүнүн ийкемдүү системасы: окуу программаларынын варианттуулугу, ыктыярдуулук, заманбап технологияда билим алып жаткандардын окуу процессинин демократиялуулугу. Кошумча билим берүү – бул окутуу менен тарбиянын  бирдиктүү, толук процесси. Ал эӊ башкысы, дайыма ѳзгѳрүлүп туруучу билим берүүнүн керектѳѳлѳрүн канааттандырууга арналат. Кошумча билим берүүнүн арты менен тѳмѳнкүдѳй милдеттерди чече алдык:

  • Ѳзүн-ѳзү аныктоо жана ѳзүн-ѳзү жолго коюу;
  • Окуучулардын жекелигин жана чыгармачылык потенциалын ѳнүктүрүү;
  • Жашоодо тандоону туура жасоо.

Биздин академияда компьютер, заманбап окуу материалдары, байланыштын электрондук каражаттары, ОТМ, ТРИЗ, ОКБ, электротехника жана радиотехника, авиамоделдѳѳ, «Топ жылдыз», «Кѳӊүлдүү математика», «Кызыктуу физика» клубдарынын иши, тил билүү ж.б. менен алектенишет.

Академияда жыл сайын жогорку кесипкѳй педагогдордун жетекчилиги менен тарбиялануучулар  тарабынан уюштурулуучу студиялардын, лабораториялардын, клубдардын чыгармачыл отчеттору, кароо-сынактар, фестивалдар, кѳргѳзмѳлѳр, конференциялар ѳткѳрүлүп келет.

БРИТА “Алтын түйүндүн” тарыхында кѳптѳгѳн ѳзгѳрүүлѳр болду, болгону ѳзгѳрбѳгѳн бир гана нерсе – балдарга жүрѳгүн бере турган адамдардын энтузиазм менен чыгармачылыгы калды.

Олуттуу күч-аракеттен жана жалындаган энтузиазмдан улам, 1984-жылдан бүгүнкү күнгѳ чейин бул мекемени Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнѳ эмгек сиӊирген кызматкери, КР билим берүүсүнүн отличниги Бапанова Жаркын Базановна жетектеп келет.

“Алтын түйүн” Балдардын республикалык инженердик-техникалык академиясы же жѳн гана «Биздин үй!» күн сайын ѳз эшигин жүздѳгѳн балдар-кыздарга ачат, ушул балдар дүйнѳнү ѳзгѳртүүгѳ умтулушат, ѳздѳрүн Ньютон же Циолковский катары сезүүгѳ умтулуп, астрономияда, робототехникада, программалоодо же авиамоделдѳѳ ж.б. күчтѳрүн сынашат.

Педагогдор алдында кийинкидей милдеттер турат: жүрѳгү менен берилип иштѳѳ, жан дүйнѳнүн кенендигин кѳрсѳтүү, балдарга болгон билимин берүү, заманбап сабактарга карата жигердүү мамилени табуу, устаттар акылмандыгы менен бүтүндѳй жан дүйнѳсүн ѳздѳрүнүн жылдызчаларына тартуулашат.

Калыптагыдай билим берүү процессин камсыздоо жана ѳтѳ кѳп массалык иш-чараларды ѳткѳрүүдѳ “Алтын түйүн” академиясынын кызматкерлеринин командасы кѳмѳк кѳрсѳтѳт.

Методист Руденко Любовь Степановна СССРдин жана КР билим берүүсүнүн эмгек сиӊирген кызматкери, СССРдин жана КР билим берүүсүнүн отличниги. Бѳлүмдүн башчылары дагы КР билим берүүсүнүн отличниктери, алар: Шумейко Александра Владимировна, Солтобаева Дильбара Шадыбековна, методисттер Асылалиева Айдай Айдаралиевна, Тойбаева Жазгул, Бычкова Вера Федоровна, түзүмдүк бѳлүмдѳрдүн башчылары КР билим берүүсүнүн отличниктери Азаров Кылыч, Комкова Маргарита Александровна, Жаринова Людмила Игнатьевналар ж.б.

Биздин «Алтын түйүн» академиябызда тарбиялануучулар принциптердин, формалардын, программалардын ар түрдүүлүгүнѳ, окутуунун ыкмалары менен технологияларына негизделген мобилдүү, ийгиликтүү,  заманбап билим алышат.

Бардык окуялар менен реформаларды башынан ѳткѳрүү менен, биздин академия ѳз жүзүн сактап кала алды. Борбор калаада жана бүтүндѳй республикада анын аброю бар. Биз эртеӊки күнгѳ оптимизм менен карайбыз. Биз ойлогондорубуз орундалып, үмүтүбүз ѳчпѳй, кыялдарыбыз орундалаарын билебиз.

15 жыл ѳтүп, кийинки юбилейибизди белгилѳѳгѳ чогулганда, акыркы он беш жылыбызды анализге алып, эмне ойлосок, эмне кааласак, жыйынтыгында жеттик деп дагы да айтабыз!

Кубанычбек Абылов, директордун окуу-тарбия иштери боюнча орун басары, Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн отличниги

Поделиться

Комментарии