ИШЕНИМ ИЛИМ МЕНЕН БЕКЕМДЕЛСЕ

  • 24.06.2016
  • 0

Дүйнөгө болгон илимий жана диний көз караштар улуттар, элдер жана жалпы коомчулук менен жанаша жашоо үчүн позитивдүү жагдайды жаратышы маанилүү жана азыркы мезгил талабы. Демократиялык коомдо эркин   ой жүгүртүүгө мүмкүнчүлүк  түзүлгөндүктөн кайчы пикирлер пайда болуп, коомдо аӊ-сезимдин көп кырдуу өнүгүшүнө шарттар түзүлдү. Туура, бирок кээ бир региондордо ал көз караштардын теӊ салмагы сакталбай, диний көз караштар таӊууланып, айрым учурда үстөмдүк кылуу менен  өкүм сүрө баштаганын да (Борбордук Азияда) байкоого болот. Учурда ал коомчулук бул оорудан жапа чегип тургандыгын айгинелеп жатат. Ушул кыйынчылыктан жаштардын чыга албай жаткандыгы алардын билим деӊгээлинин чектелүү экенин далилдеп койду. Алардын коомдук кубулуштардын өнүгүү себептерин таанып, аны өз алдынча илимий көз менен анализдеп, тактоого кудуреттери жетпей жаткандыгы өкүнүчтүү. Ооба, алар асмандан түшүшкөн жок, алар биз окуткан мектептерди бүтүрүшкөн… Ал чындык, ушул убактагы мугалимдин, табият илимдеринин мектепте окутулушунун натыйжасын билдирет.

Динди бурмалагандардан сак бололу

Өткөн доордо илимий көз карашты диний ишенимдерге каршы коюу коммунисттик идеологиянын милдети болгон. Биз ал көз караштарды душмандыкка чакырган атеистти идеологиядан кайттык. Туура, а бирок диний көз караш менен илимий көз караштын ортосунда бири-бирине эриш-аркак болчу түз байланышты, кызматташтыкты түзө алдыкпы, албетте, жок. Ошондой болсо да бул багытта кыймылдын, алгачкы өнүгүүнүн башаты  бар. Бирок дагы эле проблемалар чечиле элек. Кийинки проблемабыз болуп түшүнүшүүгө жетишүү, анын формаларын, технологияларын изилдөөдө турат. Албетте, бул түшүнүшүү бир күндө ишке ашчу нерсе же кубулуш эмес. Ага карабастан адам болгондон кийин түшүнүшүүнүн прогрессивдүү жолун издөө, ага карай багыт алуу биздин милдет. Бирок биз туура жолдо баратабыз. Азыркы учурда дин маданияты менен илимдин ортосунда карама-каршы көз караштарды жаратуучулар же конфликттерге алып баруучулар жана мезгилдин күрөө тамырын, коомдун стратегиялык өнүгүү багыттарын түшүнбөгөндөр кездешүүдө. Эч кандай илимий негизи жок, сокур ишенүүдөн диний экстремисттик, террористтик терс окуялардын адамзатка бүлүк салып жатканын көрүп туруп, билмексен болууну да абийир кечирбейт деп ойлойм. Билмексен болуу дегенде диний көз карашка чабуул коюп каршылык көрсөтүү эмес, пикирлешүү, түшүнүшүү, кызматташуу эки көз караштардын тынчтыкта жанаша жашашы үчүн шарт түзүү, тил табышуу менен эки тарап теӊ адамзат кызыкчылыгы үчүн орток чечимге келүү. Коом, табият илимдери жана тажрыйбалар көрсөткөндөй ушул эки көз караштын жанаша жашоосун адамдар айлана-чөйрөгө сабырдуулук (толерантность) менен мамиле кылганда гана турмушка ашышы мүмкүн. Мындай ой менен мен Американы ачкан жокмун, бул ойду баарыбыз билебиз. А бирок кайдигерликтен бул проблеманы кимдир бирөөнүн ишке ашырышын каалап келебиз. Кеп ошондо. Эски замандан калган жакшы эмес адат биздин канга сиӊип калган. Мындан кутула албай жатабыз. Бул көйгөй биринчи кезекте мугалимге  (өзгөчө табият сабактарын окуткан) тиешелүү жана андан соӊ бу багытта коомчулуктун күнөөсү да жок эмес.

Алгачкы адамзат доорунда тарых көрсөткөндөй, дин маданияттарынын максаттары да адамзаттын башын кошуу болгону белгилүү. Ошондуктан азыр илимий билимди диний көз карашка карама-каршы койбостон көп кырдуу конструктивдүү пикирлерге, көз караштарга чакыруу менен позитивдүүөнүгүүгө умтулуу туура болор эле. Таалим-тарбиялоо процессинде конструктивдүү диалогдор менен далилдүү, аныкталган илимий чындыкка болгон багытты бек кармоо максатка ылайыктуу болор эле. Дин маданиятынын нравалык-этикалык эрежелери, улуттар ортосунда сый-урматты, мамлекеттер арасында ынтымак-ырашкерликти, кызматташууну пайда кылган жактарын баарыбыз кубаттайбыз жана колдошубуз керек деп эсептейм. Анткени дин маданияты табиятынан адамзатка каршы эмес, тескерисинче, анын кызыкчылыгы үчүн жаралган. Айрым адамдар диний окуулардын тереӊ мазмун-маӊызынан четтөө менен аны жеке, өздүк кызыкчылык үчүн пайдаланышып келишет. Азыр Жакынкы Чыгышта дал ушул арекеттер далилденип жатат. Мындан биз негизсиз эле диний көз карашты сындабай, динди бурмалаган адамдарды, уюштуруучуларды сындап, күнөөлөшүбүз керек. Ал эми кайсы бир диний экстремисттик агымдардын кудайдын атын булгаган тескери жоруктары, эл аралык касташууга, улуттарды, элдерди бөлүп-жарууга багытталган, адамзат тагдыры менен ойногон “ислам динчилдерин” (ИГИЛ) эмне үчүн сындоого болбосун. Турмуштагы оӊ, терс окуяларды, коомдогу кубулуштардагы акты ак, караны кара деп айтуудан чындык бузулбайт.

“Ысык сүткө оозу күйгөн, айранды үйлөп ичет” болуп, дин жөнүндө пикир айтсам атеист аталып балээге калам деген стереотиптик коргонуу инстинкти мугалимдин жүрөгүнөн дагы эле кете элек (өткөн кылымдын отузунчу жылдарындагы репрессия). Дин маданиятынын жана илимдин адамзатка тийгизип жаткан оӊ жактарын жана кемчилдиктерин айтуу биздин акыйкат, калыстыгыбыз. Жетишкендиктерди, кемчилдиктерди белгилеп, аны сын көз менен карап, адамзат коомун андан ары карай өнүктүрүшүбүз керек. Илим жана техниканы, дин маданиятын  адамдар өнүктүрүшөт, алар дайыма эволюциялык өнүгүү жолунда, ал каткан таш эмес (догма). Ал жандуу кыймылды адамзат Аалам пайдасына чечүү адамдардын ыйык милдети деп түшүнүүбүз кажет. Ошол эле учурда дин маданиятынын жана илимий көз караштардын коомдун өнүгүшүнө, адамзаттын жанаша жашоосуна залалы тийбеши керек. Дин маданиятынын классикалык стратегиясын бузбай, андан алыстабай жашообуз маанилүү. Кылымдардан бери келе жаткан диний ишеним адамзаттын рух маданияты.  Тарыхый маалыматтарга караганда дин маданияты жаралганда эле адамдардын башын бириктирүүгө, туура башкарууга умтулган, ички маданият, жанаша жашоо, карым-катыш эрежелерин  камтыган өзүнчө бир конституция болгон эмеспи. Адамдар милдеттүү түрдө бир нерсеге ишенип, таянып жашашы керек, ал адамдардын ички руханий керектөөсү. Ал динби же башка идеологиябы иши кылып рух дүйнөсүнүн талабы. Кайсы жерде дин ишеними, маданияты четтетилсе, анын ордун башка бир нерсе ээлеп алат. Мисалы, социалисттик коом убагында ал бош орунду коммунисттик идеология ээлеп алган. Бирок ал орун алмашуу толук кандуу жакшылыктуу жыйынтык бере алган жок.

Эмне үчүн жаштар диний агымды ээрчип кетип жатышат?

Дин маданиятын жеке адамдар бийлик, байлык, атак-даӊк үчүн пайдалана баштагандыктан, азыр да ар кандай диний агымдар пайда болуп жатат. Аларга: тилекке каршы айрым фундаменталдуу илимий түшүнүктөрү чектелүү жаштар жетеленип кетүүдө. Буга ким күнөөлүү? Ооба, күнөөлүү деп конкреттүү бир адамды кармоого мүмкүн эмес. Андыктан ага эч ким жооп бербейт. Азырынча ага жоопкерчилик жок. Муну кимдир бирөөлөргө ыйгармайынча ушундай башаламандык өкүм сүрө бериши мүмкүн. Бул проблеманы чечүүнүн башаты мектепте, дагы тактап айтканда, табият илимдерин окутуп жаткан мугалимдерде, класс жетекчилерде, коомчулукта… дагы улай берсек уландысы көп.

Мындан эмне үчүн жаштар диний агымдарды ээрчип кетишет деген суроо да пайда болот. Анткени жаштардын фундаменталдуу илимий билими болбогондуктан, туруктуу турмуштук позициясы жок, бул — биринчиден. Экинчиси, жаштар бат эле бакубат-бардар жашагылары келет, үчүнчүдөн, жумуш орундарын өздөрү түзүшө алышпайт. Ошол эле учурда коомдогу социалдык–экономикалык кризистин да тиешеси бар. Жакырларды, кесиби жокторду же өз жөндөмүн аныктап билбегендерди, өзүнө ишенбегендерди, табиятынан жетеге көнгөндөрдү, социалдык ар кандай депрессиялык абалдарда калган жаштарды үндөөдө (даваат), материалдык кызыктыруулар аргасыз ээрчитип жатат.

Эми XXI кылымда адамдар курал көтөрүп, бири-бирине душман болуп адамдарды кырып жок кылуу керекпи? Канча адамдар октон учуп жатат. Коомдо башаламандык, мамлекеттер аралык тирешүү, социалдык–экономикалык кризис, миграция ж.б. негативдүү болгон коомдук кубулуштар чыгууда. Бул окуялардын баары динге жамынуу менен дүйнөгөүстөмдүк кылуу, керек болсо диний Ислам мамлекетине айландыруу, жер шарын менчиктөө. Бул чоӊ катачылыктын башкы себеби баягы эле табигый предметтерди окутууда дүйнөгө болгон илимий көз карашты калыптандыруу жана өнүктүрүү маселесине маани берилбегендик деп эсептөөгө болот. Биз, мугалимдер, стереотиптик көз караштан али чыга элекпиз, дагы эле жогорку бийликтен көп кырдуу кайчы пикирлерди талдоо, илимий көз караштарды өнүктүрүү боюнча өз алдыбызча чыгармачылык менен иштебестен жогору жактан көрсөтмөлөрдү  күтүп жатабыз.

Бул диний фанатизмге жаштардын кирип жатышы агартуу кызматкерлерин, мугалимдерди эки эсе ойлондурушу керек деп түшүнөм. Бүгүн мектепте табият предметтерин окутууда дүйнөгө болгон илимий көз караштарды калыптандыруу жана өнүктүрүүөз деӊгээлинде эмес экендигин турмуш айгинеледи. Ошол физика жана табигый предметтерди окутуп жаткан мугалимдер окуучулардын илимий көз караштарын калыптандыруу жана өнүктүрүү багытында татыктуу, мезгилге шайкеш окутуу-тарбиялоо процессин жүргүзө албай жаткандыгыбызды Чыгыш Азияда болуп жаткан негативдүү тарыхый окуялар далилдеп жатат. Улуу муундун өкүлдөрү, агартуу кызматкерлери, жалпы эле коомчулук иш өткөн соӊ “балтабызды ушинтип ташка чабабыз”. Бирок азыр да кеч эмес. Проблеманын учурда актуалдуулугун түшүнүп эле койбостон, коомчулук, агартуу тармагынын кызматкерлери колдон келген салымды кошушат деп ишенем. Албетте, жаштарга жол көрсөтүү жалпы коомчулуктун адамдык сапатынын бир бийик даражасын көрсөтөт.

Менин пикиримде: сабакта, тарбиялык сааттарда жөнөкөй эле табият кубулуштарынын жана табигый процесстердин келип чыгышын, өзгөрүшүн, айлануу себептерин илимий негиздеп, далилдүү тажрыйбалардын жардамы менен салыштырып түшүндүрүү жетишпей жатканын турмуш тастыктап жатат. Бул ой-пикир менен диний көз карашка илимий көз карашты каршы коюу эмес, табият кубулуштарынын ички сырынын чечилишин далилдөө менен окуучуларды чыныгы илимий негизи бар түшүнүккө, көз карашка ээ кылуу. Физика предметинин үч негизги милдети бар, ал: илимий фундаменталдык билим берүү, илимий көз карашты калыптандыруу, физиканын прикладдык маанисин ачып окутуу. Ушул максат-милдеттер таалим-тарбия процессинде эске алынса, дүйнөдө бейкапар адамдар жашашса дегеним…

Дүйшөн Султанкулов

КББАнын окутуучусу.

Поделиться

Комментарии