«КУТБИЛИМДИН» ТАЛАНТТУУ, ЗИРЕК КЫЗЫ

  • 01.04.2016
  • 0

«Кутбилим» гезитинде чейрек кылым иштеп келаткан бөлүм редактор Айнагүл Кашыбаева 50 жашка чыкты.

Айнагүл Кашыбаева 1966-жылы 28-мартта Кемин районундагы Алмалуу айылында жарык дүйнөгө келген. Орто мектепти бүткөн соӊ, Фрунзедеги Кыргыз мамлекеттик университетинин журналистика факультетине тапшырган. Аталган окуу жайын 1991-жылы аяктап, «Мугалимдер газетасына» ишке кирген. Ошондон бери чейрек кылым убакыт ушул гезитте үзүрлүү эмгектенип келүүдө. Айнагүл кесиптик чыгармачылыктары, жетишкендиктери үчүн «Эл агартуунун отличниги» төш белгиси менен жана бир катар министрликтердин, мекеме уюмдардын ардак грамоталары менен сыйланган. Ошондой эле «Бетме-бет» жана «Чүй баяны» гезиттеринин редакцияларында дагы айрым бир убакыт иштеп, элге-журтка таанылды. Кесиптештери Айнагүлдү дасыккан тажрыйбалуу журналист жана интеллектуалдык чыгармачылык потенциалы жогору инсан катары урматтап сыйлашат. Өзү кыйынчылыкка көтөрүмдүү, арам иштерге келишкис мамиледе, чындык үчүн күйүп-бышып күрөшкөнгө даяр, ак көӊүл, бирок турмуштук олуттуу маселелерге келгенде өтө принципиалдуу айым. Учурда алмончоктой уулун алпештеп өстүрүп, энелик ак милдетин абийирдүү аткарып келет.

«Кутбилим» газетасынын редакциясындагы кесиптештери Айнагүлдү мааракеси менен ак дилибизден куттуктайбыз жана бекем ден соолук, бакубат жашоо менен чыгармачылык зор жетишкендиктерди каалайбыз. Калкына кажыбаган кайрат менен кызматыӊды өтөп, зоболоӊ көтөрүлүп, ак эмгегиӊдин акыбетин көрүп, эл-журтуӊдун алкышын ала беришиӊе чын жүрөктөн тилектешпиз.

«Кутбилим» газетасынын эмгек жамааты

          Арыбаӊыз, Айнаш эже!

 Кутбилимдин бир жүзү, калемгердин үлгүсү,

Кадыр-барктуу эжебиз, бул саптардын түрткүсү.

Көлдөй кенен, билими тереӊ, сөзгө чебер,

Кыялкеч айым, бир жандыкка жаман дебер,

Колунда болсо аянбай баарын берер.

Көӊүлүндө кири жок, жүрөгү таза ар дайым,

Кашыбаева Айнагүл, тартпаӊыз сиз убайым.

Күүлүү-күчтүү 50 жаш, кирип келди ашыгып,

Кучагыӊыз жайдыӊыз, сүйүнүп да, жашынып.

Көкүрөккө сактабай, жакшы сөзүн аянбай,

Курбулар бар, жамаат бар, куттуктоочу шашылып.

Курагыӊыз кут болсун, өзүӊүзгө күч толсун,

Кайгы билбей, оорубай, бактылуу өмүр сүрүӊүз,

Керемет күндөр алдыда — билекти бекем түрүӊүз.

Кубантып күндө уулуӊуз, ийгилиги көп болсун,

Күн нурундай жаркырап, үйүӊүзгө кут толсун.

Калемиӊиз үзүлбөй, сыйлыктарга татыӊыз,

Кесиптештер ардактап, кубанычка батыӊыз.

Калкка жетип атыӊыз, көтөрүлсүн баркыӊыз,

Каалоо-тилек ишке ашып, чекеӊиз дайым тердесин,

Кокустан келип кайгырткан, жамандык сизге келбесин!

Рита ТЫНАЕВА,

курбулаш кесиптешиӊиз.

Поделиться

Комментарии