“МЕКТЕП ҮЙ-БҮЛӨДӨН БАШТАЛАТ”

  • 04.03.2016
  • 0

Бишкектеги №78 мектеп-гимназиянын окуу-тарбия иштери боюнча директорунун орун басары

Чынара Курманалиева:

 8-март жаз майрамынын алдында 35 жылдан бери бөбөктөр дүйнөсүнө сүӊгүп, алар менен кошо күлүп, сүймөнчүлүгүнө айланган Эл агартуунун мыктысы, №78 мектеп-гимназиясынын окуу–тарбия иштери боюнча директорунун орун басары, орус тили жана адабияты мугалими  Курманалиева Чынара  Сагынбековнаны  кепке тарттык.

— Адам болуп калыптаныш үчүн жеке мугалимдин эле эмес, ата-эненин берген  тарбиясынын салымы да чоӊ эмеспи. Ошондуктан,  Чынара эже, алгач үй-бүлөӊүз жөнүндө айта кетсеӊиз.

— Ооба, чындыгында алгачкы мектеп үй-бүлөдөн башталат эмеспи. Ыраматылык ата-энемдин уюткулуу сөздөрү кулагыма сиӊип калгансып, азыркы күнгө чейин оюмдан кетпейт. Ал кишилердин көрөӊгөлүү акылдары, нускалуу насааттары менен өсүп чоӊойдум. Мугалимдик кесипти тандап алганыма  да ал адамдар себепкер.  Сегиз бир туугандын экинчисимин. Бир туугандарым баары өзүнчө түтүн булатышып, өз-өзүнчө шаар болуп, ар кайсы тармактардын ээси. Эки кыздын энесимин, атасы каза болуп калганына  13  жылдын жүзү болду. “Атасыз өскөн, жетесиз” дедирбейин деп ата ордуна ата болуп, сыртка чыгып эркектин ишин, үйгө кирип аялдын ишин жасап жүрүп кыздарымды эрезеге жеткирдим. Улуу кызым Мээрим “Таатан” соода-комплексинде сатуучу болуп эмгектенет. Экинчи кызым Жайнагүл турмушка чыгып, мени неберелүү (жээндүү) кылды. Небере жытын жыттап дем-күч алып жаткан мезгилим.

— Басып өткөн жолуӊузга көз жүгүртсөк, көптөгөн ийгиликтерди багындырып, алдыӊкы сыйлыктардын ээси болуптурсуз. Мыкты мугалим болуш үчүн кандай болуш керек деп ойлойсуз? Негизи эле сиз сабактарыӊызда кандай ыкмаларды колдоносуз?

— Коом өнүккөн сайын адамдардын заманга болгон көз карашы да өзгөрүп жатпайбы. Азыркы балдарды окутуп-тарбиялоодо өтө чоӊ жоопкерчилик жатат. Мурда мен окуумду аяктап, жаӊы мугалим болгон кезде балдар башка эле, азыр такыр башка балдар. Технологиянын өнүккөн доорунда балдарга мурдагыдай салттуу сабак берүү талапка жооп бербейт.  Коом өнүккөн сайын мугалим да кошо ар тараптуу изденип, ошол учурга, ошол талапка жооп бергидей болушу керек. Башкача айтканда, мугалим – компетенттүү болушу шарт. Анткени бүгүн мектеп кайра түзүлүү тагдырына туш келип олтурат. Мындай кырдаалда кол куушуруп олтуруп калбай, чыгармачылык менен изденип, улам жаӊы ыкмаларды үйрөнүп келем. Окуучулар менен иштөөдө “Сынчыл ойлом”,  “Инклюзивдик окутуу” программаларынын стратегияларын, оюн ыкмаларын иш тажрыйбамда үзүрлүү колдонуп  келе жатам. Дегеле, жогорку окуу жайдан  алган 5-6 жылдык билим менен эле чектелип калууга болбойт.

— Окутуп-тарбиялоодо жана агартуу тармагынын өркүндөтүү ишинде мугалимдерге өзгөчө милдет тагылган. Ошол жоопкерчиликти сиз жон териӊиз менен сезип жатасыз десем жаӊылышпайм го. Эгерде, Чынара эже, сизге кайра жаралуу мүмкүнчүлүгү берилсе кайсы кесипти тандайт элеӊиз?  

— Менден дүкөнчү чыкмак эмес, дароо эле төлөмөр болуп, чыгымдарымды жаба албай калмакмын деп кээде тамашалап калам. Мен өз кесибимди, окуучуларымды, кесиптештеримди жакшы көрөм. Кайра жаралсам деле эч ойлонбостон мугалимдик кесипти тандаар элем.

— Адамдар мугалимдерди коомдун түркүгү, жакшылыктын жарчысы катары таанышат эмеспи. Мугалимдер бардык учурда эле идеалдуу  болушабы же алардын арасында да өз ара келишпестиктер болобу?

 — Негизинен эле адам баласына эч нерсе жакпайт го. “Акырын бассаӊ аксак, катуу бассаӊ таскак”, деп коюшат го бизде. Директордун орун басары болгондуктан, албетте, келишпестиктер, түшүнбөстүктөр, көрө албастыктар менен эле катар мугалимдер арасында атаандаштыктар да кездешпей койбойт. Баарына түшүнүү менен мамиле кылып, ар кимдин көйгөйүн туура чечүүгө көмөктөшүп келем.

 — Сизди эмне кубандырат?

— 1986-жылы Бишкектеги (Фрунзе) педагогикалык институтунан орус тили жана адабияты адистигин аяктагам. Көлмө жаӊы конушуна №78 орто  мектеп ачылгандан бери үзүрлүү эмгектенип келатам. Мектебибиз гимназия  статусуна ээ болгонуна мына быйыл үчүнчү жылга карады. Мугалимдерди конкурстарга даярдоо, окуучуларды олимпиадага жана ЖРТга даярдоо да чоӊ эмгекти талап кылат. Эмгекти текке кетирбей байгелүү орундарды багынтса, жогорку көрсөткүчтөрдү көрсөтүшсө, эӊ башкысы — окуучуларым келечекте өз ордун таап, адам деген атка татыктуу болсо, бул менин жеӊишим дээр элем. Жалпысынан мектепке жасаган ар бир ишим, ар бир эмгегим мага  кубаныч тартуулайт.

— Бир келген ушул жарык дүйнөдөн негизи эле адам баласы армансыз өтпөйт экенбиз. Сиз эмнеге арман кыласыз?

— Бул дүйнөдөн ата-энемдин эрте көз жумганына кейип кетем. Менин балдарымдын ийгиликтерине кубанып, төрдүн көркү болуп, жакшылыктарында төрүнө олтура албай калышты. Ата-энеме эми гана сый көргөзүп, белек-бечкек бергенге жарап калган кезимде жанымда жок болгондугу – түгөнгүс, орду толгус арманым. Ар дайым С.Каримованын аткаруусундагы “Атама”, “Мен дүйнөнү апам менен тааныгам” аттуу ырларын укканда капа боломун.

— Чынар эже,  маегиӊизге ракмат. Сизди ата-энеӊиздин арбагы колдоп жүрсүн. Жаш жеткинчектерди билим көлүнө сугарып, жаӊы муундарды татыктуу тарбиялай бериӊиз. Алдыдагы 8-март жаз майрамыӊыз менен чын дилден куттуктап кетмекчибиз. Ишиӊиз ар дайым ийгиликтүү боло беришине тилектешпиз.

 Аӊгемелешкен:  Халида  Токоева

Поделиться

Комментарии