Кемин райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Зина АЛИЕВА: «ЭНЕНИН ҮЙДӨГҮ МИЛДЕТИН ЭЧ КИМ АЛМАШТЫРА АЛБАЙТ»

  • 04.03.2016
  • 0

 Билим берүү тармагынын түмөн түйшүгүн артынып, ысыгына күйүп, суугуна тоӊуп, атагын арттырып келаткандардын теӊинен көбү айымдар экени талашсыз. Республикадагы 70 миӊден ашуун мугалимдер армиясынын 90 пайыздан ашыгы аялзаты десек аша чапкандык болбос.

Жер энени жылытып, ааламга жылуу нурун чачып жаркырап кирип келген жаздын алгачкы күндөрүндө белгиленчү Аялдардын 8-март Эл аралык майрамынын алдында жаздай болуп айланага жылуулук менен жарыкты, мээрим менен аруулукту тартуулаган аялзатынын ичинен агартуучу айымдар тууралуу ак сөз айткыбыз келди. Биз сыймыктанган андай айымдардын бири — Кемин райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы, кыйла жылдан бери билим берүү майданында бел чечпей адал эмгек өтөп келаткан Зина Садыевна Алиева.

З

Зина Алиева өмүрлүк жолдошу Курманбек Токтоналиев менен бирге түтүн булатып келатышкандыгына быйыл 31 жылдын жүзү болду. Экөө эки уулуна билим, тарбия беришип, үйлөнтүп-жайлантышты. Анан да ата-эне үйгө бүлө болуп кирген келинибиз ыймандуу болсо, небере жыттап, үй ичи ырыскыга, балдардын күлкүсүнө толсо деп тилейт турбайбы. Бул жагынан Зина Садыевнанын көӊүлү ток. Келиндери ойдогудай, учурда кудалары менен ысык чай ичишип, майрамдарда, туулган күндөрдө дайым бирге. Балдарынын улуусу Эрнест жеке ишкер, юристтик кесиби бар келинчеги Махабат экөө эки кыздуу болушту. Экинчиси Бакыттын келечектеги кесиби – мамлекеттик башкаруучу. Анын жары Нурайымдын болочок кесиби – экономист. Экөөнүн бир уулу бар.

Бул үй-бүлө тууралуу кызыктуу бир жагдайды айтпай кетсек болбос, учурда Зина Алиева жетектеген Кемин райондук билим берүү бөлүмүн мурда анын жолдошу Курманбек Токтоналиевич жетектеген. Бир үй-бүлөдө билим берүү тармагын башкарган ушундай эки жетекчи болгону сейрек кездешсе керек, балким такыр эле жоктур. Зина Садыевна Курманбек агай азыр деле ага кеп-кеӊешин айтып, колдоп тураарын жашырбайт.

Экөөнү табыштырган да ушул мугалимдик кесип болду. 1977-жылы Каракол шаарындагы (мурдагы Пржевальск шаары) педагогикалык институтту аяктап, колуна дипломун алган жаш адис Ак-Суу районундагы өзүнүн туулуп-өскөн Кереге-Таш айылына мугалимдик кесиптин сырларын ачканы жөнөп калат.

— Атам кызматкер киши эле. Жумушуна байланыштуу Ошто, Нарында иштеп жүрүп, акырында Каракол шаарында отурукташып калганбыз. Мен бир жылдай мектепте мугалим болуп иштеп жүрдүм. Ал кезде жогорку окуу жайды аяктагандарды сөзсүз түрдө республиканын булуӊ-бурчуна бөлүштүрүп жиберчү эмес беле. Аӊгыча аскар тоодой атабыз каза болуп, энеме жакыныраак болоюн деп Кереге-Таш айылындагы Алышпаев атындагы мектепке завуч болуп которулдум. Агайыӊ ал жерде директор экен. Адегенде эле экөөбүздүн жылдызыбыз келишпей калды. Мүнөзүбүз, кыялыбыз, ишке мамилебиз да такыр эки башка. Мен өзүм орус тилчи болчумун. Орусча сүйлөйм, көз карашым да орусча дегендей. Ал эми бул киши көбүнчө кыргызчылыкка ыктайт, айылдын менталитетин мыкты билет. Дем алыш күндөрүүйгө келгенде апама арызданып эле жатып калчумун, директор аябай начар адам экен деп. Эки жылдай завуч болуп иштеп жүрүп, бара-бара тил табышып кеттик. Мектеп чоӊ, жумуш оор, бирок эмгек жамаатыбыз жакшы болчу. Ошол мектептен көптүүйрөндүм, көптү билдим.

1985-жылы экөөбүз баш кошуп Кеминге көчүп келдик. Агайыӊөзү шар жүргөн, ачык-айрым, чечкиндүү киши. Мен гороскоп боюнча тараза жылдызы болгондуктанбы, бир ишти чечээр алдында көп ойлонуп-толгоном. Ушул жагынан балким бири-бирибизди толуктап турсак керек деп ойлойм. Кудайга шүгүр, ошондон бери бирге түтүн булатып келатабыз, — дейт ал өткөн турмушун эске салып.

О

Окууну аяктагандан кийин бир жылдай катардагы мугалим болуп иштеп, андан кийин дароо эле уюштуруу завучу, окуу завучу, андан кийин директор, анан минтип райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы болуп жоопкерчиликтүү милдетти аркалап келаткан Зина Садыевна өзү да мугалимдин үй-бүлөсүндө тарбияланып өстү. Апасы Батыш кесиби боюнча башталгыч класстын мугалими болчу. Бирок үйдөгү сегиз баланы тарбиялап, кесиби боюнча иштеген жок.

— Атам юрист эле деп жатпаймынбы. Балким кесибинин таасириби, өтө сүрдүү киши болчу. өзүнүн ишине так, такыба адам эле. Башкаларга да ошондой талап койчу. Баарын өз учурунда аткаргыла, бүгүн бүтө турган ишти эртеӊкиге калтырбагыла дечү. Бизди үч айлык каникулда Кайырма-Арыкка, айылдагы чоӊ энебиздин колуна жиберчү. Бизди ошол энебиз тарбиялады десем да болот. Ошол жактан камыр жууруп, кир жууганды үйрөндүк. Ал кезде балабыз да, айылга баргандан качып турчубуз. Азыр ойлосом, атам эӊ туура кылган экен. Айылдын тарбиясын көрүп чоӊойгонубузга сүйүнөм. Чоӊ энебиз Айымбүбү Чолпонбаева согуш маалында колхоздун башкармасы болгон экен. Келбети азыр да көз алдымда турат, узун бойлуу, аябай сүрдүү, тартипти катуу талап кылган кыйын аял эле. Ал жагынан атам чоӊ энемди тартса керек деп ойлойм.

Атам канчалык иши көп болуп, колу бошобой жатса да биздин күндөлүгүбүздү текшергенге, мектептеги чогулушка катышууга убакыт тапчу. Апамдын мүнөзү, тескерисинче, өтө жумшак, тазалыкты аябай сүйгөн адам. Азыр анын жашы 90дон ашып калды. Былтыр биргелешип 90 жылдык мааракесин белгиледик. Илгерки кишилер сөөгү таза экендигине ынанып калам. Азыр да акылы тунук, дагы эле тазалыкты талап кылып турат. Бала тарбиянын биринчи кезекте үйдөн, ата-энеден алат экен. Эми ойлосом, биз үчүн ата-энебиз үлгү болуптур, — дейт ал.

«Адам таза, түз жүрүш керек» деген турмуштук кредону туу туткан жетекчи айым башкалар сыяктуу эле үйгө келгенде оболу кожойкелик, энелик милдетти биринчи орунга коерун айтат.

Үйдө кандай энесиз? — деген сурообузга Зина Садыевна төмөндөгүдөй ой бөлүштү:

— Эненин милдети көп. Жумуш деген жумуш менен, а бирок аялдын, эненин үйдөгү милдетин эч ким алмаштыра албайт экен. Баарын үлгүргөнгө аракеттенебиз.

Балдарыма ыраазымын, улууга урмат, кичүүгө ызаат көрсөткөн ыймандуу балдар болуп чоӊоюшту. Ушул кезге чейин алардын жүрүм-туруму тууралуу жаман сын сөз уккан жокпуз. Мен да, агайыӊ да балдар менен сырдашканга, кандай тема болбосун ачык сүйлөшкөнгө аракеттенебиз. Бала менен чынчыл, ачык, керек болсо дос мамиледе болгон жакшы. Аларды көп тыя берген да туура эмес, колдон келсе сырдашууга аракеттенгиле деп кеӊеш берер элем. Балдарыӊдын досторун жакындан билгениӊ да жакшы болот экен. Бул жагынан мага жеӊил болду, анткени эки баламдын досторунун баары өзүмдүн окуучуларым. Азыр да алардын келинчектери менен жакындан катышып турабыз.

Балдарыбыз мектепте окуп жүрүшкөндө «Менин балдарыма бааны адилет койгула» деп талап кылчумун. Аларды жалаӊ бешке окугула деп да айтчу эмесмин. Себеби бала баа үчүн эмес, бирдеме билиш үчүн окушу керек, эӊ негизгиси, теманы түшүнгөнү маанилүү, — деп энелик сырлары менен бөлүштү.

Зина Садыевна өзү кандай келин болгонун, азыр өзү кандай кайнене болуп жатканына да кызыктык:

— Раматылык кайненемдин мүнөзү жумшак болчу. Үй-бүлөдө жети келинбиз. Ортобузда ачык-айрым, сый мамиле түзүлгөнүнө кайненемдин салымы бар деп ойлойм. Анткени ал улуу-кичүүгө жаман айтпаган, сыпайы жан эле. Кайнатам болсо акылман, кеменгер адам болчу. Турмуштук ар кандай кырдаалдарда кеӊешкени түз эле кайнатама барчубуз. Жети келинине өз кызындай мамиле жасашчу.

Ал эми өзүмдүн эки келиним экөө теӊ аябай жакшы. Аларга талабым эле — тазалык, оокатка бүйрөлүгү. Улуу келиним Махабат тамак-ашка мыкты. Анын мүнөзү токтоо, оор басырыктуу, ал эми кичүүсүнүн мүнөзү ачык-айрым. Куда-кудагыйларыбыз менен ортодо ысык чайыбыз бар. Балдарды окутуп, үйлөнтүп-жайлантып, өзүнчө бөлүп койгонбуз.

өзүӊүз үйдө кандай кожойкесиз? Байке кандай тамакты жакшы көрөт?

— Азыр колдо келин жок. Улуусу Бишкекте, кичүүлөрү Россияда турушат. Колдо үч жашар неберебиз бар. Ошол ойносо ойноп, күлсө күлүп, ырдаса ырдайбыз. Эс алуу күндөрү эс алуу паркына алып барабыз. Чоӊ атасы азыр ардактуу эс алууда. Экөө айылчылаганды жакшы көрүшөт. Апамдан калса керек, мен да тазалыкка биринчи көӊүл бурам. Ал эми байкеӊердин жакшы көргөн тамагы – эт. Негизи тамак деле тандабайт, бирок эттин бардык түрүн сүйүп жейт.

М

Маегибиздин соӊунда ардактуу жар, сүйүктүү эне, мээримдүү чоӊ эне, өзү 60тын кырынан ашса да энесинин эрке кызы, анан дагы көкүрөк кагып мактана бербеген, бирок талапты кое билген жетекчи катары Зина Садыевна Алиева райондогу 45 мектеп директору, бала бакча башчысынын ичинен 37си аялзатын түзгөн өзү жетектеген педагогикалык жамааттын айымдарын, энелерди, кыздарды алдыдагы 8-март майрамы менен куттуктап каалоо-тилектерин билдирди:

— Мугалимдер журтуна, кесиптештериме, жалпы эле энелерге, эже-сиӊдилерге кааларым: аманчылык, иштеринде албан-албан ийгиликтерге жетишип, өздөрүнүн балдарынан, билим-тарбия берген балдардан урмат-сый көрүшсүн. Кыздарга айтаарым, окуп билимдүү болушсун. Билими бар кыз барган жерине барктуу болот. Элибизге бейкут турмуш, бардар жашоо тилейм. Энелерибиз бар болсун!

Айнагүл Кашыбаева,

«Кутбилим»

Поделиться

Комментарии