БИЗ БАЛДАР ҮЧҮН ЖЕТИШТҮҮ КАМ КӨРҮП ЖАТАБЫЗБЫ?

  • 04.12.2015
  • 0

Мектепке чейинки билим берүү жана тарбиялоо, балдар бакчалары Жогорку Кеӊешке жаӊыдан гана болуп өткөн шайлоонун башкы темаларынын жана ураандарынын бири болду. Өлкөнүн келечеги жөнүндө айтуу менен, саясий партиялар  учурда ата- энелер  балдарынын, ар тараптан өнүккөн инсандык сапаттарын калыптандыруу муктаждыгын  жана аялдардын колун бошотуп, алар үй-бүлөнүн мезгил талабына ылайык өнүктүрүүдө зарыл экендигин сезишти. Биздин жалпы канааттануубузга жараша, шаарда жана айылда балдарды кенже курактан тартып тарбиялоого ата-энелерди жигердүү тартуунун ааламдык баалуулугу улам алда канча кеӊири орун алууда, ал эми япон автору Масару Ибуканын кыргыз тилине которулган «Үч жаштан кийин кеч» деген китебин бардык ата-энелер, эркектер менен айымдар, улуулар менен жаштар зор кызыгуу менен окуп жатканына күбөбүз. Болгону 10-15 жыл мурда биз социалдык өнүгүүгө тоскоолдук кылган көптөгөн кубулуштардын тамырын: алга озгон жана артта калган адамдардын ортосундагы айырма баланын кенже курагында түптөлөөрү жана көбүнесе чөйрөгө, ата-эненин камкордугунун сапатына жана бала кезде тарбиялоого байланыштуу болоору жөнүндө билген эмеспиз. Нобель сыйлыгынын лауреаты, Чикаго университетинин окумуштуу-экономисти Джеймс Хикман (James Heckman) өндүрүштүк күчтөрдүн натыйжалуулугун изилдеп жатып мындай формуланы ойлоп тапкан, ага ылайык балага мектепке чейинки куракта жумшалган турмуштук жана билим инвестициялары өспүрүм кездегиге салыштырганда 7-8 эсе натыйжалуу. Бөбөк, кичинекей бала жөндөмдөрдү жана турмуштук баалуулукту тез жана биротоло өздөштүрөт. Илимпоздор  инсандын өнүгүүсүндө төмөндөгүдөй цифраларды далилдешкен: мектепке чейинки билим берүүнүн сапатына жумшалган ар бир доллар 30 жылдан кийин 12 доллар кошумча пайда алып келет.

Кенже курактан тартып тарбиялоонун жана окутуунун натыйжалуулугу жөнүндө азыр дүйнө жүзүндө көп айтып жана жазып жатышат: кичинекей балдар чет тилдерди да оӊой эле үйрөнүп алат жана кесипти тандоо да ушул куракта туруктуу калыптанат экен. Ал эми жашоонун «жакшы деген эмне» жана «жаман деген эмне» сыяктуу эрежелери бул куракта акыйкат нерсе катары өздөштүрүлөт, калыптанат. 14-15 жаштагы өспүрүмгө кандай жашоо керектигин үйрөтүү кыйынга турат жана көп учурда мүмкүн да эмес, натыйжада мектептерибиздеги  айрыкча эркек балдар, ошондой эле кыздар арасында да жогорулап бара жаткан кылмыштуулукка, рэкетирликке дуушарланып жатабыз. Дал ошондуктан бүткүл өнүккөн дүйнө билим берүүнүн пирамидасын бизде болуп жаткандай учун төмөн каратпастан, негизинде кармайт. Аларда негизги инвестициялар мектепке чейинки билим берүүгө, орто мектепке жумшалат. Аларда пирамиданын башында ЖОЖдор, университеттер турат, аларга мамлекеттик бюджеттен тышкары жеке бизнестин масштабдуу инвестициялары жумшалат. КМШ өлкөлөрүндөгү демографиялык көрсөткүчтөрүнүн төмөндөшү, башкача айтканда балдардын төрөлүшүнүн  аздыгы балдарды мектепке чейинки өнүктүрүү багытын башкы баалуулук катары тандоосуна түрткү берди. Ал өлкөлөр ар бир баланы эрте өнүгүүсүн  мамлекеттик инвестиция катары карап, ушул багытты өнүктүрүүгө олуттуу иш алып барууда. РФ Конституциясында «мектепке чейинки, негизги жалпы билим берүүнүн жалпыга жеткиликтүүлүгү жана акысыздыгы» кепилденген, кала берсе муниципалдык бала бакчалары мүмкүнчүлүктөрү жана сапаты боюнча жеке бала бакчаларынан мыкты болгон Россияны мындай кое туруп, коӊшу Казакстанды мисалга алып көрсөк, ал жерде бүгүнкү күнү ушул курактагы балдардын 75%ы (!) мектепке чейинки тарбиялоо жана окутуу менен камтылган.

Совет жылдарынын ичинде түзүлгөн бала бакчаларды  биз соӊку 20 жылдын ичинде дээрлик таратып бүттүк: бир тобу менчиктештирилип кеткен, балдарга али толук кайра кайтарыла элек имараттардан тышкары, мектепке чейинки балдардын тарбиячыларын даярдоо токтоп калды; соӊку бир нече жылдары гана Бишкекте, Ошто, Жалал-Абадда, Нарында  педагогикалык факультеттердин базасында мектепке чейинки  билим берүүнүн  педагогикасы жана мектепке чейинки мекемелердин адистерин  даярдоо кафедралары кайрадан ачылып жана калыбына келе баштады. Салыштырып көргүлө, жарым миллионго жакын мектепке чейинки балдарга ушунчалык аз сандагы адистер даярдалат! Аларды окутуу, даярдоо азырынча өкмөт үчүн да, ректорлор үчүн да артыкчылык боло элек! Ошол эле учурда биз ЖОЖдорубузда канчалаган юристтерди, дипломаттарды, эл аралык кызматчыларды, ар кандай  багыттагы менеджерлерди чыгарып жатабыз! Учурда бала бакчанын тарбиячысынын кадыр-баркы медайымдын баркынан алда канча төмөн түшкөн мезгил,  демек, кийинки ондогон жылдарда бул кесипти майда балдары бар энелер, көп учурда жалгыз бой энелер гана тандоого аргасыз болуп калган.

КРда баланын төрөлүшү жогору бойдон калууда, 6 жашка чейинки курактагы балдар 800 миӊге жакын, статистика боюнча төмөнкүдөй: бизде 2 жаштан 6 жашка чейинки балдар 688 миӊ. Алар Кыргызстандын келечегин кура турган башкы адам байлыгы. Бул балдар 21-кылымда биздин өлкөнү калыптандырып жана  өнүгүүсүн камсыз кылат. Ушул кылымда биз орточо өнүккөн бекем өлкө болоорубуз же мурдагы чоӊ державанын бир сыныгы, начар өнүккөн бөлүгү катары күн көрөөрүбүз  жалпы мамлекеттин тагдыры азыркы балдарыбыздын турмуштук кырдаалды чечүүгө болгон сапаттуу даярдыгына, билгичтиктерине, көндүмдөрүнө байланыштуу. Бардык мамлекет жана өкмөт башчылары БУУнун Башкы Ассамблеясында жакында гана бекиткен «2030 – БУУнун күн тартибинде мындай максаттарга жетебиз деп кол коюшкан: аткарууну өз мойнуна көтөрө турган адамдык  дарамет  дал бүгүнкү күндө түптөлүп жана калыптанууда, 2030-жылдарда кедейлик толук жок болууга тийиш, наристелердин жана энелердин  төрөт өлүмүнө көп учурашы жокко чыгарылат,  ошондой эле наристе бала кезден тартып, андан соӊ башталгыч, орто мектепте жана бүтүрүүчү класстарда, техникалык жана кесиптик даярдоодо бардыгы үчүн жеткиликтүү жана сапаттуу билим берүү менен камсыз кылынат». Бул жерде, ааламдашуу мезгилинде  эл аралык эмгек рынокторунун талаптарына  жооп бере алган,  атаандаштыкка туруштук берген, дүйнөлүк өзгөрүүгө ылайыкташа алган АДАМ РЕСУРСТАРЫ жөнүндө сөз болуп жатат. Келгиле, эртеӊ кеч болуп кала электе   чыркыраган чындыкты түшүнөлү жана туура кабыл алып, азыр, бүгүн чечим кабыл алалы!

Бирок кантип?! Бизде жакынкы он жылдыктардын  ичинде  мектепке чейинки  мекемелерге бара турган балдардын санын  эки эсе жогорулатуунун,  жок дегенде  20%дан 40%га жогорулатуу стратегиясы же программасы барбы?

Калкынын 30%дан ашыгы кедей болгон өнүгүп келаткан өлкө катары биз али азырынча эл аралык банктардын, БУУ системасындагы уюмдардын, чет өлкөлүк өкмөттөрдүн жардамына муктажбыз. Көз карандысыздыкка ээ болгон жылдарынын ичинде алар балдар бакчаларынын инфраструктурасын оӊдоону жана кеӊейтүүнү, аларды эмеректер, китептер, оюнчуктар менен камсыз кылууну ар дайым  колдоду, жаӊы педагогикалык багыттарды ачууга, мектепке чейинки тарбиялоодо, билим берүүдө жаӊы усулдук ыкмаларды үйрөтүүгө олуттуу жардам беришти. Бул жардамдарды ишке  ашырууда бардык деӊгээлдердеги билим берүү системалары, ата-энелер, жергиликтүүөзүн-өзү башкаруу органдары тарабынан  кызуу, жигердүү колдоого алынды. «2017-жылга чейин КРны туруктуу өнүктүрүү стратегиясы» деген өлкөнүн баш багыт документи биринчи класска бараткан балдардын 100%ын мектепке бараар алдындагы даярдык менен камтууга милдеттендирет, жыл сайын мындай балдар болжол менен саны 100 миӊден ашат. Бул милдетти финансылык жактан Глобалдык билим берүү программасы (GEP) бекемдеди, ал эл аралык банктардын жана алдыӊкы экономикалык мамлекеттердин каражаттарын топтогон жана азыркы учурда ал окуу жылынын ичинде, 480 сааттын алкагында, өкмөт тарабынан толук ишке ашырылып жатат. Президент А.Ш. Атамбаев мектептерди материалдык жактан чыӊдоого 90 млн. доллар инвестиция жумшоо жөнүндө чечимди жарыялады, мектептер оӊдолот, бузулган жана кала берсе «палатка» мектептердин ордуна жаӊы мектептер курулат. Ошого карабастан бүгүнкү күндө биз балдарды мектепке чейинки мекемелер менен камтуунун 18%ында калып жатабыз, ал эми айылда бул цифра болор-болбос –7%!

Балдарды мектепке  даярдоо маселеси,  азыркы учурда Билим берүү министрлиги баштаган билим берүү   сапатын жогорулатууга багытталган  чечкиндүү  реформаларынын түрткүчү болуп, негизги маселеге айланат. Мектепке  чейинки атайын даярдыктары жок  балдар кала берсе башталгыч мектептин программасын да өздөштүрө албайт, мындай бала дайыма «аксай берет»,  классташтарын  кууп жете албайт,  натыйжада 5-6-класска барганда «жетишпегендердин» катарын  толуктайт, билим алууга болгон кызыгуусу солгундап, сабактан качат. Бара–бара бул көрүнүш  туруктуулукка айланып, мектепти таштоого алып келет.  Окуу жылынын ичинде мектепке тартылбай калган  балдардын саны 60 миӊ же болбосо 80 миӊ  деген цифра бүткүл коомубузду тынчсыздандырууга жана кооптондурууга  тийиш! Айрыкча мигранттардын ата-энелерге жана жакын туугандарына калтырылган балдардын абалы өзгөчө кооптуу жана аянычтуу. Алардын ичинде зордук-зомбулукка дуушар болгондору канча! Эгерде талаалап жүргөн ата-энелердин саны жарым миллион деп эсептесек, балдарга туугандары тарабынан аяр жана кунт коюп мамиле кылынган учурда да, мындай балдар өзүнүн өнүгүүсүндө жана калыптанышында кандай кыйынчылыктарды, тоскоолдуктарды  жана оорчулуктарды башынан өткөрүп жатканын элестетүү кыйын эмес. Бул кесепеттердин натыйжасын  биз азыр көрө баштадык, алар эми ондогон жылдарга созулат.

Биздин жайлоодогу 87 бала бакчабыз да мектепке чейинки мекемелердин айылда, өзгөчө жай мезгилинде жоктугунун ордун толтурат. Өлкөдө мектепке чейинки балдар мекемелери эч качан болбогон жана алиге чейин жок болгон көптөгөн айылдар бар. Башталгыч класстардын окуучулары аларга мектепте окуткандардын бардыгын жайында узак каникул мезгилинде таптакыр унутуп калганын практика көрсөтүп турат. Колунда бар  ата-энелер ошол эле учурда, мейли өлкөнүн ичинде же чет өлкөдө эс алып жүрсө да, өз балдарына көп нерсени көрсөтүп, окутуп, бардык шарттарын түзө алат.  Мындай өнүгүү шарттарын айыл жериндеги колунда жок ата-энелер түзө албайт. Баланын өнүгүү муктаждыктарын да көп учурда түшүнбөйт.  Жайлоодогу балдар – булар чабандардын, мал багууга жалданып иштегендердин же анча-мынча малы менен  жайлоого чыккандар жана алардын балдары, алар байлардын балдары эмес. Балдардан тышкары биздин Фонд ата-энелерди окутууга жана өнүктүрүүгө, аларга көнүмүш болбогон өз балдарын тарбиялоого тартууга көп көӊүл бурат. Мейли, болгону бул жайда биз 2,200 бала менен иштедик, бирок алар эӊ ылайыктуу куракта сапаттуу таанып-билүү иши менен алектенип, болгону кыска, бирок жай мезгилинин ичинде балдардын өнүгүүсү жана таӊ калаарлык өзгөрүшүн көргөн ата-энелердин тарбияга болгон кызыгуусу ойгонду– бул жайлоодогу балдар бакчаларындагы биздин түйшүктүү эмгегибиз үчүн чыныгы сыйлык!  Биз, кыска аралыкта  билим алууга балдардын кызыгуусун, умтулуусун кандай шартта болбосо да ойгото алдык жана коомго далилдей алдык! Коомубуздун жалпы бакубаттуулугуна жана коопсуздугуна жетишүүүчүн бул балдарды, алардын үй-бүлөлөрүн социалдык жактан теӊдөөнүн формасы.

Учурда элибиздин, коомчулуктун бала бакчалары темасына көӊүл буруп жатканы кубандырбай койбойт. Муниципалдык жана жеке бала бакчаларын өнүктүрүү менен катар аларга диндик багыттагы билим берүүсү жана тарбиялоосу бар балдар бакчалары кыйла байкаларлык атаандашып жатканын белгилеп кетүү керек. Бүтүндөй алганда, материалдык-техникалык база өсүп жатат: мурда менчиктештирилген имараттарды кайра кайтарып алуу, ошондой эле мамлекеттик бюджеттин жана, мисалы, Ысык-Көл облусунун өнүктүрүү фонду сыяктуу жеке капиталдын инвестицияларынын эсебинен куруу жүрүп жатат. Жамааттык балдар бакчаларын түзүү  демилгелери боюнча кыймыл өзгөчө айыл жеринде кеӊири кулач жайды: жергиликтүү бийлик ылайыктуу имаратты оӊдоо, эл аралык уюмдар аны жасалгалоого жардам берип, окутуучулардын профессионалдык өнүгүүсүн арттырууда.  Ата-энелердин  айрыкча ири шаарлардагы ата- энелердин балдарды өнүктүрүүгө болгон муктаждыктарын, суроо-талаптарын сезе билген жеке менчик бала бакчаларынын саны өсүүдө жана анын негиздөөчүлөрүнүн  дилгирлиги, чыгармачылык энергиясы сезилүүдө.

P1050688

Жайлоо бала бакчасы

Ушул жол соӊку жылдарда мектепке чейинки мекемелердин кошумча өсүшүнүн  жападан жалгыз көзгө көрүнүктүүсү жана байкалганы.

 Бирок колдо болгон жана кошулуп жаткан инфраструктураны пайдалануунун натыйжалуулугу күмөн бойдон калууда. Айылда же шаарда балдар бакчасы пайдаланууга берилээри  менен, ал ата-энелери муну чыдамсыздык менен күткөн ар кандай курактагы балдар менен башаламан толтурулат. Эгерде сөз бюджеттик уюмдардын кызматкерлеринин, мугалимдердин, медициналык персоналдын, милиционерлердин балдары жөнүндө жүрүп жатса, талаш жок. Жаӊы балдар бакчасынын ушул алгачкы курамы кандай негизде топтолуп жатканына таӊ каласыӊ, ага ошол жердеги  мектепке чейинки  жаштагы балдардын ондон бир бөлүгү гана барат.

Бул жерде эмнеси туура эмес жана кандай кылуу керек?! Чындыгында,  муктаж болгон балдарды мектепке чейинки мекемелер менен камсыз кылууда, ата-энелердин чамасы чектелүү. Аны чечүүдө   өсүү таянычын тактап, аныкташыбыз керек жана ошол  өсүү таянычынын негизинде  республиканын аймагында иш алып баруу абзел. Учурда дүйнөлүк стандарттар биз үчүн азырынча өтө жогору, аткаруу оор: Батышта балдар мектепке төрт жаштан тартып барат. «2017-ж. стратегиясында», менин көз карашым боюнча, мындай таяныч табылган – бул мектеп программасын ишенимдүү жана сапаттуу өздөштүрүү максатында мектепке чейинки курактагы балдарды мектепке (6-7 жаш) ар тараптан толук жана бирдей даярдоону камсыз кылуу. Билим берүүнүн үзгүлтүксүз байланышындагы дал ушул звенону кармап, биз бүткүл байланыш курамын жогору тартып чыгаруубузда шек жок. Ата-энелер жана коомчулук тарабынан зор эмоциялык кысым жана басым жасалган учурда да биз ырааттуулукту, сарамжалдуу мамилени көрсөтүүгө тийишпиз. Инвестициялык ресурстар жетишсиз болгон биздин шартыбызда маселени кадам сайын катуу тартип менен чечүү, билим берүүнүн бул бөлүгүн Өкмөттүн бюджеттик чыгымдарынын жогорку артыкчылыгы деп баса  бөлүп көрсөтүү зарыл. Антпесе,  биз  балдарды мектепке чейинки билим берүү кызматы менен камсыз кылуу  маселелерин  жана  мектепте билим берүүнүн сапатын жогорулатууну да эч качан чече албайбыз! Өлкөдө азыр бардык балдардын жарымынан көбү, басымдуу көпчүлүгү эч бир балдар бакчаларына барбай тургандыгын жана азырынча мүмкүнчүлүгү жок экенин эстен чыгарбайлы!

Бир баланы  каржылоого кеткен чыгым «Социум Консалт»  компаниясынын эсептөөлөрү боюнча жылына 29 миӊ сомдун тегерегин  түзөт. Алардын ичинен 15 миӊ сомду (кызматкерлердин  эмгек акысы) мамлекет, 2 миӊ сомду (коммуналдык чыгымдар) жергиликтүүөз алдынча башкаруу органдары, жылына 12 миӊ сомду (айына 1 миӊ сомдон) ата-энелердин өздөрү тамак-аш үчүн расмий акы түрүндө каржылайт. Муниципалдык балдар бакчаларында ата-эне төлөгөн акы айына 650 сом менен 2 миӊ сомдун ортосунда чайпалып турат, ал эми Монтессори, Зайцев, Вальдорф педагогикасы сыяктуу кайталангыс методикасы колдонулган жеке балдар бакчаларында баалар жогору жана айына 20 миӊ сомго чейин жетет! Албетте, имараттарды куруу, адис тарбиячылар, жабдуулар, шаймандар  менен жабдуу жана андан соӊ мындай бакчаларды күтүү мамлекетке жана ата-энелерге өтө оордук келтирет. Талдоодон көрүнүп тургандай, совет мезгилинен бери бизде сакталып келаткан мектепке чейинки мекеменин эӊ кымбат модели көбүнесе мамлекеттин мойнунда жүктөлгөн, ошол эле учурда биздин Конституцияга ылайык, биз орто мектеп билимин берүүнү гана акысыз камсыз кылууга жана жалпыга жеткиликтүүлүгүн камсыз  кылууга тийишпиз; баланы багуу, тамактандыруу, ага көз салуу жана мектепке чейинки тарбиялоо ата-энелердин милдети болуп саналат.

Бүгүнкү күндө биз билгендей, иштеп жаткан балдар бакчаларында балдар ашкере топтолгон, шаарлардагы узун кезек ата-энелерге алардын баласы мектепке чейин балдар бакчасына барат деген үмүтүн үзөт. Эгерде жеке балдар бакчалары ойлонуп, ой жүгүртүп, бакчадан сыртта калган балдарды топтоп, аларга кечкисин жана дем алыш күндөрү акы төлөнүүнүөнүктүрүүчү кошумча сабактарды өтүү аракетин жасап жатса, ошол эле учурда шаарлардын, поселоктордун, айыл өкмөттөрүнүн балансындагы мыкты, таза каралган абалдагы типтүү имараттарда жайгашкан балдар бакчалары өздөрүнүн аянттарын максаттуу жана пайдалуу колдонуу коэффициенти жөнүндө кам көрбөйт, сыртта калган балдар үчүн кызмат көрсөтүүнү ачуу убаракерчилигин тарткысы келбейт. Дем алыш күндөрү, кышкысын жана жайкысын миӊдеген айылдыктар базарларга же талаа иштерине жөнөйт, рыноктук экономикада шаардыктардын да толгон-токой иши бар. Балдар бакчалары, башка мектепке чейинки билим берүү борборлору жарым күн иштеп, ата-энелерге акы төлөнүүчү кызмат көрсөтсө болбойбу! Балдар бакчаларына кезек узун болгон учурда имараттардын жетишсиздигинин шартында бир чоӊ бөлмөлөргө керебеттер жык толгон уктоочу жайга бөлүү, аны күнүнө болгону эки саат (!) пайдалануу көптөн бери талаш-тартыштарды жана түшүнбөстүктү пайда кылып келди. Балдар бакчаларында багуунун стандарттарын өзгөртүү, эски тартиптерди жөнөкөйлөтүүүчүн санитардык кызматтардын талабы  өзгөртүлүшү керек. Эмне үчүн алга илгерилеп кеткен, экономикасы кубаттуу Батышта балдар ойногондон чарчап, ошол эле жерде оюн бөлмөсүндөөздөрүнүн уктоочу каптарына кирип же төшөкчө жамынып уйкуга киришет, биз болсо бүткүл айылга жападан жалгыз балдар бакчасын куруп, эки кабаттуу керебеттерибизди ар бир тайпа үчүн ар түстөгү шейшептерди  алабыз деп шаарга, базарга жөнөйбүз?! Азыр, мектепке чейинки тарбиялоо жана билим берүү темасы коомдо кеӊири талкууланып, ал эми Өкмөт «2017-стратегиясында» тиешелүү пункттарды турмушка ашыруу боюнча байкаларлык кадамдарды жасап жаткан учурда бул маселени ата-энелердин, депутаттардын, облустардын, райондордун, айыл өкмөттөрүнүн жетекчилеринин  ар айдагы көзөмөлүнө коюу керек. Казакстанда бул маселе өлкөнүн Президентинин катуу көзөмөлүндө турат, биздин парламенттик башкаруунун учурунда бул – премьер-министрдин артыкчылыктуу укугу. Кошуна өлкөдө бул маселе үчүн үгүттөбөйт, милдеттүү түрдө аткарат. Облустардын жана райондордун жетекчилери  бала бакчалардын  өсүш динамикасы, окутуунун сапаты үчүн биздин «Ой-ордо» сыяктуу берүүлөрүндө эл алдында ачык отчет берип жатканын мен телекөрсөтүүдөн көргөм. Жергиликтүүөз алдынча башкаруу органдары айылдын коомдук уюмдары менен бирдикте короолорду кыдыруунун негизинде түзүлгөн балдардын тизмелерин кылдат талдагандан кийин, айылдык жыйында жаӊы балдар бакчасына «нөл классына» балдар кандай топтоло тургандыгын, ал эми, эгерде орун мүмкүндүк берсе, бул жакка 5 жаштагы балдарды да кошуу керектигин чечүүгө тийиш болгон убакыт жетти. Алар 1-класска баруу үчүн мектепке даярданышат. Эгерде айылда же поселокто ушул курактагы балдар өтө көп болсо, анда эртеӊ мененден түшкө чейин балдарга 4 сааттык билим берүүгө тартынбастан өтүү керек; түштөн кийин ушул эле бөлмөлөргө экинчи смена, башка балдар келет. Бул балдарды мектепке чийинки өнүгүүсүн камсыз кылуудагы эӊ арзан жана натыйжалуу жол. Сменалык окутуу учурунда бул жерде тамак берилбейт, балдар эртеӊ мененки жана түшкү тамакты үйүнөн ичет, алар балдар бакчасында уктабайт. Балдарды окутуунун жана мектепке даярдоонун дал ушундай сменалык формасы Алматыда жана Астанада, Казакстандын башка шаарларында балдарды 75%га чейин балдар бакчасы менен камтууга түрткү берди. Ошондой эле  көп квартиралуу курулуштардагы биринчи кабаттарды жергиликтүү бийликтер балдар билим берүү борборлоруна жана мекемелерин уюштурууга берилет.

Ошентип, кадам сайын мектепке даярдоо курагына, жаш өзгөчөлүгүнө ылайык  улам төмөн түшөбүз; мектепке чейинки мекемелердин материалдык базасы жана кошумча орундардын пайда болуусуна  жараша, жаш курагы төмөн балдарды  кабыл алууну  кеӊейтебиз. Ал эми турмушубуз оӊолгондо, балдар яслилерин курабыз!

Ички миграцияга байланыштуу мектептин имараттарын натыйжалуу пайдалануу зарыл. Өлкөнүн түндүк облустарында мектепке чейинки балдарды даярдоо класстарын мектептин өзүнүн имаратында ыӊгайлуу жайгаштырышат: шарттар мүмкүндүк берет. Түштүк облустардагы мектептер жөнүндө ушундай деп айта албайсыӊ. Балдар бакчалары ушунчалык таптакыр жетишпеген, өзгөчө ири шаарларда жетишпеген учурда жергиликтүү бийликтер тарабынан эч кандай аракеттер жасалбай, изденүүнүн жоктугу таӊданууну пайда кылат. Бизнес-компанияларга корпоративдик балдар бакчаларын курууга дем берүү керек, мисалга алсак, банк системасы, соода тармактар, базарлар, жеӊил өнөр жай ассоциациялар, курулуш уюмдарда жана башка бизнестерде көп сандаган аялдар иштейт, сөз алардын колун бошотуу жөнүндө, ошондой эле аялдардын иш менен камсыз болушу жөнүндө, алардын эмгегинин натыйжалуулугу жөнүндө жүрүп жатат.

Биздин ири шаарларыбыздагы чоӊ көйгөй: ички миграциядан улам жаӊы конуштарда балдар көп топтолуп калууда, алар үчүн шаардык балдар бакчалары алыс, ал эми жакын жерде алар жок. Бул милдетти балдар бакчаларын уюштуруунун ар кандай формаларын: жеке балдар бакчаларын, үй-бүлөлүк балдар бакчаларын, эне мектептерин, наристе балдар үчүн үйдө сааты менен иштөөчү топторду ачуу аркылуу чечүүгө болот. ЖК кабыл алган жана Президент кол койгон мыйзамдарга жеке балдар бакчаларын киреше салыкты, КНСти жана сатуудан алынуучу салыкты төлөөдөн бошотуу сыяктуу жакындагы түзөтүүлөр ушундай балдар бакчаларынын санын көбөйтүүгө түрткү берет, көп сандаган аялдарга жана эркектерге билим берүү бизнесине кирүүгө мүмкүндүк ачат. Азыртан эле болжолдуу эсептөөлөр боюнча борбор шаарда 400гө жакын балдар бакчасы иштейт, бирок расмий түрдө алардын ичинен 64 гана катталган. Бул жерде жергиликтүү бийликтер, аялдар жана башка бизнес уюмдар үчүн эбегейсиз көп иштер бар: балдар бакчаларын негиздөөчүлөрү, алардагы тарбиячыларга зор тренинг керек. Бишкекте жеке балдар бакчаларынын ассоциациясы иштеп жатат, ага 30га жакын балдар бакчасы бириккен, анын милдеттеринин бири – балдар бакчаларынын атаандаштыкка кудуреттүүлүгүн арттыруу, алардын кызматкерлеринин кесиптик чеберчилигин жогорулатуу. Азыр Монтессори балдар бакчаларынын ассоциациясы түзүлүп жатат. И. Арабаев атындагы университеттин базасында биздин Фонддун «Балалык мектеби» деген ар айдагы лекторийи иштейт, ал жерге Россиядан, Германиядан жана башка өлкөлөрдөн эксперттер келип турат. Зайцевдин автордук программалары, «Сонатал» наристелерди музыка менен сугаруу, 500 сааттык Монтессори курсу, Алматыдагы Гулистан бакчасынын базасында экологиялык тарбиялоо, Гамбург консерваториясынын немец эксперттеринен музыкалык терапия курстары – булар Бишкектин жана өлкөнүн башка шаарларынын мектепке чейинки мекемелеринин педагогдоруна алардын кесиптик чеберчилигин  жогорулатууда, тарбиялоодо дүйнөлүк тренддер менен таанышууга жардам берген болгону бир нече темалар. Кызыктуу жери, балдар бакчаларын ачкандардын катарына Батыш Европа өлкөлөрүндө бала багып иштеген кыргыз кыз-келиндер да кошулууда, булардын көбүнүн жогорку билими бар адамдар.

Биздин жергебизде жыйырма жылдан бери гүлдөп-өнүгүп жаткан «Себат» билим берүү системасы билим берүү канчалык кирешелүү бизнес экенин далилдеп  көрсөттү. Ата-энелердин баланын сапаттуу билими үчүн эчтекени аябай, каражатын сала тургандыгын тастыктады. Бизде балдар көп төрөлгөн шартта, жүз миллион, миллиарддаган калкы бар өлкөлөр менен чектеш  болуп туруп,  биз билим берүүнү экспортко чыгарганга толук мүмкүнчүлүгүбүз бар экендигин азыртадан билишибиз керек. Мамлекеттик жеке курулуштарды  куруу  өнөктөштүгү ыкмасы аркылуу жеке менчик бала бакчаларды,  мектептерди куруу жумшалган каражаттарды жүз эсе актайт деп  ишеничтүү айтсак болот.

Бакиевдин бандасы шаардын борборундагы өзүнүн кытмыр иштерин жаап-жашыруу үчүн Тыныстанов көчөсүндөгү Биринчи Май райондук салык инспекциясынын, ошондой эле Ала-Тоо аянтындагы Башкы прокуратуранын имаратын эч нерсесин калтырбай өрттөп жиберген учурдан бери беш жыл өттү. Шаардык бийликтер курулуш үчүн ушул ыӊгайлуу жерлер жагынан күтүүчүлүк саясатты жүргүзүп жатат. Шаардын коомчулугу Салык кызматынын ордунда билим берүү мекемеси гана курулууга тийиш деген пикирде бекем туруп жатат! Биз бардыгыбыз, шаардыктар, салык кызматы балдар бакчасынын имаратын ээлеп турганын жакшы билебиз. Кыязы, шаардык бийликтер борбор шаардын ортосун куруу боюнча башкаруу өбөлгөсүн таптакыр колунан чыгарып жиберди: алардын унчукпастыгынан, чечкиндүү иш аракеттеринин жоктугунан  улам жана куруучу өзү сатып алган жеке жерде каалагандай курулушун курууда. Шаардын борборун ийне-жибине чейин куруунун Башкы планы жок деген шылтоо менен бул жерде бала-чакасы жок, темир роботтор жашачудай болуп, аба жетишпеген бийик үйлөр абдан тыгыз, туш келди курулууда: бул жерде иштеп жаткан мектептерди, спорт аянтчаларды, бала бакчаларды курууга да, кеӊейтүүгө да эч кандай мейкиндик жок!

Совет мезгилинде жана андан кийин да  Бишкекте Борбордук пионерлер үйүнүн жакшылыктуу имараты болгон эмес. Жаштардын, өспүрүмдөрдүн тарбиядан, билимден, өнүгүүдөн өксүгү  эмнеге алып келип жатканын биз өлкөнүн бардык булуӊ-бурчтарынан күн сайын келип жаткан шашылыш криминалдык маалыматтардан, мектептерде орун алган зомбулук кырдаалдан көрүп жатабыз. Ар бирине 600 адам баткан 100 тойканага жумшалган каражаттар өлкөнүөнүктүрүүүчүн тийгизген пайдасы жана  натыйжасы боюнча эч убакта балдардын өнүгүүсү  үчүн зарыл болгон  спорт аянтчаларын, жаштардын жана өспүрүмдөрдүн чыгармачылык үйлөрүнүн курулушу менен салыштыруу да мүмкүн эмес. Аны бардыгыбыз  тушүнүүгө жана чечкиндүү чара көрүүгө убакыт келди! Анткени сөз Кыргызстандын миллиондон ашык балдарынын тагдыры жана кызыкчылыктары жөнүндө жүрүп жатат, биздин балдарыбыз орточо өлкөлөрдөгү бар илим жана техника музейине, табигый-илимий билимдердин музейине, аквариумга, зоопаркка, заманбап спорт курулуштарына такыр ээ эмес. Биз Бишкектин мэриясына Башкы прокуратуранын өрттөнүп кеткен имаратынын ордуна ушундай билим борборун мамлекеттик-жеке курууга конкурс жарыялоону сунуш кылабыз, бул биздин балдарыбыз менен жаштарыбызга, бүткүл коомго пайда алып келет, илим менен билимдин, тарбиянын өнүгүүсүнө дем берет, жаштардын умтулуусун ойготот, жана 2010-жылдын 7-апрелинде биздин эркиндигибиз үчүн набыт болгон бардык баатырларыбызга карата адилеттүү чечим болот! Бул алдыдагы он жылдарга абактарды, эркиндигинен ажыратуунун башка имараттарын курууга, күтүүгө кеткен  чыгымдарыбызды кыскартат эле! Кезектеги соода борборун курууга ушул борбордук аянттагы «алтын жерди» сатып алуудан жолдуу олигарх алуучу пайдага караганда биз, мамлекет катары, балдарыбызга эчак карыз болгон инвестициялар  сөзсүз түрдө  басымдуулук кылууга тийиш, балдар күтүп атып чарчап бүтүштү, андыктан кеч боло электе биз ушул карыздын ордун толтурууга тийишпиз! Борбор шаарда ушундай Жаштар жана өспүрүмдөр үчүн чыгармачылык сарайын куруп, улуттук бизнестин арасында эӊ салмактуу портфелдердин бирине ээ болгон шаардын курулуш бизнеси жана алардын Жогорку Кеӊешке жыйылып келген, ар биринин жеке менчигинде бери болгондо экиден асман тиреген  жаӊы курулуш имараттары  бар инвесторлору шайлоочулардын, өлкөнүн жаӊы муунунун алдында өзүнүн коомдук жана инсандык  карызын аткара алат. Биз, сапаттуу билимге, мыкты тарбияга  ээ болгон, сабаттуу, мекенчил жаӊы муундун калыптанышына туруктуу каржылаганда гана өлкө, улут жашайт жана гүлдөп-өнүгөт. Антпесе  ач көз, айлакер, кууменчик ээлери жана кедей, эптеп күн көргөн калк жайгашкан кооптуу аймакка айланарыбыз шексиз.

 

Поделиться

Комментарии