7-АПРЕЛЬ – АЗАЛУУ ДАӉКТЫН КҮНҮ

  • 03.04.2015
  • 0

Улуттун улуулугу эмнеде. Ошол улуттун өзөгүн кармап турган эр азаматтарында. Жер каймактагандан бери кыргыз элинин улут катары түптөлүп, кылымдардын доорлорунда өз үчүн даӊазалап келгендиги элден чыккан баатырларыбыздын арбындыгында. Кайсыл гана доор болбосун, ошол замандын Эр Манасы, Эр Тайлагы, Качыке баатырлары болуп келген. Бакай атабыз баш болгон Байзак Ажыдай акылмандары элдин өнүгүү нугун аныктап турган. Кайран элдин кайратмандыгы энелерди даӊктагандыгында, аздектегендигинде жана ошол урмат-сыйдын акыбети эр-азаматтарды жараткан аялзатын урматтагандыгында. Кыр-гыздын эр-жигиттери гана «эл четинде жоо бетинде» болбостон, кыз Сайкал, Жаӊыл мырза сыяктуу айымдарыбыз да керек учурда белди бекем бууп, жоого аттанган учурлар карт тарыхтын бүктөмдөрүндө жазылып келген…

Байыркы Кыргыз мамлекетинен тартып кечээ жакындагы орустардын Совет доору келгенче, кыргыздын өзүнүн үлгү боло турган демократиялык мектеби өкүм сүргөн. Кыргыз эли, эч убакта кайсы бир күчтөрдүн же болбосо кайсы бир адамдын эзүүсүндө калган эмес. Караханиддердин империясын жети жолу аласалдырган, ойрот – калмактардын эзүүсүн түп-тамырынан бери жоюп салып, алардын улут катары жоюлуп кетишине себепкер болгон кайран кыргыз, бирөөнүн эзүүсүнө баш ийеби да, бирөөнүн алдына чөгөлөйбү! Улуу Кытай дубалы көчмөндөрдөн коргонуу үчүн салынып, бүгүнкү күндө «азиянын арстандары» болгон ата – бабаларыбыздын эрдигин даӊазалап турат.

Жыйырманчы  кылымдын  соӊунда,  азаттыгына жеткен Кыргыз мамлекети, эркин дем алып калды деп сүйүнгөн элек. Акаевди бийлик башына алып келип, улуттук духубуз ойгонуп, руханий көрөӊгөбүз тереӊдеп, Азия чөлкөмүндө байыркы бабаларыбыздын керемет ийгиликтерин жаӊыртабыз деп сүйүнгөн элек. Жыйынтыгы эмне болду. Кыргыз элин, бир үй-бүлөнүн кызматын чөгөлөтөм деген саясат жүрдү. Биз ишендик, убакыт бердик, бирок бийликтин ушунчалык узурпацияланып, хандык бийликтин өтө ыплас саясаты жүрүп жатты. Бирок туӊгуч ажобуз, кайсы улуттун мамлекетинин башында тургандыгын унутуп койгондугу өтө өкүнүчтүү болду. Натыйжада митаам эзүүнүн элементтерине чыдабаган, эркиндикти сүйгөн кыргыз эли мындай авторитардык бийликти кубалап чыкканга мажбур болду.

Эӊ өкүнүчтүүсү, андан кийин келген Бакиев бийлигинин ошол жолойго айныбастан түшүп алгандыгы болду. Чып-чыргасы коротпой хандык-эзүүчүлүк бийликтин элге каршы саясатын андан ары тереӊдетип, алып бара баштады. Албетте, мындай көрүнүш акылман элибиздин бир эмес, бир нече жолку эскерткенине карабастан жүрүп олтурду. Элдин турмушун жакшыртууну эч ким ойлогон жок. Еврейлердин түздөн-түз кийлигишүүсү менен, каратман калктын жонунан кайыш-тилүүнү тереӊдете беришти. Эл аралык Валюта фондусу менен Дүйнөлүк банк сыяктуу сүткөр уюмдардын, карызга олтуругузган ийнесинен кутулууну эч ким ойлогон жок. Алардын пайызы асмандаган карыз – кредиттеринин өлчөмү күндөн-күнгө өсүп, туула элек кыргыздын уул–кыздарынын келечегине карыздын олчойгон куну жазыла баштады. Улуттун эртеӊки келечеги бүдөмүк болуп баратканын автори тардык бийлик сезген жок, сезгиси да келбеди. Кычыраган кыштын суугунда электр энергиясын өндүрүүнүн башында турган Нарын, элине электр жарыгынын өлчөмүн көбөйтүп жиберүүсү, карапайым калктын акыркы чыдамын түгөтүп бүттү. Эл тарс жарылды…

7-апрель — кыргыз тарыхында кара тамгалар менен жазылып калды. Кырчындай болгон эр-азаматтарыбыздын каны-жаны  менен  акыйкаттык  орноду,  калыстык  өз үнүн ааламга жаӊыртты. Кыргыздын кылымдарды карыткан, кайратман улут экендигинин анык даӊазасы болду. Эркиндикти сүйгөн эл эч убакта авторитардык, диктатуралык режимди тааныбай тургандыгын далилдеди. Өкүнүчтүүсү, 87 эр-азаматыбыз окко учту. Алар

эртеӊки жаркын келечек үчүн жанын курман кылышты. Алар дүйнөдө Ала-Тоонун бүркүтүндөй болгон, эрки күчтүү эл жашаарын даӊазалашты. Алар Чолпонбай Түлөбердиевдин, Дүйшөнкул Шопоковдун жана жердешибиз элдик баатыр Акун Садырбаев атабыздын эрдигин даӊазалашты. Алар кыргыздын, кылымдардын барагында алтын тамгалар менен жазылып калаарын дагы бир жолу далилдешти. Албетте алардын арасында биздин райондун кулундары, биз сыймыктана турган эр-азаматтарыбыз Миӊ-Куш шаарчасынын тургундары: 1966-жылы туулган Бекмамбетов Рашит Сайдинович; 1981-жылы туулган Максүтов Эдил Акматович,; Чаек айылынын тургуну 1974-жылы туулган Миӊбаев Эрнис Түӊкатарович; Арал айылынын тургуну 1974-жылы ту-улган Кулубаев Жыргалбек Советбекович, Түгөл-Сай айылынын тургуну 1992-жылы туулган Шабданбек уулу Алтынбек; Беш-Терек айылынын тургуну 1985-жылы туулган Жамансариев Мирлан, Жаӊы-Арык айылынын тургуну 1963-жылы туулган Мамбеталиев Сыргак да бар. Эрдиги жаштарга, келечекке өрнөк боло турган бүгүнкү күндүн баатырларынын элеси, жүрөгүбүздө түбөлүк сакталат. Силер ар дайым кыргыз эли мененсиӊер. Силер, тарыхта алтын тамгалар менен жазылып калдыӊар деп, тереӊ ишеним менен айта алабыз.

С.ОСМОНОВ,

А.Садырбаев атындагы орто мектебинин директору, Кыргыз Республикасынын Эл агартуусунун мыктысы.

Поделиться

Комментарии