ЖАЛПЫ РЕСПУБЛИКАЛЫК ТЕСТИРЛӨӨ: ДҮЙНӨЛҮК ТАЖРЫЙБА

  • 25.03.2015
  • 0

Жалпы республикалык тестирлөө Кыргызстанда 2002-жылдан баштап өткөрүлүп келе жатканы баарыбызга маалым. Мындай система Кыргызстанга керекпи же өз максатына жеттиби? Негизинен мындай система биздин мамлекетке өтө керектүү экенин башка өнүккөн мамлекеттерден байкасак болот. Бирок бир катар көйгөйлөр бар экенин да белгилей кетели. Мындай система АКШ, Россия, Германия жана Түркия сыяктуу мамлекеттерде кеӊири колдонулат. Алгач бул мамлекеттердин жалпы республикалык тестирлөө системасы тууралуу  статистикалык маалыматтарына токтоло кетели. Андан соӊ Кыргызстандагы жалпы абалды анализдеп чыгалы. Орус мамлекетиндеги ЕГЭ тууралуу өлкөбүздө кеӊири жеткиликтүү маалыматтар бар. Андыктан башка мамлекеттердин маалыматтарына баш багалы.

АКШ
Америка Кошмо Штаттарында окуучулар 12 жыл мектепте билим алышат. 12 жылдын соӊунда ар бир штат бүтүрүүчүлөрдөн жалпы тест алат. Бул тест ар бир штатта ар түрдүү аталат. Мисалы,  Флорида  (FCAT), Массачусетс комплекстүү баалоо системасы (MCAS), мектепке жарактуу тести (SAT), Америка колледж тести (ACT) ж.б.у.с. Бул тесттердин ичинен SAT жана ACT бүткүл Америкада кеӊири жайылган.

SAT стандарттуу кеӊири колдонулган тест жана биринчи жолу 1926-жылы колдонулган. Тест “College Board” жеке коммерциялык эмес уюму тарабынан басылган. Андан ары 1947- жылдан тарта “Educational Testing Service” (ETS) жеке коммерциялык эмес уюму тарабынан өнүктүрүлүп жана башкарылып келе жатат. Мекеме Нью-Дже́рси штатына караштуу  При́нстон шаарына жакын жерде жайгашкан. При́нстон демекчи, бул мекеменин тестирлөөгө даярдоочу китеп жыйнактары шаардын атын алган “The Princeton Review” басмаканасы тарабынан басылат. Америкада көпчүлүк экзамендерге даярдоочу китептерди дал ушул басмакана чыгарат.

Ал эми ACT мекемеси болсо профессор Эверетт Франклин Линдквист (Everett Franklin Lindquist) (1901 – 1978) тарабынан 1959-жылы ачылган. Бул мекеме “College Board” мекемесине атаандаш катары ачылган жана төрт предметтен сынак өткөрөт: математика, англис тили, жалпы билимдер, жана так илимдер тести. ACT тестине катышкандардын саны улам көбөйүп 2011-жылы SAT сынагын ашып өткөн. Ошол жылы 1 666 017 окуучу ACT сынагына, ал эми 1 664 479 окуучу SAT сынагына катышышкан.

Негизинен бардык окуу жайлар бул эки тесттин жыйынтыктары менен абитуриенттерди кабыл алышат. Бирок кээ бир университеттер башка тесттердин жыйынтыктары менен кабыл алышы мүмкүн. Мындай тесттер да мамлекет тарабынан өткөрүлгөн жалпы тест деп эсептелет.

Германия

Германиянын билим берүү системасы таптакыр башкача. Бул системада окуучулар улам сынактан өткөрүлүп гимназия же жалпы билим берүүчү мектептерге бөлүштүрүлөт. Гимназияны иийгиликтүү аяктаган окуучулар абитуриент боло алышат. Ал эми жалпы билим берүүчү мектептердин гимназиялык деӊгээлдеги класстары гана абитуриент боло алышат. Абитуриенттер биздегидей сынак тапшырып түз эле жогорку окуу жайларына бет алышпайт. Алар Германиянын штаттарына карап 2 же 3 жыл дагы окушат. Андан соӊ аларга мамлекеттик жалпы сынак болот. Сынакты ийгиликтүү аяктагандар жогорку окуу жайларына тапшырышат. Сынактан өтпөй калган абитуриенттер кайра бир жыл кайталап окуса болот же болбосо кесиптик окуу жайларына тапшырышат. Ал эми абитуриент боло албаган окуучулардын баары кесиптик окуу жайларына тапшырышат. Ал жерди ийгиликтүү аяктаган окуучулар жогорку кесиптик окуу жайларына тапшырганы мүмкүнчүлүк алышат. Кесиптик окуу жайлар өлкөдө аябай сапаттуу билим берип, Германиянын өнөр жайы үчүн сапаттуу жумушчуларды даярдап берет. Дал ошондон улам мамлекеттин өндүрүш тармагы сапаттуу жана кирешелүү. Жогорку окуу жайлары да кадимки эле университеттер жана жогорку кесиптик окуу жайлары болуп экиге бөлүнөт. Жогорку кесиптик окуу жайлары жогорку билимдүү инженерлерди, програмисттерди, архитекторлорду ж.б. мыкты кесиптин ээлерин даярдап чыгарышат. Көбүрөөк практикалык сабактарды окуу менен кадимки университеттердей эле билим алышат. Ал эми университетте көбүрөөк илим жагына басым жасалат.

Германиянын 16 штатынын 15 и абитуриенттерге жалпы борбордук сынак өткөрүшөт. Бул сынак эреже боюнча штатка карап 4 же 5 сабактан болот. Ошондой эле сынактар жазуу жана оозеки түрдө өткөрүлөт. Ошондуктан сынак аябай катуу тартипте өтөт. Мына ошондо гана чыныгы жогорку билимди алганга татыктуу абитуриенттер даярдалат. Чындыгында, бул эӊ туура ыкма болуп эсептелет. Анткени, алар кесиптик окуу жайларга көбүрөөк көӊүл бөлүшүп өлкөнүн экономикасын өнүктүргөнгө өбөлгө түзүшөт.

Түркия

Түркияда да окуучулар 12 жыл мектепте билим алышат. Бул өлкөдө окуучуларды бөлбөй баарына тегиз билим беришет. Окуучулар 12-класска чейин жалпы билим ала алышат. Андан соӊ мамлекеттик жалпы сынака киришет. Бул сынактын негизинде алган упайларына жараша университеттерди жана кесиптерин тандай алышат. Бирок Түркияда жалпы мамлекеттик тест аябай татаал. Ошондуктан мектеп окуучулары негизинен мектептен сырткары билим алуу борборлорунан кошумча сабак алышат. Бул өлкөдө билим алуу борборлору аябай жакшы өнүккөн. Мындай борборлордун иштөө системасы жада калса Европа мамлекеттерин да жолдо калтырат. Мамлекеттик тестирлөө “ÖSYM” мамлекеттик мекемеси тарабынан уюштурулат. “ÖSYM” 1974-жылы 22-ноябрда мамлекет тарабынан курулган мамлекеттик мекеме. Бул мекеме окуучулардын гана эмес Түркиядагы бардык кесиптик жана тил тестирлөө сынактарын да уюштурат.

Кыргызстан

Эми Кыргызстандын кээ бир статистикалык маалыматтарына токтоло кетели. 2009-жылы жалпы бүтүрүүчүлөрдүн 46,7% ы, 2010-жылы 49,2% ы жана 2012-жылы 54,9% ы жалпы сынакты ийгиликтүү тапшырып, жогорку окуу жайларына жолдомо алышкан. Бул көрсөткүч 2003-жылы 39,2% ы жана 2006-жылы 43,4% ы түзгөн.

Ал эми 2013-жылкы маалыматка таянсак, тест баллдарынын орточо мааниси 109,8 жана тест баллдарынын стандарттык четтөөсү 33,2 болгон. Төмөндөгү графикте баллдардын бөлүштүрүлүшү көрсөтүлгөн.

1-2

2

Булагы: www.testing.kg

КР Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан аныкталган баллдар чеги 2013-жылы негизги тест үчүн окуунун бюджеттик таризине 110 баллды жана окуунун келишимдик таризине 105 баллды түздү.

Демек,  105  баллдан  жогору  алган абитуриент жогорку окуу жайына тапшыра алат. Эми 105 баллдан жогору алган абитуриенттер жалпы сынакка кирген абитуриенттердин канча бөлүгүн түзөт? Бул суроонун жообун тиешелүү булактардан таба албаганыма байланыштуу маселени статистикалык формула менен чыгарууну туура көрдүм.

P (x≥105) = P(z≥      (105-109.8))

33

=  P(z≥-0.15)=          0,5596=55,96%            (z-таблицасынын негизинде)

Демек, Кыргызстанда 2013-жылы эле абитуриенттердин болжолдуу 56 % жогорку окуу жайларына жолдомо алышкан. Ал эми 2014-жылкы маалыматтар боюнча абитуриенттердин 50% жогорку окуу жайларга кирүүгө мүмкүнчүлүк алышкан.

Ал эми 1854-жылдан бери борбордук сынакты өткөрүп келаткан Германия 2013-жылы мындай көрсөткүчкө жетишкен. Ошол эле учурда Германия окуучуларды улам электен өткөрүп, эӊ мыктыларын абитуриенттер мектебине жиберишет. Бүгүнкү күндө 80 млн. калкы бар Германиянын 423 жогорку окуу жайы бар, анын ичинен 106 гана университет деген статуска ээ. Калгандары жогорку кесиптик окуу жайларына кирет. Ал эми 6 млн. калкы бар Кыргызстанда 52 жогорку окуу жайы бар. Демек, Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын саны Германияга караганда 1,6 эсе көп.

Эми Кыргызстанда өткөрүлүп келе жаткан ЖРТ тууралуу 18 жогорку окуу жайынын студенттеринин арасында жүргүзүлгөн сурамжылоо тууралуу сөз кыла кетели. Сурамжылоого 2586 студент катышты жана алар төмөндөгү алты суроого жооп беришкен.

1. ЖРТ системасына ишенесизби?

2. Система  паракорлукка  каршы күрөшүүгө жардам бере алабы?

3. ЖРТ тууралуу кеӊири маалыматыӊыз болду беле?

4. ЖРТ билим деӊгээлин өлчөй алабы?

5. Өткөн жылдардын ЖРТ суроолору басылып, коомчулукка чыгарылып туруш керек беле?

6. Сынактын жыйынтыктарын эсептөөдө эмне маанилүү? Математика же тилби?

Алгач кайсы университеттерде сурамжылоо өткөргөнүбүз тууралуу маалыматты айта кетели. Төмөндөгү графикте университеттердин аттары жана сурамжылоого катышкан студенттердин саны көрсөтүлгөн.

График 1.

3

 

Булагы: Сурамжылоонун негизинде түзүлгөн

 

 

 

 

 

 

 

Сурамжылоо ыкмалары

Сурамжылоодогу ар бир суроону 95% ишеним менен жалпы Кыргызстан үчүн төмөндөгү статистикалык формула менен жыйынтыктап чыгардык. uhfa2

Мында, ^p  — суроодогу “ооба” деген жооптун пайыздык катышы, ^q– “жок” деген жооптуку, ал эми n катышуучулардын жалпы саны.

 

График 2. ЖРТ системасына ишенесизби?

СаныПайызы
Ооба178969.7
Жок77730.3
Баары2566100.0

 

4

 

 

 

 

 

 

 

 

Булагы: Сурамжылоонун негизинде түзүлгөн

2-графиктеги ^p=0,697, ^q=0,303 жана n = 2566 маанилерин жогорудагы формулага коюп эсептейли. Ошентип, 95% ишеним менен жалпы Кыргызстанда абитуриенттердин жок дегенде 67,92% жана эӊ көп дегенде 71,48% ЖРТ системасына ишенет. Демек, өлкөбүздүн көпчүлүк бөлүгү ЖРТ системасына ишенет. А бирок ишенбегендердин саны 30% дан көп экени байкалып турат. Демек, билим сапатын өлчөөдө жетиштүү эмес экенин айгинелейт. Биринчиден, тестирлөө Кыргызстандын бардык жерлеринде бир күндө бир убакытта башталышы керек. Ал эми суроолорду жашыруун кармоонун бир нече жолдору бар же болбосо башка өлкөлөрдүн тажрыйбаларынан алсак болот. Суроолор элдин келечегин ойлогон адептүү, таза жана чынчыл адамдардын колунан даярдалат деген үмүттү үзбөй, алга карай бет алгандан башка чара жок. Ошондуктан тестирлөөнү өткөргөн мекеме тестирлөө айкын өтөөрүн, коомчулука көрсөтүүчү жолдорду иштеп чыгуусу керек.

График  3.  Система  паракорлукка каршы күрөшүүгө жардам бере алабы?

СаныПайызы
Ооба112643.9
Жок144056.1
Баары2566100.0

5

 

 

 

 

 

 

 

 

Булагы: Сурамжылоонун негизинде түзүлгөн

Эми сурамжылоонун экинчи суроосун карап чыгалы. Мында абитуриенттердин жок дегенде 41,98% жана эӊ көп дегенде 45,82% паракорлукка каршы күрөшүүдө жардам бере алат деген ишенимде. Мындайча айтканда, жогорку окуу жайларына кирүү үчүн дагы эле паракорлук системасы уланып жатканына шектенгендер бар. Бул проблеманы чечүү үчүн Түркия мамлекетин өрнөк алсак болот. Анткени Түркияда абитуриенттер компьютердик жайгаштыруу системасы менен “ÖSYM” мамлекеттик мекемеси тарабынан жайгаштырылат. Мындайча айтканда, абитуриенттер алган баллдарына жараша бир нече университеттерди жана окуй турган бөлүмдөрүн тандашып, электрондук билдирүү жөнөтүшөт. Ал эми бөлүштүрүү автоматтык түрдө компьютерде жүргүзүлөт. Алынган жыйынтык боюнча ар бир абитуриентке кайсыл университеттин кайсы бөлүмүндө окуй ала тургандыгы тууралуу маалымат таркатылат. Абитуриент болсо белгилүү бир убакыттын ичин-де бирөөсүн тандап кайра министирлике билдирет. Кыргызстандын ар бир бурчунда интернет системасы жакшы өнүгүп калгандыктан, мындай системага өтүү убактысы келип жеткендей. Кыскасы, адам фактору кыскарган сайын таза айкын бөлүштүрүү болот деген үмүттөбүз.

График  4.  ЖРТ  тууралуу  кеӊири маалыматыӊыз болду беле?

СаныПайызы
Ооба156761.1
Жок99938.9
Баары2566100.0

6

 

 

 

 

 

 

Булагы: Сурамжылоонун негизинде түзүлгөн

Эми ЖРТ сынагы тууралуу абитуренттерде кеӊири маалымат барбы деген су-роонун тегерегинде сөз кылалы. Деги эле абитуриенттердин сынак кандай тартипте өтөөрү жана тесттин суроолору тууралуу маалыматы барбы?

Абитуриенттердин жок дегенде 59,21% жана эӊ көп дегенде 62,99% ЖРТ туура-луу кеӊири маалымат ала алышат экен. Бул өтө төмөн көрсөткүч. Анткени абитуриенттердин 100% толук маалымат алып, сынакка кирүүсү керек. Кандай суроолор келээрин билбесе жана кайсы темаларга даярдануусу керектигин билбесе, сынактын мааниси эмнеде? Бул проблема сурамжылоодогу 4- жана 5-суроолор менен тыгыз байланышта. Андыктан алгач 6-графикти анализдеп, анан проблеманы чечүү жолдорун карап көрөлү.

График  5.  ЖРТ  билим  деӊгээлин өлчөй алабы?

СаныПайызы
Ооба138053.8
Жок118646.2
Баары2566100.0

7

 

 

 

 

 

 

 

Булагы: Сурамжылоонун негизинде түзүлгөн

Демек, абитуриенттердин жок дегенде 51,7% жана эӊ көп дегенде 55,7% ЖРТ  билим  деӊгээлин  өлчөй  алат деген ойдо. Алынган маалыматтарга караганда математика боюнча сынак, абитуриенттердин билим деӊгээлин текшере албайт. Анткени окуучу 11 жыл мектепте билим алгандан кий-ин жалпы темалар боюнча сынактан өтүүсү керек. Айрыкча 9-11-класстын материалдары толук суралышы абзел. Тестирлөөнүн суроолору 7-8-класстын деӊгээлинде гана даярдалып жатат. Жогоруда  аты  аталган  өлкөлөрдүн баарында сынактын деӊгээли жогору кармалат. Анткени деӊгээл канчалык бийик болсо, ошончолук умтулуу да жогорку деӊгээлде болот. Мектептерде жалпы акыбал жакшы эмес, көпчүлүк абитуриенттер сынактан өтө албайт деген суроо пайда болот. Ошол сы-нактан өтпөй калгандар үчүн кошумча билим алуу борборлору өнүгүш керек. Дүйнөнүн бардык эле жеринде абитуриенттер, кошумча билим алуу борборлорунда сынактарга даярданышат. Жада калса ата-энелер балдарына кошумча билим берүү үчүн чоӊ каражаттарды жумшашат. Университетке кирүү сынагы оор болгондуктан эки же үч жыл кошумча билим алуу борборлорунда сынакка даярданган абитуриенттерди да кездештирүүгө болот. Балким биринчи жылы универ-ситеттерге аз сандагы абитуриенттер алынышы мүмкүн, бирок өтө чоӊ проблема эмес. Чоӊ өзгөрүүлөр үчүн кээ бир кыйынчылыктар болушу мүмкүн.

График 6. Өткөн жылдардын ЖРТ суроолору басылып, коомчулука чыгарылып туруш керек беле?

СаныПайызы
Ооба169366.0
Жок87334.0
Баары2566100.0

8

Булагы: Сурамжылоонун негизинде түзүлгөн

Бул суроого абитуриенттердин жок дегенде 64,17% жана эӊ көп дегенде 67,83%  өткөн жылдардын тест суроолору басылып чыгарылып туруш керек деген ойдо. Жогоруда  айтылып  кеткендей,  проблемалардын көпчүлүгү дал ушул суроого келип такалат. Өткөн жылдардын ЖРТ суроолору басылып, коомчулукка чыгарылбаганы үчүн деӊгээл да түшүп баратат.

Абитуриенттердин да ЖРТ тууралуу толук маалыматы жок болуп жатат. Ошондой эле кошумча билим берүү борборлору да толук кандуу иш жүргүзө албай, өнүгө албай жатышат. АКШ жана Түркия мамлекеттеринде ар жылы сынак бүтөөрү менен коомчулукка сынактын суроолору жарыяланат. Ошол өткөн суроолордун негизинде кийинки муун келээрки сынактарга даярдана баштайт. Албетте, бул өтө оор жумуш, тест өткөргөн мекеменин ар бир предмет боюнча командасы болуш керек. Ошол командадагы мугалимдердин такай жумушу тест даярдоо болуп эсептелет. Антпесе улам жаӊылануу да болбойт, жаӊылануусу жок болсо система иштебейт.

График 7. Сынактын жыйынтыктарын эсептөөдө эмне маанилүү? Математика же тилби?

СаныПайызы
Математика140254.6
Тилдер115745.1
Билбейм73
Баары2566100.0

9

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Булагы: Сурамжылоонун негизинде түзүлгөн

Эми эӊ негизги проблемага келели. Дүйнөнүн эч бир өлкөсүндө жалпы математика сынагы башка предметтерден аз мааниге ээ эмес. Математика предмети сандар менен болгон амалдарды аткаруу үчүн эмес, негизгиси адамдын логикасын өнүктүрүү үчүн окутулат. Мындайча айтканда, мээни математика шыктандырат. Шыктуу мээ адам затынын ар бир кадамында, айрыкча күнүмдүк проблемаларды чечүүдө өтө керектүү. Ошол эле учурда чет өлкөлүк окуу жайлар биздин ЖРТ баллдарынын негизинде да ала башташты. Алардын мамлекет-тик сынактарында математика биринчи орунда тургандыктан, бизди да ошондой эсептешип, кабыл алып жатышат. Германияны өрнөк катары алсак болот. Бул мамлекеттин математика сынагында, жада калса гуманитардык багытта окуган абитуриенттер да, толук мектеп программасы боюнча сынактан өтүшөт. Ошондой эле орус мамлекетинин ЕГЭ сынагын алып карап көрсөк, сынактагы математиканын деӊгээлин биздики менен салыштырып болбойт. Мурдагы советтик учурда өтө чоӊ айырмачылык деле болгон эмес.

Математика — илимдердин падышасы экенин унутпайлы.

 

Жыйынтык

Жогоруда аталган мамлекеттердин тажрыйбаларын карап, ошондой  эле  өзүмдүн  билим берүү тармагындагы Германияда жети жыл, Кыргызстанда алты жылдык  тажрыйбама  таянып төмөндөгү жыйынтыкты белги-лей кетүүнү туура көрдүм:

• Ар жылы экзамендерге даярдануу үчүн китептер басылып чыгарылуусу. Ошондой эле өткөн жылдагы тесттин суроолору да жарыкка чыгарылуусу;

  • Математика  предметинин деӊгээлин  көтөрүп,  математика баллдарынын тилдерге караганда көбүрөөк эсептелүүсү;

• Кошумча билим берүү борборлору жанданып жана абитуриенттерди жогорку окуу жайларга жайгаштыруучу автоматтык компьютерлешкен системанын ишке кирүүсү;

• Сынактар таза жана жогорку деӊгээлде  өтүшү  үчүн  бир  гана мекемеге  уруксат  бербей  башка тестирлөө мекемелеринин да ачылышы.

Кубан ЖУМАНАЗАРОВ,

Эл аралык Ататүрк Ала-Тоо университети, финансы жана каржы кафедра башчысы

Поделиться

Комментарии