МЫКТЫ ТИЛЧИ – ДОСТУККА ДАНАКЕР

  • 06.03.2015
  • 0

Билим берүү тармагында 80% аялзаты иштейт. Эл аралык 8-Март Аялдардын майрамына карата билим берүү системасында 42 жылдан бери талыкпай эмгектенип келаткан, учурда Кыргыз экономикалык университетинде орус тилинен сабак берген Ажар КАЛЫБЕКОВА тууралуу кеп кылууну туура көрдүк.

Ажар Калыбекова 1954-жылы Түп райо-нуна караштуу Балбай айылында төрөлгөн. Мектепти ийгиликтүү аяктагандан кийин, В.Маяковский атындагы Кыз-келиндер пе-дагогикалык институтунун филология фа-культетине кирип, орус тили жана адабияты бөлүмүн тандап алган. Жогорку окуу жайын бүткөндөн кийин борбор калаадагы №64, 68 жалпы билим берүү мектептеринде, 15 жыл Кыргыз Медициналык академияда, акыркы жылдары Кыргыз экономикалык университетте орус тилинен сабак берип келатат.

—  «Канча  тил  билсеӊ,  ошончо  дил билесиӊ» дегендей, орус тили биздин эне тилибизден кийинки эле катарда турат. тилге кызыгуунун азайып баратканы дагы коомдун өзгөрүшүнө жараша болсо керек. Орус тилди четтетип коюу туура эмес. Анткени бул тил менен 70 жылдан ашык жашадык. Андыктан эки тилди куштун кош канатындай бирдей алып жүрүү зарыл, — дейт Ажар эжей.

Анын пикиринде, мектеп менен жогорку окуу жайда мугалим болуунун айырма-сы асман менен жердей. Мектепте сабак берген мугалим балдарга көбүрөөк көӊүл бурат.

— Көпчүлүк ата-энелер балдардын са-паттуу билим алышына, жакшы таалим-тар-биялуу болушуна мугалим милдеттүү деген ойдо. Албетте, бул туура эмес. Мектепте бала болгону 5-6 саат гана болот. Калган убакыты үй-бүлөдө өтөт. Үй-бүлөдө тентек кылган бала үчүн деле мугалим күнөөлүү болуп калган учурлар жок эмес. Ошондук-тан мыйзам чегинде ата-энелердин жооп-керчилигин күчөтүү керек. Ал эми жогорку окуу жайда балдар «мен эми кесип жолуна түштүм» деп өзүлөрүнө керектүү талапты коюшат. Негизинен балдар кесипти туура тандап алып, талапты кое билишсе келече-ги арыштуу болмок, — дейт А.Калыбекова.

Ырас, айылдан келген студенттер да-роо эле орус тилинде сайрап кете албайт. Андыктан жогорку окуу жайында орус тилин билбеген студенттерди ириде баштоочу топко алып, андан соӊ улантуучу топто тилди үйрөтүшөт.

—  Орус  тилин  окутууда  атайын  тер-миндерге басым жасайм. Маселен, ме-неджмент,  бизнес,  тамак-аш,  туризм бөлүмүндө окугандардын ар биринин кеси-бине ылайык сөздөрдү үйрөтүп, аны менен сөз байлыгын өстүрүүгө бардык аракетти жасап келатабыз. Өзгөчө 1-курста орус тилин билбегендер көп келип, ал тилди жакшы үйрөнгүчөктү бир топ кыйналышат.

Ошондуктан 1-курста сүйлөө речине, грам-матикасына басым жасалат. Ал эми 2-кур-ста тандап алган кесипке басым жасайбыз. Айылдан келген балдар төрт жылдын аралыгында орус тилин эркин сүйлөп ке-тет деп айта албайм. Баары студенттин аракетинен болот. Маселен, аракет кылган студент сабактан тышкары курстарга, ко-шумча сабактарга катышып отуруп, эркин сүйлөп кеткендер бар, — дейт орус тилчи.

Мугалимдин  иши  өтө  татаал,  өтө жоопкерчиликтүү экени белгилүү. Жөнөкөй карапайым ширетүүчүдөн баштап өлкөнүнпрезидентине чейин мугалимден таалим-тарбия алат. Мейли мугалим болсун, мейли окутуучу мейли тарбиячы болсун баары бирдей тилек кылышат, окуткан балдары ыймандуу, эли-жерине керектүү инсан бо-луп чыгышса экен деп.

— «Мугалим — бул мөмөлүү дарак». Муга-лим окуучусуна, студентине кандай тарбия берсе, ошондой мөмө алынат. Мен сабак берген студенттеримди көргөндө, эмгегим жерде калбаптыр деп сыймыктанам. Сабак учурунда балдарга дайыма айтам «силер жакшы окугула, татыктуу тарбия алгыла, ойлобогула окууну аяктап эле дароо эле депутат же президент болом деп. Баары кичинекейден башталат. Кичинекей нер-седен баштасаӊар, эмгегиӊер бааланып, ошол креслого барып отуруп калганыӊарды өзүӊөр байкабай каласыӊар» деп калам, — дейт А.Калыбекова.

А. Калыбекова бир эле сабак бербе-стен, кесиптештери менен бирдикте окуу китептерин жазып чыгышты. Учурда ал өзү кыргыз-орус тилинде кесиптерге бай-ланыштуу сөздүктүн үстүндө эмгектенип жатат. Советтик системада билим алган  А.Калыбекова ошол кездеги система эӊ күчтүү деп эсептейт. Андыктан инноваци-ялык ыкмалар менен катар ошол кездеги ыкмаларды да пайдалануу жемишин берип келатканын жашырган жок.

Ажар  эжейдин  ары  татаал,  ары жоопкерчиликтүү кесипти тандап алганы-нын себеби, ал мугалимдин үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Атасы Мамбет Калыбеков 45 жыл мектепте тарых сабагын мыкты окут-кан кесипкөй мугалимдердин бири болгон. Апасы өмүр бою бала бакчада башчы болуп иштеген экен. «Билим алгыла, билим алган адам эч качан кор болбойт» деп атасы балдарын билимге сугарып, эмгекке тар-биялаптыр. Сегиз бир туугандан бешөө калган. Баары теӊ жогорку билимдүү. Ата-энесинин жолун үч бир тууган улап, ыйык кесиптин баркын, наркын, даӊкын билип, кийинки муундарга татыктуу өткөрүп берүү далаалатын кылышууда.

— Эжем медакадемияда сабак берет. Кичүү иним дагы Б.Ельцин атындагы Орус-Славян университетинде 3-4 жылдан бери сабак берип келатат. Бир сөз менен айткан-да, үчөөбүз ата жолун жолдоп, мугалимдик кесипти аркалап иштеп келе жатабыз, — дейт А.Калыбекова.

Калыбекова  үч  баланын  бактылуу энеси.  Балдарынын  баарына  жогорку билим берди. Кызы Жылдыз Москвада иштейт. Уулу Тариэл тиш доктур. Кичүү уулу Максат технолог, учурда Москвада иштейт. Бөтөн жерде тажрыйба топтоп, кайра Мекенине келип, кызмат кылаарына ишенет. «Эмгек жерде калбайт» демекчи, Ажар Калыбекованын кайсы гана жерде иштебесин, анын иштин көзүн билгендиги, ишке жоопкерчиликтүү мамиле кылгандыгы бааланып, Билим берүү жана илим минис-трлигинин Ардак грамотасына татыган. Ал билим берүүнүн мыктысы төш белгисинин ээси.

Гүлнара АЛЫБАЕВА,

«Кутбилим»

Поделиться

Комментарии