АПАЛАР ЖАНА ЭЖЕЛЕР – МИНИСТРЛИКТИН ЖҮРӨГҮ

  • 06.03.2015
  • 0

“Жашоого жашыл жарык экениӊди, Далилдеп турсун дайым акыл-эсиӊ”, — деп бир замандаш акыныбыз айткандай, 8-Март – Айымдардын эл аралык күнүн белгилөө алдында жеке үй-бүлө деген чоӊ мамлекеттин гана тылын бекемдебестен, бүтүндөй билим берүү тармагын алдыга сүрөп, зор күч берип келе жаткан, кандай иш болбосун кабагым-кашым дебей аткарган Билим берүү жана илим министрлигинде иштеген айымдардын түйшүгү тууралуу азыноо-лак кеп кылууну чечтик. Себеби биз дайыма мугалимдердин эмгегин баалап, алардын ат көтөргүс түйшүгү тууралуу сөз кылып келгенибиз менен, иш десе ичкен ашын таштап, үй-бүлөсүн, балдарын унутуп коюп, эртеден кечке тыным албай иштеп, күн-түн дебей талаа-түздө жүргөн министрликтин айым кызмат-керлеринин түйшүгү тууралуу сөз кылбаптырбыз.

Жумшак пейил, курч талап

Билим берүү жана илим министрли-гинин жалпы жамаатынын 60% айымдар түзөт. Ушундан эле министрликтин жүгүн көбүнчө айымдар көтөрүп, ал тургай азыр жалпы агартуу тармагын аял киши же-тектеп, тармакты түп тамырынан бери реформалоого белсенип жаткандыгын айтпай кетүүгө болбойт.

87 жылдык тарыхы бар министрлик-ти  учурда  төртүнчү  жолу  аял  киши жетектөөдө.  Министр  айымдардын биринчиси Чынара Жакыпова 1992-жылы келип, бул тармакты бир жыл жетектесе, андан кийин Камила Шар-шекеева 2001-2002-жылдары иштептир. Жетекчи айымдардын ичинен эӊ көп иштегени – Ишенгүл Болжурова. Ал эки жолу бул кызматка келип, төрт жыл жетектеген. Үч айдан ашуун убактан бери министрликти Эльвира Сариева жетектөөдө. Жаш болсо дагы анын бул тармакты алдыга сүрөп, башталган ре-формалардын аягына чыгаарына элдин ишеними зор.

Алмашкыс, алмаштыргыс кадрлар бар

Министрдин орун басары Токтокан Ашымбаева дагы эмгек жолун жөнөкөй мугалимдиктен баштап, Аламүдүн район-дук билим берүү бөлүмүн жетекчилигине чейин жеткен. Негизинен министрликте 30 жылдан ашуун убактан бери иштеп келе жаткан ардагерлер дагы, түйшүктүү эмгек жолуна эми кадам таштаган жаш кыздар дагы бар. Мисалы, Тойболотова Раиса, Зоя Пак, Кылым Сыдыкназарова, Гүлмира Абылкасымова, Усупова Кенже-кан, Гүлнара Токтакунова, Нургүл Мам-бетакунова, Сонун Адрешева, Самара Умралиева, Евгения Чубукова, Алтынай Мамикеева сыяктуу тажрыйбалуу адистер көп жылдардан бери иштеп келет. Министрликте эӊ көп иштеген ар-дагер Укук, кадрдык жана мамле-кеттик кызмат башкармалыгынын жетектөөчү адиси – Байсабаева Буруш.  Ал  министрликке  26  жа-шында келип, отуз жылдан ашуун убактан бери үзүрлүү эмгектенип келет. Иштеп жүрүп беш баланы тарбиялап-өстүргөн. Министрликтин тарыхын беш колундай билген, кан-дай гана кат келбесин ага тийиштүү жооп жаза алган, архивдик матери-алдарды семичкедей чаккан мыкты адис.

Мектепке чейинки, мектепте жана мектептен сырткаркы билим берүү баш-кармалыгынын башкы адистери Тойболо-това Раиса жана Зоя Пак – министрликте иштеген кызматкерлердин эӊ улуусу жана жол баштоочулары. Өзгөчө Раиса Аска-ровна өз ишин жакшы билген, көп жылдан бери талбай эмгектенип келе жаткан мык-ты адис жана жаштардын насаатчысы.

— Раиса Аскаровна – кандай иш бол-босун өз убагында, так аткарган, кандай маселе болбосун, кандай кат келбесин өз убагында бүтүргөн, баарына кылдат мамиле жасаган адам. Жаш курагына, акыркы кездерде ооруп жүргөнүнө кара-бай жаштар менен теӊ тайлашып иштеп келе жатат, — дейт Мектепке чейинки, мек-тепте жана мектептен сырткаркы билим берүү башкармалыгынын башчысы Марат Усеналиев.

Башка мамлекеттик мекемелердей эле министрликте дагы иш күн саат тогузда башталып кечки алтыда бүтөт. Бирок иш күн бүтөөрү менен үйүн көздөй шашып жөнөгөн  кызматкер  жокко  эсе.  Иштин көбүнөн түнкү он, он бирге чейин калып иш-теген күндөрү да болот. Бул күндөрү алар-дын  үйдөгү оокатын  ким жасап,  балдарына ким кам- кордук көрөт деп ойлойсуӊ.

Мектепке  чейинки,  мектепте  жана мектептен сырткаркы билим берүү башкар-малыгынын эӊ жаш адиси Мусаева Назгүл иш менен үйдөгү түйшүктү бирдей алып жүрүүгө аракет кылат. Ал беш баланын энеси, кичүү балдарынын жаш экендигине карабай күн-түн дебей иштеп, чарчоо деген эмне экенин билбеген, тарсылдап шайдоот жүргөн, ишине тыӊ, өзү кураторлук кылган Талас облусунун ишин жакшы билбеген, тапшырылган ишти убагында аткарбаган жетекчилеринин  аркасынан  сая  түшүп иштеткен, кандай адам болбосун тил та-бышып кете алган жаш адистердин бири.

Ал эртеӊ менен эрте туруп, балдары-нын курсагын тойгузуп, студент балдарын университетке, мектепте окугандарын мек-тепке,  кичине-кейлерин бала бакчага жөнөтүп коюп  анан  жу-мушка кечикпей келет. Жумуштан дагы жаны тын-байт. Марат Усеналиев башкармалыктагы башка адистер ордунда отуруп иштегенди жакшы көрүшсө, Назгүл бир орунда отура албаган, дайыма жүгүрүп иштеген, уюшту-руучулук касиетке ээ адис экендигин, аны башкармалыктын мотору деп коюшарын айтат. Ал тургай кош бойлуу болуп ай-күнүнө жетип турган кезде, өзү машина айдап алып Таласка иш сапарына барып келгенден эки күндөн кийин эс алууга чыгып, он күнгө жетпей эгиз балдарды жарыкка алып келген.

— Иш сапарына кеткенде балдарымды жолдошум карап калат. Кичинекейлериме көбүрөөк тынчсызданам. Жолдошум дагы ден соолугуна байланыштуу иштебейт. Бирок ал менин жумушумду, күндүр-түндүр иш сапарларда жүргөнүмдү туура түшүнүү менен мамиле кылат. Эгерде ал мени ар тараптуу колдобосо, минтип иштей алмак эмесмин, — дейт Назгүл Мукашевна.

Түйшүктүү иштерге түткөн ким?

Кесиптик билим берүү башкармалыгын-дагы айымдардын эӊ улуусу Абылкасымова Гүлмира жыйырма жылга жакын убактан бери үзгүлтүксүз иштеп келет. Тажрыйбалуу адис катары жогорку жана кесиптик орто окуу жайларынын бүтүрүүчүлөрүнүн мамлекеттик аттестацияларын уюштуруу, кесиптик билим тууралуу документтердин формасын иштеп чыгуу жана аларды окуу жайларга берүү тартибин көзөмөлгө алуу, алардын мамле-кеттик стандартка төп келишин көзөмөлдөө,

Президенттен, Өкмөттөн, Жогорку Кеӊештен келген нормативдүү документтерди аткаруу сыяктуу бир топ иштерди аткарат. Ушул эле башкармалыктын эӊ мыкты адиси катары Евгения Чубукованы айтсак болот. Качан болбосун эшигинин алдында ар кандай ма-селелер менен келген жогорку окуу жай-ларынын кызматкерлери жыйылып турат. Алардын ар бирине түшүнүү менен мамиле кылган, ар биринин маселесин өз убагын-да чечип берүүгө аракет кылган, катуу сүйлөбөгөн жумшак адам. Ага кайсы маалда иш боюнча кай-рылба билбейм, анан кел деген жооп укпайсыӊ, өзүнө тийиштүү маалыматты кечиктирбей берген, ишин мыкты билген адис.

— Өзгөчө жогорку окуу жай-ларына кабыл алуу өнөктүгү башталган кезде үй бетин көрбөй иштегенге туура келет. Күн сайын ар бир окуу жайдан отчет алып, аны анализдеп туруунун өзү эле чоӊ иш, — дейт Ев-гения.

Эл аралык кызматташ-тыкты  бекемдөө,  окутуу-чулар, студенттер менен алмашуу, эл аралык ке-лишимдерди түзүү жагын колго алып, ишти үзгүлтүккө учуратпай келе жаткан Эл ара-лык кызматташтык секторунун башчысы Со-нун Адрешеваны дагы баса белгилеп кетүү керек. Марченко Лариса болсо министрлик-тин кыздарынын ичинен өзгөчө мактоого арзый турган кызматкер. Ал башкалардан ашыкча сөзү жок, өз ишин эӊ мыкты билген, тыным албай иштеген күжүрмөндүгү менен айырмаланып турат.

Он жылдан ашуун өмүрүн министрликтин ишине арнаган Самара Умралиева дагы мыкты адис. Ал Мектепке чейинки, мектепте жана мектептен сырткаркы башкармалыгын-да башкы адис болуп иштеп турган кезинде иш бөлмөсүнөн такыр киши үзүлчү эмес. Республика боюнча аттестат, күбөлүктөрдү берүү ишин жетектеп, окуучулар арасын-дагы республикалык олимпиаданы жогорку деӊгээлде уюштуруп келген. Качан көрбө ичи документке толгон чоӊ сумкасын көтөрүп алып жүргөнү жүргөн. Азыр лицензиялоо бөлүмүндө эмгектенүүдө.

 Улуу көчтү улагандар

13 жылдан бери республика-дагы  мугалимдердин  жетишсиз-диги, жаӊы бүткөн жаш адистерди бөлүштүрүү,  ишке  орноштуруу, мамлекеттик кызматчылардын би-лимин жогорулатуу жагын колго алып келе жаткан адис Мамбета-кунова Нургүл, жалпы бөлүмдүн сектор башчысы Асел Орозали-ева, Асанова  Каныкей,  Евгения Бойко, Виктория Балтиева, Гүлшан Абдылдаева, Салтанат Мамбетова, Акыйкат  Баймуратова,  Жибек Мусаева, Бактыгүл Кадыралиева сыяктуу кыздар дагы жогоруда ай-тылган улуу муундун аркасынан кем калышпай өсүп келе жаткан жаш адистер.

Чолпон КИЙИЗБАЕВА,

“Кутбилим»

Поделиться

Комментарии