«Манаста» жаңы борборлор ачылды

  • 16.04.2013
  • 0

«Манаста» жаңы борборлор ачылды

Түркия Кыргызстан менен билим берүү тармагында кызматташтыгын улантууга даяр экендигин Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин жаңы имараттарынын ачылыш салтанаты учурунда Түркиянын премьер-министри Режеп Тайип Эрдоган билдирди.

Режеп Тайип Эрдоган андан сырткары Түркия экономика, туризм, айыл чарба жаатында дагы кызматташууну кеңейтүүгө кызыкдар экендигин айтты.

— Учурда Кыргызстанда Түркиянын билим берүү мекемелери ийгиликтүү иш алып барууда. Кыргыз студенттери да Түркияда билим алышып, билим берүү тармагында байланыш чыңдалууда. Эки мамлекеттин ортосундагы алаканы эки өлкөнүн жаш муундары ийгиликтүү өнүктүрөт деп ишенем, — деди Түркиянын премьер-министри өз сөзүндө.

КР премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев эгемендүүлүктү алгандан бери Түркия социалдык, экономикалык жактан Кыргызстанды колдоп келе жаткандыгын баса белгилеп, өзгөчө билим берүү тармагындагы кызматташтыктын жемиштүү болуп жатканына токтолду.

— Эки элдин достугун бекемдөөгө «Манас» университетинин дагы тийгизген таасири чоң. Бул жакта билим алып жаткан жаштар эки мамлекеттин достук мамилесин актайт деп ишенем, — дейт Ж.Сатыбалдиев.

Окуу жайда пайдаланууга берилип жаткан технопарктын биринчи этабы болгон технологиялык борбордун курулуш иштерине 3039631 АКШ доллары чыгымдалган. 2008-жылы салына баштаган 61 батирлүү окутуучулар үчүн турак үйүнүн жана беш коттеджинин курулуш иштери 2010-жылы аяктап, ичи заманбап эмеректер менен жабдылган. Илимий-изилдөө иштерине багытталган имараттарга жана саламаттыкты сактоо борборуна жалпысынан 10231088 АКШ доллары өлчөмүндө инвестиция жумшалган. Турмуш-тиричилик багытындагы имараттар да бүткөрүлүп, окуу жайдын кызматкерлерине, студенттерине кызмат кылууда. 658 орундуу студенттер үйүнүн дагы курулушу бүткөрүлүп, колдонулууга берилүүдө. Студенттер үчүн ачылган телестудия үч студиядан турат. Алар көрүүчүлөр үчүн 132 орундуу кичи студия, билим берүү үчүн чарчы чоң студия жана айлана түрүндөгү студия. Мындан башка видео башкаруу, камераны жана жарыкты көзөмөлдөө, үн башкаруу жана монтаждык бөлмөлөрү орун алган. Телестудиянын курулушуна 825.000 АКШ доллары жумшалган. Мындан сырткары, университеттин кампусунун долбооруна 11 факультеттин имараты, студенттик жатакана, стадион жана ачык спорттук комплекстер, окутуучулар үчүн турак жай, басмакана, турмуш-тиричилик объектилери, лицей, конгресс борбору, мейманкана, соода борбору, бала бакча, автономдуу жылуулук берүүчү станция, жашылдандырылган гүлбакчалар жана автопарктар каралган.

Чолпон Кийизбаева

Поделиться

Комментарии