МЕДИА САБАТТУУЛУК ДҮЙНӨСҮНДӨ: MEDIA STATION 2023 ЛАГЕРИ

  • 12.07.2023
  • 0

«Мен медиасабаттуулук маалыматты чыпкалоо гана эмес, ошондой эле окуяларды түзүү жана жеткирүү күчү экенин түшүндүм», «Лагерь көз карашымды кеңейтип, мени жаңы медиа долбоорлорго шыктандырды!»,  — дешет, Ысык-Көл жээгинде өткөн Media Station аттуу кызыктуу жана билим берүүчү жайкы лагеринин катышуучулары.

МЕДИА САБАТТУУЛУК ДҮЙНӨСҮНДӨ: MEDIA STATION 2023 ЛАГЕРИ

30-июндан 7-июлга чейин көгүлтүр көл жээгинде өткөн жайкы лагерге Кыргызстандын булуң-бурчунан 40 мектеп окуучусу катышып, медиа сабаттуулук дүйнөсү менен жакындан таанышып кайтышты. “Медиа Сабак” фондунун директору Айчүрөк Усупбаева, бул лагердин өзгөчөлүгү — катышуучулар журналистика, фотография, видеотартым жана башка багыттар боюнча жөндөмдөрүн өркүндөтүшү үчүн ар түрдүү иш-чараларды, анын ичинде теорияны, практиканы жана чыгармачылыкты бириктирип өткөнүндө экендигин белгиледи.

МЕДИА САБАТТУУЛУК ДҮЙНӨСҮНДӨ: MEDIA STATION 2023 ЛАГЕРИ

“Кыргызстанда жаштар арасында медиа жана маалыматтык сабаттуулукту гана өнүктүрүү эмес, аларды сөз эркиндигин баалап, конституциялык укуктарды урматтоого жана жаркын келечекти түзүүгө жигердүү салым кошууга үйрөтүү өзгөчө маанилүү. Биздин сайт – бул ар бир катышуучу жаратуучуга айланган чыгармачыл мейкиндик”, — дейт Айчүрөк Усупбаева.

МЕДИА САБАТТУУЛУК ДҮЙНӨСҮНДӨ: MEDIA STATION 2023 ЛАГЕРИ

Жети күн аралыгында катышуучулар «Онлайн Медиа», «Мультимедиа» жана «Театр» студияларындагы чыгармачыл атмосферага аралашты. Таң эртеден түшкө чейин тренерлер Каныкей Кененсариева, Кундуз Жекшен кызы жана Ширин Аманбекова интерактивдүү көнүгүүлөрдүн жардамы менен критикалык ой жүгүртүү, фактылар менен пикирлердин айырмасы, жек көрүү сөздөрү, пропаганда, заманбап коомдогу ЖМКнын ролу, адам укуктары жана башка кызыктуу темалар боюнча жандуу маек куруп беришти.

МЕДИА САБАТТУУЛУК ДҮЙНӨСҮНДӨ: MEDIA STATION 2023 ЛАГЕРИ

Түшкү тамактан кийин насаатчылар — Би-Би-Синин журналисти Руфат Эргешов, режиссёр жана оператор Руслан Кубанычбеков балдарга фото жана видео тартуудан баштап монтажга, атайын эффекттерди колдонууга, идеяларды жаратууга, сценарий жазууга жана медиа продуктуларды түзүүгө чейин көптөгөн техникалык каражаттарды өздөштүрүүгө жардам беришти. Белгилүү актер Анвар Осмоналиев катышуучулардын чыгармачылык жана актёрдук жөндөмдүүлүктөрүн ачууга, эмоцияларды жана сезимдерди билдирүүгө, фантазияны өнүктүрүүгө, чектөөлөрдөн арылууга жана сахнадагы спектаклдер аркылуу өзүн-өзү сыйлоо сезимин арттырууга шыктандырды.

МЕДИА САБАТТУУЛУК ДҮЙНӨСҮНДӨ: MEDIA STATION 2023 ЛАГЕРИ

Кечинде балдар лагерь учурунда жетишкен зор ийгиликтерди көрсөтүп, укмуштуудай спектаклдери жана медиа продукциялары менен көрүүчүлөрдү кубандырды.

МЕДИА САБАТТУУЛУК ДҮЙНӨСҮНДӨ: MEDIA STATION 2023 ЛАГЕРИ

“Медиа Сабак” фондунун Түштүк региону боюнча координатору Тынчтыбек Досмуратов лагердин тарыхында лагердин президенттигине биринчи жолу кыз бала шайланганын өзгөчө маанилүү окуя катары айтып өттү.

МЕДИА САБАТТУУЛУК ДҮЙНӨСҮНДӨ: MEDIA STATION 2023 ЛАГЕРИ

— Катышуучулар саясий процесстерди массалык маалымат каражаттарында чагылдыруунун өзгөчөлүктөрүн тереңирээк түшүнүшү үчүн лагердин президентин шайлоону уюштурдук. Заманбап технологиянын жана Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясы берген урнанын жардамы менен катышуучулар шайлоо жарышына, талаш-тартыштарга жана бийликти колдогон жана оппозициялык маалымат каражаттарынын ролун аткарган командалардын көптөгөн манипуляцияларына туш болушту. Лагердин тарыхында биринчи жолу маанилүү окуяга – Талас шаарынан келген Адеми Чыныбекованын, тактап айтканда, кыз баланын президенттикке шайланышына күбө болдук. Бул тарыхый учур бардык катышуучулардын жүрөгүндө унутулгус из калтырды, — деди ал.

МЕДИА САБАТТУУЛУК ДҮЙНӨСҮНДӨ: MEDIA STATION 2023 ЛАГЕРИ

Лагерден кайткан соң ар бир катышуучу өз жамаатындагы медиа сабаттуулукка багытталган өзүнүн кичи долбоорун ишке ашырмакчы. Бул балдар үчүн медиа тармагында өз өнөрлөрүн өркүндөтүп гана тим болбостон, келечекте өлкөбүздүн жаш лидерлери болууга да чоң мүмкүнчүлүк экени чындык.

Аталган лагерь «Медиа Сабак» коомдук фонду Германиянын Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү боюнча федералдык министрлиги жана DW Академиясынын каржылык колдоосу менен уюштурулган.

МЕДИА САБАТТУУЛУК ДҮЙНӨСҮНДӨ: MEDIA STATION 2023 ЛАГЕРИ

Белгилей кетсек, 2017-жылдан бери иштеп келаткан лагерге катышуу үчүн 8-9-10-класстардын окуучуларынан 1145 табыштама келип түшкөн.

Айнагүл КАШЫБАЕВА,

“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер