ЖАПАРОВ КЫРГЫЗСТАНДЫН СОЦИАЛДЫК КОРГОО ЖАНА ПРОФСОЮЗДАР КЫЗМАТКЕРЛЕРИН КЕСИПТИК МАЙРАМЫ МЕНЕН КУТТУКТАДЫ

  • 19.10.2020
  • 0

Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров бүгүн, 19-октябрда, Кыргызстандын социалдык коргоо жана профсоюздар кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.

Төмөндө куттуктоо тексти:

«Урматтуу социалдык чөйрөнүн кызматкерлери!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар — Кыргыз Республикасынын Социалдык коргоо жана профсоюздар кызматкерлеринин күнү менен чын дилимден куттуктайм!

Бул күн сиздердин эмгегиңиздер коом үчүн маанилүү экенин гана билдирбестен, мамлекеттик саясатыбызда социалдык фактордун өсүп баратканын да чагылдырып турат.

Бул майрам кызматтык милдеттерин так аткарып, ак дилден өз өмүрүн адамдарга кызмат кылууга арнаган инсандарды бириктирет. Бүгүнкү күндө социалдык өнүгүү системасында өз кесибин сүйгөн жана колдоого, боорукердикке муктаж болгон жарандардын бардыгына мээримин төккөн, жүрөгүнүн жылуулугун бөлүшкөн мээрман адамдар эмгектенет.

Адамдардын кубанычын жана кайгы-капасын тең бөлүшүүгө, татаал учурда жардамга келүүгө дайым даяр турасыздар деп терең ишенебиз.

Бүгүнкү күндө сиздердин эмгегиңиздер болуп көрбөгөндөй талап кылынууда. Ошондуктан социалдык чөйрөнүн кызматкерлери калктын аярлуу катмары менен талыкпай иш жүргүзө берет деп ишеним артабыз.

Биз биргелешип өнүккөн Кыргызстанды курабыз!

Сиздердин оор жана түйшүктүү, бирок коомубуз үчүн өтө маанилүү ишиңиздер ийгиликтүү болсун. Сиздерге чың ден соолук, ар бир үй-бүлөгө бакты-таалай, тынчтыкты жана бейпил жашоону каалайм!»

Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү

Бөлүшүү

Комментарийлер