«РЕФОРМАЛАРДЫН ТЕМПИ ТОКТОБОШУ КЕРЕК»

  • 04.10.2022
  • 0

Бүгүн КР Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу болуп президенттин жарлыгы менен дайындалган Уланбек Мамбетакуновду министрликтин аппарат кызматкерлерине тааныштырды. Ал 2022-жылдан март айынан бери министрдин орун басары болуп иштеп жаткан.

"РЕФОРМАЛАРДЫН ТЕМПИ ТОКТОБОШУ КЕРЕК"

Акылбек Жапаров өз сөзүндө билим тармагындагы башталган реформалар токтотулбай, улана берерин билдирди.

-Биз көпкө кеңешип, Уланбек Мамбетакуновдун кандидатурасына токтолдук. Анын талапкерлиги  Жогорку Кеңешке киргизилди. Бүгүн, эртең депутаттар макулдугун берип, колдоп берет деген ишенимдебиз. Экинчиден, бул тармакта башталган эң жакшы реформалардын темпи бузулбай, ишке аша бериши керек. Албетте, мисалы 12 жылдык билим берүүдөн баш тартпайбыз. Мына, беш жогорку окуу жайына жаңы макам бергенбиз. Алар кыска убакытта дүйнөлүк рейтингде алдыда турган ЖОЖдордун катарына кошулушу парз. Балдарыбыз төрт тилде эркин сүйлөп, ден соолугу чың, атаандаштыкка туруштук бергендей билим, тарбия алышы зарыл,- деди А.Жапаров.

Төрага ошондой эле билим берүү тармагына техникалык модернизация жүргүзүүгө казынадан 4 млрд. сом акча каражаты каралганын белгилеп, аны эффективдүү пайдалануу керектигине, билим тармагынын ар тараптуу өнүгүүсүнө бардык шарттар түзүлүп жаткандыгына токтолуп келип, жаңы министрди жаңы орду менен куттуктап, ишине ийгилик каалады.

"РЕФОРМАЛАРДЫН ТЕМПИ ТОКТОБОШУ КЕРЕК"

Билим берүү жана илим министрлигинде жетекчинин алмашуусу бул тармакта комплекстүү реформалар активдүү жүрүп жаткан учурга туура келди. Эң оболу билим берүүнүн мазмунун жаңы шартка ылайык өзгөртүп жаңыртуу аракети көрүлүп жатат. Ошондой эле билим берүүнү башкаруунун эффективдүүлүгүн жогорулатуу дагы орчундуу милдет болуп турат. Бул максатта эгемендик жылдары биринчи жолу мектеп директорлору конкурстук жол менен тандалып алынууда.

Жогорку билим тармагында беш алдыңкы университетке өзгөчө макам берилип, аларга билим берүү жана илим менен катар бизнес жана өндүрүштү кошо алып кетүү, дүйнөлүк беш жүз алдыңкы университеттин катарына кирүү талабы коюлууда.

Ал эми илим тармагында академиялык илим менен жогорку окуу жайлардагы илимий ишмердикти интеграциялоо, илимпоздордун эл чарбасын өнүктүрүүгө салымын жогорулатуу багытында реформалык иштер башталды.

Уланбек Мамбетакунов мурдагы министрдин командасындагы активдүү ишмер катары  бул реформаларды ишке ашырууга активдүү катышып жаткан эле. Эми жогорку жактан саясий колдоо болуп жатканда, министрликтин аппараты реформалык өзгөрүүлөрдү ишке ашырууга күүлөнүп алган мезгилде, башталган активдүү аракеттер токтобой, темпин жоготпой алдыга жыла берет деген үмүт тилек чоң.

Майрамбек ТОКТОРОВ, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер