ЖҮРӨГҮМДӨ – КЫРГЫЗСТАН!

  • 25.09.2020
  • 0

“Балажан” салт катары жыл сайын өткөрүп келаткан “Жүрөгүмдө Кыргызстан!” интеллектуалдык викторинанын жыйынтыгында баардыгы болуп 21 бала жеңүүчү деп табылды.

Аталган республикалык эстетикалык тарбиялоо окуу-методикалык борбору өткөргөн викторина балдарды интеллектуалдык иш-чараларга катыштыруу аркылуу жаңы билим алууга кызыктыруу максатын көздөйт. Викторинанын аты айтып тургандай эле, анын өзөгүн Кыргызстандын жаралуу жана өнүгүү жолуна, анын тарыхый жана маданий мурастарына, маданиятына жана жаратылышына байланыштуу суроолор түздү.

ЖҮРӨГҮМДӨ – КЫРГЫЗСТАН!

“Балажандын” коомчулук менен байланыш адиси Алтынбек Асаналиевдин айтымында, катышуучуларга берилген суроолор энциклопедиялардан жана китептерден алынган.

— “Жүрөгүмдө — Кыргызстан!” викторинасынын суроолорун түзүп жатып, биз балдардын китеп окууга кызыгуусун жогорулатуу, интернет-булактарын кеңири пайдалануу сыяктуу учур талаптарын да эске алдык. Суроолор жана сүрөттөр социалдык тармактардагы “Балажандын” баракчасындагы Instagram тиркемесинде жайгаштырылып, катышуучулардын жашына – 7 жаштан 17 жашка чейинки жаш курагына жараша жөнөкөйдөн татаалга чейинки схема боюнча жарыяланып турду. Конкурс жүрүп жаткан күндөрү 2831 активдүү аккаунт камтылса, жарыяланган постторду жалпысынан 51628 көрүүчү көргөн, — дейт.

Эгемендик күнүнө жана Билим күнүнө арналган сынактын жобосуна ылайык, биринчилерден болуп суроолорго же сүрөттөргө (постторго) жооп жазгандар, жообуна жараша сынактын жеңүүчүсү деп табылды. Сынакты уюштуруучулар суроолор жарыяланган күнү эле жеңүүчүлөрдү аныкташып, жыйынтыгында 21 бала жеңүүчү деп табылды, аларга Билим берүү жана илим министрлигинин биринчи, экинчи, үчүнчү даражадагы дипломдору ыйгарылды.

Викторинанын жүрүшүндө ысык-көлдүктөр эң активдүүлүгүн көрсөтө алышкан. Алсак, биринчи даражадагы дипломго Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы №11 мектептин окуучусу Камила Бакирова, ушул эле мектептин окуучусу Асема Дүйшөбаева, Түп районундагы Өмүр баатыр атындагы мектептин окуучусу Айчолпон Муфтуевалар ээ болушту. Бишкектеги №15 мектептин окуучусу Амина Гасанова, №78 мектеп-гимназиянын окуучусу Гүлнара Орозобекова сыяктуу борбор калаабыздагы окуучулардын да чыгармачылык дараметтери байкалды. Андан тышкары, кыздардын республикалык кыргыз-түрк Анадолу лицейинин, Бишкектеги А.Молдокулов атындагы инновациялык технологиялар улуттук мектеп-лицейинин, Ош шаарындагы “Келечек” балдар чыгармачылыгы борборунун, “Билим” лицейинин, “Мээрим” балдар борборунун ж.б. чыгармачыл балдардын активдүүлүктөрү да көз жаздымда калган жок.

Сынакты уюштуруучулар балдарга интеллектуалдык билим менен бирге, мындан ары да өздөрүнүн креативдүүлүгүн жана чыгармачылыгын жогорулатууга багыт бере алдык деген ишенимде.

ДҮЙНӨ БАЛДАРЫ ДОСТОШОТ

Минск шаарында өткөн “Дүйнө балдары достошот” балдардын сүрөттөрүнүн Эл аралык VII сынагында Кыргызстандан барган “Балажан” республикалык эстетикалык тарбия берүү окуу-методикалык борборунун “Көркөм сүрөт, архитектура жана дизайн” студиясынын таланттуу окуучусу Марьям Урмамбетованын эмгектери (мугалими О.Дунганова) үчүнчү даражадагы дипломго ээ болду.

ЖҮРӨГҮМДӨ – КЫРГЫЗСТАН!

Сынакка катышууга 27 өлкөдөн 4500 бала өздөрүнүн эмгектерин жөнөткөн. Борбордун Көркөм сүрөт бөлүмүнүн жетекчиси Гүлнара Жекшенованын айтымында, кесипкөй адистерден куралган калыстар тобу балдарды жаш курактарына жараша бөлүп, “Живопись”, “Графика” жана “Аралаш техника номинациялары боюнча 85 жеңүүчүнү аныктаган.

— Эл аралык сынакка Кыргызстандын атынан “Балажан” борборунун таланттуу жаш жеткинчектери катышканына сыймыктанабыз. Азербайжан, Армения, Беларусия, Болгария, Италия, Куба, Кытай, Латвия ж.б. баардыгы болуп 27 мамлекет катышканы эле бул сынактын масштабдуулугун айгинелеп турат. “Дүйнө балдары достошот” балдардын сүрөт сынагында үчүнчү даражадагы диплом алган Марьям кызыбыздын ийгилигине биз да чексиз кубанып турабыз. Анткени балдардын жеңишинде инновацияларды колдонуу менен иш алып барышкан педагогдорубуздун тынымсыз эмгегинин салымы зор деп ойлойбуз. Акыркы жылдары биздин чыгармачыл балдарыбыздын ар түрдүү эл аралык сынактарга катышып, жеңүүчү болуп жатышканы катышуучулардын сапаттык жана сандык өсүүлөрүн айгинелөө менен бирге, “Балажан” борборунун Н.И.Овчинникова, Р.П.Ким, А.А.Тыналиева, А.С.Мусина ж.б. кесипкөй педагогдорубуздун жогорку деңгээлдеги чеберчилигинен кабар берет, — дейт, Гүлнара Октябровна.

ЖҮРӨГҮМДӨ – КЫРГЫЗСТАН!

“Дүйнө балдары достошот” сынагынын максаты – чыгармачылык аркылуу эл аралык маданий байланыштарды чыңдоо болуп саналат. Аны уюштуруучулар быйыл балдардын көңүлүн экологиялык көйгөйлөргө, жаратылышка аяр мамиле жасоонун маанилүүлүгүнө буруу менен, балдардын көркөм чыгармачылыгын өнүктүрүү, жаш таланттарды табуу жана аларга колдоо көрсөтүүгө басым жасашты. Сынактын катышуучуларынын эмгектеринен көркөм образдардын жардамы менен климаттык өзгөрүүлөр дуушар кылып жаткан көйгөйлөрдү, жаратылышты коргоо үчүн көрүлүүчү чараларды да камтышканын көрүүгө болот.

  • Сынактын темасы ар түрдүү болду. Алсак, “Экофакт” сынагы биздин планетабызга адамдын ишмердүүлүгүнүн тийгизген таасирин ачып берүүгө чакырса, “Экокеңештер: планетаны сакта” сынагында жаш сүрөтчүлөр ар бир адамдын ишмердүүлүгүн чагылдырышкан, атап айтканда, энергияны үнөмдөөчү технологияларды колдонуу менен көмүртек бөлүп чыгарууну кыскартуу, энергиянын альтернативдүү булактарын издөө, жаратылышка аяр мамиле жасоо ж.б. үндөшөт. Ал эми “Менин жашыл планетам” сынагында балдар планетанын жандуу жаратылыш уникалдуулугунун ар түрдүүлүгү, жаныбарлардын жана өсүмдүк дүйнөсүнүн байлыгы жана өз мекенибиздин жаратылыш жана климаттык өзгөчөлүгү менен тааныштырышкан,-дейт Г.Жекшенова.

Дүйнө балдарынын чыгармачылыгы багытында эң беделдүү  сынактардын бири катары эсептелген бул сынакты Беларусия Республикасынын билим берүү министрлиги жана Балдардын жана өспүрүм жаштардын көркөм чыгармачылыгы улуттук борбору биргеликте уюштурушкан.

 

Айнагүл Кашыбаева,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер