ТОЙ-АШ ӨТКӨРҮҮГӨ КӨЗӨМӨЛ КҮЧӨТҮЛӨТ

  • 24.09.2020
  • 0

Республикалык ыкчам штаб тарабынан жергиликтүү бийлик органдарына жана тиешелүү мамлекеттик органдарга эл көп чогулган массалык иш-чараларды жана тойлорду өткөрүүгө тыюу салуу талабынын сакталышы боюнча көзөмөлдү күчөтүү тапшырмасы берилди.

Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдын жыйынында айтылды.

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрү өлкөнүн айрым райондорунда коронавирус инфекциясынын тастыкталган учурлары жана өпкөсү сезгендер көп катталып жатканын билдиришти. Бул кыргызстандыктардын бет кап тагынбай калышына жана эл көп чогулган иш-чараларды өткөрбөө талабынын сакталбашына байланыштуу. Тагыраак айтканда, жүргүзүлүп жаткан эпидемиологиялык иш-чаралар жана түшүндүрүү иштери жарандар тарабынан көз жаздымда калууда.

Жыйындын катышуучулары кафе жана ресторандарда ар кандай салтанаттар өткөрүлүшү боюнча учурлар байма-бай катталып жатканын белгилешип, массалык иш-чараларды өткөрүү жана айып пулдун өлчөмүн көбөйтүү үчүн административдик чараларды күчөтүү мүмкүнчүлүгүн белгилешти.

Биринчи вице-премьер-министр Алмазбек Баатырбеков пандемияны эске алуу менен Өкмөт ишкерликти колдоо үчүн антикризистик чараларды, салыктык жеңилдиктерди кабыл алганын айтты. Бирок ишкерлер коронавариска каршы күрөшүүгө жардам берүүнүн ордуна, ар кандай амалдарды жасап, адамдарды кафе-ресторандарынын артындагы эшиктеринен киргизип, тойлорду жашыруун өткөрүп жаткандыктарын белгиледи.

Алмазбек Баатырбеков тойлорду жана башка массалык иш-чараларды өткөрүү боюнча абал өзгөрбөсө, Өкмөт мыйзамга ылайык башка чараларды кабыл алат.

Жергиликтүү бийликтин жана тармактык органдардын өкүлдөрү Республикалык штабдын тапшырмасынын негизинде коомдук жайларда бет кап тагынуу режимин сактоо боюнча көзөмөл күчөтүлгөнүн, соода түйүндөрүн жана базарларды дезинфекциялоонун графиги түзүлгөнүн билдиришти.

Биринчи вице-премьер-министр бир катар жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдө эпидемиологиялык кырдаал начарлаганы байкалып жатканын айтып, жарандар абалдын олуттуулугун түшүнүп, жоопкерчиликтүү болуп, Саламаттык сактоо министрлигинин сунуштарын аткарууга тийиш экенин кошумчалады.  Анын айтымында, коронавирус инфекциясын дарылоого жеткирбей, анын жайылышына жол бербөө боюнча чараларды кабыл алуу керек.

Алмазбек Баатырбеков Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине медициналык мекемелерде дары-дармектердин, жеке коргонуучу, дезинфекциялоочу каражаттардын жана антисептиктердин үч айлык запасын кыскартылгыс көлөмдө түзүп туруу тапшырмасын берди.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер