УЛУТТУ УЛУТ КЫЛГАН — ТИЛ!

  • 23.09.2020
  • 0

Ушундай аталыштагы онлайн иш-чара 22-сентябрда Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинде өттү.

УЛУТТУ УЛУТ КЫЛГАН - ТИЛ!

Ал «Кыргыз тили» гимнин аткаруу менен башталып, андан соң  Мамлекеттик тил мыйзамынын кабыл алынышын чагылдырган тарыхый видео көрсөтүлдү.  Катышуучуларды жана кыргыз элин университеттин ректору А.Абдыкалыков  онлайн куттуктады https://youtu.be/WDtt2Vvf5i8.

Иш-чаранын уюштуруучусу кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын башчысы М.Карыбекова дагы Мамлекеттик тил күнү менен куттуктап,  тил жумалыгынын жыйынтыгын жарыялады.

  • 14-сентябрдан тартып 21-сентябрга чейин өткөрүлгөн «Улутту улут кылган — тил!» деген аталыштагы жумалыктын алкагындагы окутуучулар арасындагы «Кыргыз тилиндеги мыкты видео-сабак» сынагынын жыйынтыгы https://youtu.be/3dePShca4EI тааныша аласыздар;
  • «Келгиле, тилибизди даңктайлы» көркөм окуу сынагынын жеңүүчүлөрүнүн видеолору https://youtu.be/nR1gJzChAf8
  • «Менин тилим-менин дилим» деген аталыштагы дил баян жазуу сынагынын жеңүүчүлөрү https://youtu.be/n-CIt9laqa4
  • «Сабаттуулук – кыргыз тилин өнүктүрүүнүн башаты» — тандалып алынган презентациялар https://youtu.be/uOWHdKa-SpU
  • «Автордук ырлар сынагы (1-курстун студенттери арасында) https://youtu.be/rX4HTRuVqXY

 

Бардык жигердүү катышкан окутуучуларга жана студенттерге уюштуруучулар тарабынан Ардак грамоталар тапшырылат.

Бөлүшүү

Комментарийлер