ОШТУДА  «ТИЛ ЖУМАЛЫГЫ» ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

  • 23.09.2020
  • 0

23-сентябрь — Мамлекеттик тил күнүнө карата Ош технологиялык университетинде кыргыз жана орус тилдер кафедрасы тарабынан майрамдык иш-чара онлайн режиминде уюштурулуп, атайын жарыяланган жумалыктын жыйынтыгы чыгарылды.  

ОШТУДА  «ТИЛ ЖУМАЛЫГЫ» ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

Ага окуу жайдын жетекчилиги, окутуучулар жамааты жана студенттер катышышты. Иш-чарада эне тил жөнүндө көркөм ырларды окуу жана манас айтуу, элдик ырлар студенттер тарабынан даярдалып, жогорку дээңгелде аткарылды.

Жумалыктын алкагында  «Эне менен эл турганда эне тилим жоголбойт» аттуу дилбаяндын, көркөм окуу,  сүрөт тартуу сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды.

Дилбаян сынагы боюнча:

1-орун  — ИКТСС-20 тайпасынын студенти Жээнбекова Нурпери;

2-орун — АРХ-20 тайпасынын студенти Кожоев Төлөгөн;

3-орун — ДО-20 тайпасынын студенти Юсупова Муслима;

Сүрөт сынагы боюнча:

1-орун — ТШИ-20 тайпасынын студенти Асанова Жылдыз;

2-орун — СТР-20 тайпасынын студенти Таалайбек к. Нуркыз;

3-орун — ИКТ-20 тайпасынын студенти Эмилбек к.  Наргиза

Автордук ыр-көркөм окуу сынагы боюнча:

1-орун — СТР-20 тайпасынын студенти Бекболот у. Азиретали;

2-орун — ИКТ-20 тайпасынын студенти Толкун к. Сезим;

3-орун — ЭиЭТ тайпасынын студенти Кадырбеков Элтуран.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер