МЕДАКАДЕМИЯ  МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ КҮНҮН ОНЛАЙН БЕЛГИЛЕЙТ  

  • 22.09.2020
  • 0

Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын бардык бөлүмдөрү  Мамлекеттик тил күнүн онлайн түрүндө салтанаттуу белгилешет. Бул боюнча академиянын ректору атайын буйрук чыгарды. 

Учурда окуу жайдын  сайты жана социалдык тармактар аркылуу ар кайсыл сабактар боюнча окутуучулар кыргыз тилинде  окуган дарстардын  үзүндүлөрү,  студенттер аткарган ырлар, поэтикалык саптар, майрамдык куттуктоолор видеого тартылып, таратылып жатат.

Медакадемиянын мамлекеттик тилди өнүктүрүү сектору  жогорку медициналык билим берүүдө жана окуу жайында иш кагаздарын жүргүзүүдө кыргыз тилин пайдаланууну жакшыртуу боюнча жаңы программаны иштеп чыгууда.

Бөлүшүү

Комментарийлер