ОКУУГА ДИЛГИРЛЕНТКЕН ОРДО

  • 20.09.2020
  • 0

Караңгылык бардык жамандыктын башаты эмеспи! Мындан кутулуунун бир гана жолу бар. Ал окуу. Илгери окуу материалдарынын жетишсиздигинен улам эл аз окуган окшойт деп ойлоп калчумун. Кызыгы, маалыматтын баары алакандагы аппаратка сыйып калган азыркы кезде деле окубай коюп жатпайбы көпчүлүк. Айрыкча жаштарды китеп окууга кызыктыруу керек экендигин баарыбыз эле түшүнүп жетебиз. Бирок “Кантип?” деген суроого алгылыктуу жооп табуу кыйын экен. Так ушул маселеге байланыштуу Түркияда ишмердигин улантып келе жаткан окурмандар мектеби жөнүндө кеп кылалы.

ОКУУГА ДИЛГИРЛЕНТКЕН ОРДО

Анадолу Мектеби

“Анадолу мектебин” жайылтууга мурдагы айыл чарба министри проф. Сами Гүчлүнүн демилгеси менен 2012-жылы 12 ыктыярчы бел байлаган. Анын максаты өзгөчө соңку кылымдагы жашап өткөн, Түркиянын маданий калыптануусунда зор орду бар тандалма илимпоз, жазуучуларынын эмгектерин системалуу түрдө окутуу жана баяндоо болгон. Тандалган он эки жазуучунун көбү Түркиялык түрктөрдөн турса да, негизи жалпы түрк дүйнөсүнүн алптарын таанытууну көздөгөндүктөн, ал тизмеде Чыӊгыз Айтматов дагы бар. Учурда Түркиянын жыйырмадан ашуун облусунда мектеп окуучуларынан жана студенттерден турган үч миңден ашуун окурман тобун түзүүгө жетишкен. Сами Гүчлүнүн айтымына караганда, Анадолу мектеби окурмандардын санын мындан ашырып жиберүүнү каалабайт. Анткени бул долбоор тандалма окурман катмары менен гана жүзөгө ашырылышы керек. 2018-жылы Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата мектептин уюштурган иш-чараларынын алкагында төрт жүздөн ашуун окурман облустук жана облустар аралык деңгээлде Айтматовдун чыгармаларынан бирден теманы тандап, түшүнгөнүн жазып баяндаса жасап беришти.

 

Иштөө тартиби

Бул мектептин окурман катмары толугу менен ыктыярчылардан турат. Жогоруда айтып өткөндөй, адегенде 12 окурман демилгени жайылтуу максатында саналуу гана мектепке жана университетке барып өздөрүн тааныткан соң, ал окуу жайлардан да өз ыктыяры менен катышууну каалаган окуучу, студенттер чыккан. Тартип боюнча ыктыярдуу окурмандардын тобу түзүлүп, ошол мектептен же университеттен бир ыктыярдуу мугалим аларга жетекчи болуп дайындалат. Иш-аракеттин жүрүшүн ошол мугалимдин жоопкерчилигинде көзөмөлдөп турушат. Ушинтип бир канча мектеп жана университетке өздөрүн таанытып алган соң, атагы алыска кетип, Түркиянын ар кайсы облустарындагы мектеп жана университеттерден окурмандар тобу Анадолу мектебине жазылып, китеп окуу иш-чарасына активдүү катыша башташкан.

Тандалган жазуучулардын ар бирине адатта 3-4 ай убакыт бөлүнөт. Бул убакта окурмандар тийиштүү жазуучунун китептерин мүмкүн болушунча көп окушат. Белгиленген мөөнөттө окулчу китептердин минимум саны белгиленбегени менен, окурмандар адатта тийиштүү жазуучунун көпчүлүк чыгармаларын окуп бүтүрүшөт. Мектептин талаптарынан бирине ылайык, окурман чыгармаларды ортолоп калган кезде тийиштүү мугалими менен кеңешип, бир тема тандайт. Белгиленген мөөнөттүн акырына жакындаганда, тандаган темасынын алкагында бир дилбаян жазышат. Катары менен мектептик (же университеттик), райондук, облустук жана облустар аралык деңгээлде уюштурулган иш-чараларда окурмандар дилбаяндарын жарыялашат. Албетте, жалпы финалга эӊ жакшылары тандап, атайын тизме менен жарыяланат.

Окурмандар тобун жетектеген мугалимдерге жүктөлгөн дагы бир маанилүү милдет – окурмандын китеп окуусун, дилбаян жазуусун жакындан көзөмөлдөө учурунда анын талантын/шыгын ачууга жана өнүктүрүүгө көмөктөшүү. Бул максатта Анадолу мектебинин жетекчилерине чейин кайрылып, көмөк алууга болот. Ошентип, чыгармачылыкка шыктуу балдарды жаштайынан байкап, туура багыттап, жашоосундагы эң маанилүү көмөктү көрсөтүшөт.

 

Ийгиликке кантип жетишебиз?

Ийгиликти узак мөөнөттүү жана кыска мөөнөттүү деп экиге бөлүп караса туура болчудай. Узак мөөнөттүү натыйжасы – үч миңден ашуун жаш окурмандын, улуттук жана маданий баалуулуктарынын уюткусу дегидей эмгектерди түшүнүп жана түшүндүрүп бере турган деңгээлде окуп, жан дүйнөсүнүн калыптануусунда компас катары аң-сезимине сиңирүүгө аракеттене баштаганы. Анткени бул окурмандар – өлкөнүн эртеңки келечеги! Жаштайынан улуттук жана маданий баалуулуктар менен сугарылып, интеллектуалдык деңгээли өсүп, эң негизгиси, китеп окуу адатын калыптандырып өнүктүрүү канчалык маанилүү экендиги баарыбызга маалым…

 

Ойго салган дилбаяндар

Болу жана Кастамону шаарындагы программаларды барып көрүп калгам. Ошол жерде бир нече баланын дилбаянын угуп, уялганым эсимде: Айтматовду мен аларчалык жакшылап окуй элек экенмин… Окурмандар тийиштүү чыгарманы окуп бүтүргөн соң бир гана өзүнүн жеке түшүнүгүн, алган таасирлерин жазышат экен. Эркин ой жүгүртүүгө дилгир, шык-жөндөмдүү балдарды таап, таптоо жана өз алдынча чыгармачылык жолун улантууга багыттоо бул мектептин максаттарынын бири экен.

ОКУУГА ДИЛГИРЛЕНТКЕН ОРДО

Биздин өлкөдө да ушинтип жаш муунга китеп окутсак деп үмүттөнүп жүрөм. Бизде кыргызды дүйнөгө тааныткан Айтматов менен катар башка да мыкты акын, жазуучуларыбыз бар эмеспи?! Алардын чыгармачылыгына белгилүү платформанын негизинде жаштарды кызыктырып окута алсак, абдан маанилүү, пайдалуу иш болмок.

Анадолу мектебинен көп нерсе үйрөнсө болот. Бирок, менин оюмча, бул мектептен ала турган эң маанилүү сабак – кызыктуу платформаларды түзүү. Анткени ажайып китептер жана аларды окуп, өз деӊгээлинде түшүнө турган балдарыбыз бар. Бирок окурман менен китеп жана окурман менен окурман жакшылап байланышка өтө элек. Так ошол кызыктыруучу долбоорлорду уюштуруп, иш-чараларды аймактык, райондук, облустук жана республикалык деңгээлдерде жүргүзсөк, кыргыз рухун бийикке көтөргөн иш болмок. Бир эле учурда кыргыз тилинин өнүгүшүнө, улуттук нукура интеллигенция катмарынын калыңдашына, абийирдүү, билимдүү жана, эң негизгиси, чыныгы намыстуу жарандардын көбөйүшүнө өбөлгө түзүлмөк. Учурда аксап жаткан саясий маданиятка оӊ таасир этип, чыныгы лидерлердин чыгышына да жол ачылмак.

Мамлекеттүүлүктүн бекемделиши, туура саясат жүргүзүлүшү дегеле бири-биринин акысына кыянаттык кылбагандай түзүмдү түзүү – баарыбыздын кыялыбыз болсо керек. Менин жеке пикиримде, бийик максаттарга жетиш үчүн биринчи кезекте таза адамдарды тарбиялап өстүрүшүбүз керек. Көөдөнү таза кишилер көбөйгөндө гана ар тараптуу оңолуудан үмүттөнө алабыз. Антпесе, көпчүлүк кыңыр иштерге көнүп алса, укуктук эрежелерди буйтап кетүүсү кыйынга турбай калат экен. Андыктан так ошол аң-сезимдик жаңылануу, жандануу, өсүп-өнүгүүнү камсыз кылуу үчүн акын-жазуучуларыбыздын чыгармаларын туура иргеп окуу зор мааниге ээ…

Мүмкүнчүлүгү жетип, элге кызмат кылгысы келип турган замандаштар бул идеяны колго алаар…

Аракет бизден, ийгилик Кудайдан.

 

Сүрөттө: 1. Китепкөйлүктү Кыргызстанга да жайылтууну каалашат. Былтыр 12-сентябрда Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин кампусунда болгон жолугушуудан.

  1. Демилгечилердин бизге келген бир тобу: Бейда Нур Кая (29-май университетинин психология бөлүмүнүн 2-курстагы студенти), Бүшра Гүрожак (Анкара Коомдук билимдер лицейинин 12-класстагы окуучусу), Мехмет Өзйорулмаз (Хажы Байрам университетинин укук факультетинин 3-курстагы студенти), Мухаммед Зеки Өзтүрк (Дүзже лицейинин 12-класстагы окуучусу), Шейма Сары (Богазичи университетинин түрк тили жана адабияты факультетинин 1-курстагы студенти)

Элмурат Кочкор уулу, Түркия

Бөлүшүү

Комментарийлер