ОШМУНУН САНАРИПТЕШТИРҮҮДӨГҮ АЛДЫҢКЫ ТАЖРЫЙБАЛАРЫ

  • 17.09.2020
  • 0

Бүгүн Ош мамлекеттик университетинде жогорку жана орто кесиптик окуу жайлардын жетекчилери үчүн билим берүү системасына санарип ыкмаларды киргизүү боюнча “САНАРИП УНИВЕРСИТЕТ” аттуу практикалык конференция өтүп жатат.

ОШМУНУН САНАРИПТЕШТИРҮҮДӨГҮ АЛДЫҢКЫ ТАЖРЫЙБАЛАРЫ

Өлкө башчысы 9-сентябрда Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында  Ош мамлекеттик университетинде билим берүү системасын санариптештирүү багытында жүргүзүлүп жаткан иштер менен таанышып жатып, билим берүү жана илим министри Каныбек Исаковго заманбап санарип технологияларды киргизүү боюнча ОшМУнун тажрыйбасы өлкөнүн башка билим берүү мекемелери үчүн жакшы үлгү болорун айтып, университеттин негизинде Кыргызстандын башка жогорку окуу жайларынын ректорлору үчүн тааныштыруу семинарын уюштурууну сунуштаган. Конференция Президенттин ошол сунушунун негизинде өтүп жатат. Бул пандемия башталгандан бери билим берүү тармагында болуп жаткан биринчи иш-чара.

ОШМУНУН САНАРИПТЕШТИРҮҮДӨГҮ АЛДЫҢКЫ ТАЖРЫЙБАЛАРЫ

Баарыбызга белгилүү болгондой, пандемия шартында орто мектептерден баштап жождорго чейин аралыктан окутуунун алгачкы тажрыйбасын баштан өткөрдү. Билим берүүнүн бул түрүндө жетишкендиктер дагы, өксүктөр дагы болду. Ал тууралуу иш-чарада министр К.Исаков өзүнүн баяндамасында да айтып, бирок коронавирус пандемиясы билим берүүнү санариптештирүү процессин тездеткенин баса белгиледи.

Быйыл министрликтин эң чоң жетишкендиги катары жогорку жана орто кесиптик окуу жайларга абитуриенттерди кабыл алууну  биринчи жолу онлайн форматында ийгиликтүү жүргүзүп алганын белгилөөгө болот.  Ал үчүн  атайын “Абитуриент Online” автоматташтырылган маалыматтык системасы ишке киргизилип, бардык категориядагы абитуриенттер үчүн бирдей шарт жаралды.

Бардык билим берүү баскычтарында окутуу аралыктан жүргүзүлүп жаткандыктан нормативдик-укуктук базаны да өзгөртүүгө туура келди. Буга байланыштуу дистанттык окутууга өтүү үчүн нормативдик документтер толугу менен өзгөртүлдү жана аралыктан окутуунун негиздерин үйрөтүүчү атайын нускамалар иштелип чыкты.

“Бүгүн билим берүүнүн бардык тармактарында санариптештирүү багытында иштер кандайдыр бир деңгээлде жүрүп жатат жана пандемия бул иштерди тездетти. Ал эми Ош мамлекеттик университетинде билим берүүнү автоматташтыруу жана санариптештирүү иш-аракети 7-8 жылдан бери ишке ашып келе жатат жана бүгүн бул бир логикалык жыйынтыгын берди”, — деди өз сөзүндө министр.

ОШМУНУН САНАРИПТЕШТИРҮҮДӨГҮ АЛДЫҢКЫ ТАЖРЫЙБАЛАРЫ

Санарип университетке айлантуу багытындагы жасалган иштери тууралуу окуу жайдын ректору Кудайберди Кожобеков университеттеги онлайн кабыл алуу, электрондук кагаз айлантуу, автоматташтырылган маалымат системасы, электрондук китепкана, Дата-Борбору, онлайн автоматташтырылган системага өткөн студенттин кыймылы, окуу жүктөмдөрү, KELBIL мобилдик тиркемеси, “Бирдиктүү терезе”, онлайн режиминде окутуу платформалары, финансылык ишмердүүлүктөрдөгү санариптештирүү, электрондук документ айлантуу сыяктуу бир топ иштер тууралуу маалымат берди.

  • Бүгүнкү күндө кабыл алуу комиссиясынын ишмердүүлүгүнөн тарта: окуу бөлүмдөрү, сынак, билимди баалоо, бухгалтериянын ишин, ар бир студенттин ийгилигин, кыймылын, рейтингин, катышуусун, сапаттуу көрсөткүчүн ачык көрүүгө болот. Окутуучулардын ишмердүүлүгү да коомчулуктун талкуусунда. ОшМУ санариптик билим берүүнү реалдуулукка айлантты. Электрондук документ айлантуу толук кандуу иштей баштады, — дейт Кудайберди Гапаралиевич.

Иш-чаранын экинчи бөлүгүндө катышуучулар дал ушул айтылган иштерди өз көздөрү менен көрүшүп, окуу жайда жаңы курулган имараттар, борборлор, цехтер, студиялар, Москва мамлекеттик университетинин курулуп жактан филиалы, клиникалары менен таанышып чыгышты.

Чолпон Кийизбаева, “Кут Билим”

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер