САЛАМ МЕКТЕП!

  • 11.09.2020
  • 0

7-9-сентябрь күндөрү Жалал-Абад ШИИБ шаардык билим берүү бөлүмү, үй-бүлөнү жана балдарды коргоо бөлүмү менен биргеликте «Салам мектеп» аталышындагы рейд өткөрдү.

Иш-чараны уюштуруучулардын айтымында, аталган рейд онлайн сабактарга окуучулардын катышуусун көзөмөлгө алуу жана каттоодо турган өспүрүмдөргө түшүндүрүү иштерин жүргүзүү максатында уюштурушкан.

САЛАМ МЕКТЕП!

Жалал-Абад облусунун Ноокен райондук ички иштер бөлүмү өткөргөн рейдге жалпысынан 51 кызматкер катышып, жашы жете элек балдардын болжолдуу чогула турган жерлер иликтенди. Анын жыйынтыгында мектепте аралыктан окуу менен алектенбеген 59 окуучу аныкталды. Анын ичинен турмуштук оор кырдаалга кабылган үч окуучу катталды.

Рейддин жыйынтыгы боюнча райондун ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлеринин демилгеси менен райондук мамлекеттик администрациясында тегерек стол уюштурулуп, айтылган сын-пикирлердин негизинде иш-мерчем иштелип чыкты.

Ушул эле иш-чарасынын алкагында облустун Базар-Коргон милициясы район аймагында эмгекке тартылган 13 өспүрүмдү аныктап, тиешелүү кызматтарга сунуштарды берди. Рейддин жүрүшүндө дыйканчылык жана азык-түлүк базарлары, ашканалар, унаа оңдоочу жайлар көзөмөлгө алынды.

“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер