СЫЙЛЫК ЭЭСИН ТАПТЫ

  • 03.09.2020
  • 0

Бишкек шаарындагы 1-Май райондук балдардын чыгармачылык борборунун «Ассоль» элдик бий ансамблинин, Бишкек шаардык мэриясынын алдындагы «Сувенир» бий ансамблинин көркөм жетекчиси Л.Г.Чунтонова Билим күнүнө, Эгемендиктин 29 жылдыгына карата Кыргызстан Аялдар конгрессинин «Лидерлиги үчүн» эл аралык алтын медалы менен сыйланды. Ошондой эле 1-Май райондук чыгармачылык борбору жана директордун орун басары Ж.Сыражидинова Балдардын жана өспүрүмдөрдүн улуттук «Сейтек» борборунун Ардак грамоталарына татыктуу болду.

СЫЙЛЫК ЭЭСИН ТАПТЫ

Өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу сыйлык тапшыруу аземи бардык санитардык-гигиеналык эрежени сактоо менен өткөрүлдү. Кыргызстан Аялдар конгрессинин президенти Замира Акбагышеванын айтымына караганда, «Ассоль» элдик бий ансамблинин жетекчиси Л.Г.Чонтонова билим берүүнүн мыктысы, «Кыргызстан аялдары» энциклопедиясынын каарманы, эң башкысы ал өмүрүн жаш муундун өнүгүп-өсүшүнө арнаган инсан.

СЫЙЛЫК ЭЭСИН ТАПТЫ

— 1-Май райондук балдардын чыгармачылык борборунда чыныгы педагогдор, энтузиасттар иштешет. Алар аз эмгек маянага да карашпайт. Баары бир кишидей мыкты иштерди алып жүрүшкөнүн билем. Белгилей кетчү жагдай, бул борбордун эң биринчи директору болуп Сабийра Челпакова иштеген, — деди З.Акбагышева.

Сыйлыкты тапшырып жатып Балдардын жана өспүрүмдөрдүн улуттук «Сейтек» борборунун директору С.Челпакова Л.Г.Чонтонованын койгон бийлерине токтоду.

— Людмила Григорьевна борбор калаадагы бардык иш-чараларга активдүү катышып келатат. Эң башкысы анын койгон бийлери абдан кооз жана адамды өзүнө тартып турат. Балдардын кийген костюмдары дагы ар бир бийге карата мыкты, кооз тигилген. Өзгөчө мага «Бешыргай» кыргыз бийи өтө жагат. Эгерде ата-энелер жардам беришсе, «Ассоль» ансамбли Кыргызстандан сырткары чыгып, концерт бергенге татыктуу, — деди «Сейтек» борборунун директору.

СЫЙЛЫК ЭЭСИН ТАПТЫ

Андан соң ал Л.Г. Чунтонованы «Окуучуларды тарбиялоодогу жигердүү иши жана жогорку көрсөткүчтөрү үчүн» Ардак грамота менен сыйлады. Ошондой эле грамота менен 1-Май райондук чыгармачылык борбору жана директордун орун басары Ж.Сыражидинова сыйланды.

СЫЙЛЫК ЭЭСИН ТАПТЫ

Л.Г.Чунтонова: «Эмгегимди баалагандарга ыраазымын»

Мен кыргызмын десем деле болот, анткени Кыргызстанда төрөлгөм. 1995-жылы ардактуу эс алууга чыккандан кийин, 1-Май райондук чыгармачылык борборунда «Ассоль» элдик бий ансамблин түптөгөм. Жыл сайын 20 бала алам, төрт жаштан жогору келишет. Биздин борбордо баары бекер, болгону ата-эне болбогон каражат чогултуп, балдарга костюм тиктиришет. Шаардык, республикалык ар кандай иш-чараларга катышып, өзүбүздүн талантыбызды таанытып келатабыз. Өткөн жылы Алтайда өткөн сынакка катышып, гран-при утуп келдик. Барнаулда өткөн фестивалга катышып, анда дагы гран-приге татыктуу болгонбуз. Көп жерге чыгалбайбыз, анткени ата-энелердин мүмкүнчүлүгү аз. Бардыгы барып эле каражатка такалат. Быйыл апрелде ансамблдин түптөлүшүнүн 25 жылдыгын карантинге байланыштуу өткөрө албай калдык. Эми буюрса 30 жылдыгын өткөрсөк деген оюбуз бар. Тарбиялануучуларыма кыргыз, грузин, татар, украин, орус, казак, уйгур ж.б. элдердин бийин үйрөтүп келатам.

Гүлнара Алыбаева, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер