БАШКЫ МАКСАТ – БИЛИМ САПАТЫ, ТААЛИМ ДЕӉГЭЭЛИ

  • 25.08.2020
  • 0

 

БАШКЫ МАКСАТ – БИЛИМ САПАТЫ, ТААЛИМ ДЕӉГЭЭЛИ

Two people working with computer and book.Two people working with computer and book.

2020-2021- окуу жылында окуу процессин эффективдүү уюштуруу жана билим сапатын жакшыртуу боюнча буга чейин КР Билим берүү жана илим министрлигине берилген сунуштарыбыз:

  1. КР Мектептерде дүйнөдө кеңири жайылып жаткан STEAM технологияларын, ыкмаларын мамлекеттик деңгээлде кабылдап, мугалимдердин кесиптик технолгияларын жогорулатуу жана балдардагы көндүмдөрдү өнүктүрүү үчүн колдонуу. (http://steamschool.by өрнөк)
  2. Ар бир класстын окуучусу, ата-энеси менен маектешүү, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү. Айрым ата-энелер балдарына интернеттин болушуна, жана ылдамдыгына кызыкдар эмес болушу мүмкүн.
  3. Практик мугалимдер, программистер, аналитиктер, билим берүүнүн өнүгүшүнө кызыкдар жарандар, админстраторлордон турган топтун дайыма иштөөсү, системалуу жолугуп, инновациаларды ишке киргизип туруусу.
  4. КР Өкмөтүнүн алдындагы Жогорку технологиялар паркы, стартаптар билим берүү багытына кандай жардам бере алышы мүмкүн? Талкууларды жүргүзүп кызматташууларды арттыруу. (https://advances.sciencemag.org/content/6/15/eaay5324) (Калифорния Университети менен ВШЭнын иликтөөсү)
  5. Сентябрдын башында ар бир предметтик мугалиминен, окуу китебинен тышкары билимин тереңдете турган кошумча булактардын тизмесин берүү. Тизме берүүдө дүйнөлүк практикаларды эске алуу
  6. Республиканын ар кыл мектептеринде башка мекемелердин мугалимдердин да катышуу менен экстернат экзамендерди кабыл ала турган топтор түзүлсүн. КР Билим берүү жөнүндө (2003) мыйзамына кошумча дистанттык окуу, онлайн окуу, үй-бүлөлүк окуу формаларына тандоо боюнча кеңири укук берген мүмкүнчүлүктөр каралууга тийиш.
  7. Аймактардагы интернет жетишсиз жерлердеги айылдардын интернетин жергиликтүү мугалимдердин жана жетекчилердин тандоосу менен чечип берүү.
  8. Мектептерде мугалимдердин бири-бирин окута турган платформалардын түзүлүшү. Предметтик мугалимдердин мыкты өздөштүргөндүгүн ар бир мектепте аныктап, биринчи кезекте аларды өз мектебинде тартып, каалаган мугалимдерге платформалар боюнча окуудан өткөрүү. Кошумча сабак өткөн мугалимдерди материалдык жактан камсыздоо (Ар кыл булактар аркылуу)
  9. Мектептеги информатик мугалимдердин ресурстарын толук кандуу колдонуу жана келишимдик негизде алардын башка мугалимдерге сабак өтүүсүн камсыздоо
  10. Khanacademy.org, Coursera.org, «EdX» «Открытое образование» «Универсариум» «Лекториум» Источник: https://hr-media.ru/kak-mnogo-lyudej-na-segodnyashnij-den-gotovy-obuchatsya-ili-uzhe-obuchayutsya-onlajn/ жана башка курстар боюнча ар бир мектепте кошумча штат ачылып, мугалимдерге алардын мүмкүнчүлүкөрүн колдонууга шыктандырып жана мотивациялап туруу зарылдыгы бышып жетилди.
  11. IT academy, Techaim жана башка IT багытында лидер мекемелер менен кызматташуу алардын даректүү курстарды өтүүсүн камсыздоо
  12. Коомчулукка, ата-энелерге балдардын майнаптуу билим алуусуна жигердүү катышуусун жана тажрыйбаларын бөлүшүүлөрү үчүн кайрылууларды жасоо жана алар менен кызматташуу. Ата-энелердин бири-бирин окутуусу. Ата-энелер кейстери.
  13. Мектептерде мугалимдин жана мектеп админстрациясынын кийлигишүүсүнө, жардамына муктаж ата-энелерди жана окуучуларды аныктап алар менен даректүү кызматташуу.
  14. Муктаж балдарга жана ата-энелерге моралдык, материалдык, маалыматтык колдоо көрсөтүү үчүн коомчулук менен системалуу иш алып баруу.

Асылбек Жоодонбеков,

Билим берүү жана илим министрлигин алдында уюшулган эксперттик-консультативдик топтун мүчөсү

Иллюстрациянын шилтемеси: https://www.istockphoto.com/ru/%D1%84%D0%BE%D1%82%D0%BE/%D0%BD%D0%BE%D1%83%D1%82%D0%B1%D1%83%D0%BA-%D0%BA%D0%BE%D0%BC%D0%BF%D1%8C%D1%8E%D1%82%D0%B5%D1%80-%D0%B8-%D0%BA%D0%BD%D0%B8%D0%B3%D0%B0-%D0%BD%D0%B0-%D1%81%D1%82%D0%BE%D0%BB%D0%B5-gm157731772-20083472

 

Бөлүшүү

Комментарийлер