АЙЫЛДЫК МЕКТЕП АЛДЫДА!

  • 11.08.2020
  • 0

АЙЫЛДЫК МЕКТЕП АЛДЫДА!

Жалпы 220 окуучусу, бүтүрүүчүлөрүнүн саны 15 болгон кичинекей, имараты эски мектептин чоң ийгилиги бар.

Айылыбызда өзгөчө кубанычтуу майрам. Биздин N30 Кара-Үңкүр жалпы орто билим берүүчү мектептин окуучусу Абдилбакы кызы Нуркан ЖРТ дан жогорку балл алып, сыймыктанып жаткан учурубуз.

Былтыркы окуу жылында да райондун алдыңкы орунун ээлегенбиз. Быйыл онлайн окуп да ийгиликтин тизгинин бербей, өжөрлүк менен алга умтулган кесиптештеримди, мектеп деректири Назира Уразованы, окуу бөлүмүнүн башчысы Гулсина Шадибекованы, жалпы мугалимдер жамаатын, анын ичинде окуткан предметтик мугалимдерди, атайын даярдаган мугалимдерди, ошондой эле ар тараптуу дем берип турган райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Чынара Турдукулованы чын дилимен куттуктаймын.

Ыраазычылык кат мектептин эскилигин эстен чыгарып, маанайды көтөрөт дагы, бизге жаңы окуу жылына карата тоодой дем күч берет.

Алга, кесиптештер!

Айтпай кетсек уят болор…

Жапа тырмак жабышып мектептерде Жалпы республикалык тестирлөөгө даярдык кызуу башталганда, районубузга эл өкүлү Исхак Пирматов даяр ЖРТга даярдануу үчүн тест китептерди белек кылган болчу. Мына, анын натыйжалуу жыйынтыгы.

Өмүрдүн алгачкы жаз мезгилинде чоң жолго аттанган бүтүрүүчүлөрдүн чечкиндүү кадамдарына четте карап турбай дем берип, билимин тереңдетүүсүнө чоң салым кошкон элеңиз, Исхак Пирматов. Сизге алкыш айтабыз!

Дагы бир жакшы жаӊылык – Ала-Бука районунан он бир окуучу ЖРТден эң жогорку балл алган болсо, мунун алтоо 1-май айыл өкмөтүндөгү мектептерден.

Биздин өкмөт башчы Муктар Шербаев жогорку балл алган окуучуларга, ата — энелерине, класс жетекчилерине, деректирлерге, мектептерге сыйлоо баракчаларын, баалуу белектерди, акчалай сыйлыктарды учурунда тапшырып, кубанычыбызды арттырды. Сизге N30 Кара-Үӊкүр орто мектебинин мугалимдеринин атынан алкыш айтабыз!

Сүрөттө: N30 Кара-Үңкүр жалпы орто билим берүүчү мектебинин деректири Назира Уразова, ЖРТден жогорку балл алган окуучубуз Нуркан Абдилбакы кызы жана анын ата-энеси.

Ашира Кулишева, Ала-Бука районундагы N30 Кара-Үӊкүр орто мектебинин мугалими, «Кут Билим» гезитинин сырт кабарчысы

Бөлүшүү

Комментарийлер