КОЛЛЕДЖДЕРГЕ КАБЫЛ АЛУУНУН I ТУРУНДА 22 МИҢДЕН АШУУН АБИТУРИЕНТ ӨТҮНМӨ ТАПШЫРДЫ

  • 04.08.2020
  • 0

Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан иштелип чыккан колледждерге кабыл алуунун https://spuz.edu.gov.kg/ онлайн порталына 22 070 өтүнмө катталды.

3-августтан баштап колледждер окууга тапшыргандардын тизмесин жарыялай баштады.

3-6-августта – абитуриенттер ОКОЖго кабыл алууну каалоосун тастыкташы керек.

Окууга тапшыруучулардын коопсуздугун камсыздоо жана массалык чогулуусун алдын алуу максатында, билим алуу ниетин тастыктоо үчүн колледждер 3-августтан тартып абитуренттерге телефон аркылуу чалышат.

Документтердин түпнускаларын студенттер ОКОЖдорго окуу жылдын башында бериши керек.

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы

 

Бөлүшүү

Комментарийлер