ООРУНУ КҮЧТҮҮ ЭЛ ЖЕҢЕТ, КАЙРАТЫҢДАН ТАЙЫБА КАГЫЛАЙЫН КАЛКЫМ

  • 17.07.2020
  • 0

Эпидемологиялык кырдаал курч болуп, бүт ѳлкѳнү чырмаган оорудан жалпы элибиз, анын ичинде улуттук билим берүү жана илим тармагыбыз да орду толгус жоготууларга учурап жатат. Элибиз эң чыгаан интеллектуал уул-кыздарынан айрылып, билим казынабыз эңшерилди. Соӊку апталарда эле калкыбызга аттын кашкасындай таанымал, чыныгы кесипкѳй мугалимдерибизден, окумуштууларыбыздан, билим берүүнүн мыкты ишмерлеринен айрылдык. Бүтүндѳй агартуу журтубуз кайгыга батып, ѳзѳктү ѳрттѳгѳн суук кабарларга жаны кейип турат.

ООРУНУ КҮЧТҮҮ ЭЛ ЖЕҢЕТ, КАЙРАТЫҢДАН ТАЙЫБА КАГЫЛАЙЫН КАЛКЫМКөрүнүктүү окумуштуу, Кыргызстандын эмгек сиңирген мугалими Жангороз Каниметовдун мезгилсиз дүйнөдөн кайтышы бүтүндөй билим берүү тармагы үчүн эң оор жоготуу болуп калды. Быйыл жазда бүтүн журт сыйлаган агай 70 жашка толуп, куттуктоолорду кабыл алып, бирок карантин жүрүп жатканына байланыштуу мааракелик салтанатты күзгө калтырып жаткан эле. Бирок аттиң, ажал ак, ажал улук экен, бүт элди кайгыга салып, кыргыздын Бакайдай акылман ишмерин акыры алып тынды.

Жангороз Каниметов убагында улуттук билим берүү тармагынын бардык баскычында эмгектенди, анын ичинде мектеп директору, райондук жана областтык билим берүүнүн башчысы болду, билим берүү министринин орун басары болуп ийгиликтүү  иштеди. Анын өзгөчө Жогорку Кеңештин депутаты болуп, эки чакырылышта Билим берүү жана маданият комитетин башкарып турган учурдагы аткарган иштери өзүнчө жогорку баага татыктуу сөз. “Мугалимдердин статусу» (2000), «Билим берүү жөнүндө» (2003), «Экологиялык-экономикалык Ысык-Көл системасынын туруктуу өнүгүшү жөнүндө» (2004) сыяктуу  жаңы системадагы мыйзамдардын демилгечиси да,  автору да өзү болду.

“Адамгерчилиги бийик, Көлдүн Акелериндей кадыры бийик инсан эле, жаткан жери жайлуу топурагы торко болсун, жакындарына, жалпы Көл элине кайрат айтам”,-деп жазды Фейсбукка белгилүү акын Марк-Абай Аматов.

ООРУНУ КҮЧТҮҮ ЭЛ ЖЕҢЕТ, КАЙРАТЫҢДАН ТАЙЫБА КАГЫЛАЙЫН КАЛКЫМЖогорку Кеңештин экс-төрагасы, эки чакырылышка катары менен депутат болгон Чыныбай Турсунбеков бүтүн журт кадырлап сыйлаган мамлекеттик жана коомдук ишмерибиз эле. Соңку жолу кабинетинде жолугуп сүйлөшүп, көп жакшы пландарды талкуулаган элек. Алтымыш жылдык мааракесине карата өзүнчө китеп чыгарып, өзүм редактор болуп кызмат кылып берейин деген сунушумду кубанып жакшы кабыл алган болчу.

Чыныбай агай эмгек жолунун баштапкы этабында улуттук университетте окутуучу, декандын орун басары болуп иштеди. 1993-94-жылдары  Билим берүү министрлигинин Түркиядагы биринчи өкүлү болуп, эки өлкөнүн билим берүү тармагындагы кызматташтыгынын керегесин жайып, түндүгүн көтөрүштү. Андан кийин аты чыккан ишкер болуп, элдин ак батасын алып, парламентке депутат болуп келгенде дагы Жогорку Кеңештеги эң билимдүү, эң маданияттуу, мекенчил саясатчы катары оозго алынды. Төрага болуп парламентти башкарып турганда өзүнүн айылындагы өзү чоңоюп өскөн атасынын үйүн жаңыртып, бала бакчага кылып тартуулап, кенже айылдаштарына чыныгы аталык камкордуктун өрнөгүн көрсөтпөдү беле. Аттиң, көзү тирүү турганда калкына дагы далай жакшылыкты жасамак. Сиздин ак эмгегиңизди, жаркын элесиңизди артыңызда калган калың журтуңуз эч унутпайбыз, Чыныбай агай.

ООРУНУ КҮЧТҮҮ ЭЛ ЖЕҢЕТ, КАЙРАТЫҢДАН ТАЙЫБА КАГЫЛАЙЫН КАЛКЫМ“Илим” билим берүү комплексинин негиздөөчүсү, билим берүү министринин мурунку орун басары Гайша Ибрагимованын 12-июлда күтүүсүз каза табышы билим берүүнүн канатын кайрыган дагы бир кайгылуу окуя болуп калды. Көрүнүктүү коомдук ишмер жана легендарлуу педагог 2004-2005-жылдары билим берүү жана илим министринин биринчи орун басары, 2005-жылы статс-катчысы болуп иштеп турган учурда Кыргызстан үчүн эң керектүү долбоорлорду даярдап ишке ашырганы белгилүү. Анын ичинде “Мектептеги демократиялык стратегия”, “Билим берүүдөгү Үч Күчтүн программасы”, “Билим берүү кызматын көрсөтүү”, “Билим берүүдөгү маркетинг жана менеджмент”, “Жалпы республикалык тест”, “Заманбап мугалимдин компетенциясы”, “Амонашвилинин гумандуу педагогикасынын лабораториясы” жана башкаларды атасак болот. Ошондой эле ЮНЕСКОнун мектептеринин ассоциативдик ассамблеясынын Кыргызстандагы улуттук координатору катарында көптөгөн эл аралык форумдарды өткөрүп, эл аралык кызматташтыкты чыңдоого чоң салым кошту.

«Бүгүн Кыргызстан бүт өлкөнүн, билим берүүнүн, айылдардын, үй-бүлөлөрдүн, жарандардын өнүгүшү үчүн эң көп эмгек өтөгөн эң мыкты кыздарынын биринен айрылды»,-деп жазды  Oasis Kyrgyzstan уюмунун директору Мээрим Осмоналиева.

Гайша Ибрагимова  “Кут Билим” гезити менен өмүрүнүн акырына дейре эң тыгыз байланышта болду, билим берүүнүн теориялык жана практикалык маселелери боюнча дайыма акылдуу, заманбап жана стратегиялык көз карашы менен айырмаланып турчу. Эми жазмыш ушул экен, кадырлуу эжейибиздин парасаттуу, салабаттуу акыл-ойго ширелген сөздөрүн кайталап укпайбыз. Каниет, казынабызда калган педагогикалык мурасын кастарлап күтүп алышыбыз парз.

ООРУНУ КҮЧТҮҮ ЭЛ ЖЕҢЕТ, КАЙРАТЫҢДАН ТАЙЫБА КАГЫЛАЙЫН КАЛКЫМ

Улуттук журналистикабыз өзүнүн эң көрүнүктүү өкүлү Бүбүкан Досалиевадан айрылып, жетимсиреп калды.

ООРУНУ КҮЧТҮҮ ЭЛ ЖЕҢЕТ, КАЙРАТЫҢДАН ТАЙЫБА КАГЫЛАЙЫН КАЛКЫМ

Эң чыгаан окумуштуулардын бири Абдиманап Муратовду жоготуп, улуттук илимдин жүрөгү жараланып турат.

ООРУНУ КҮЧТҮҮ ЭЛ ЖЕҢЕТ, КАЙРАТЫҢДАН ТАЙЫБА КАГЫЛАЙЫН КАЛКЫМ

 

Нарын шаарындагы Чкалов атындагы атактуу мектепти көп жылдар бою ийгиликтүү жетектеп келген, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими Айчүрөк Самакова ооруканага баргандан экинчи күнү эле күтүүсүз каза тапты.

Андан кийин катар-катар келген суук кабарлар жүрөктү эңшерди. Соңку аптада эле Бишкектин Көлмө конушундагы №78 гимназия мектебинин директору Элнура Музаева, Ош шаарынын Киров атындагы №4 орто мектебинин директору Гүлнара Туташева, Жайыл районунун Кара-Суу айылындагы орто мектептин директору Маруфат Насыранбекова каза болду. Аталган жетекчилер билим берүүгө бүт өмүрүн арнап, акыркы күнгө чейин акылын азык, каруусун казык кылып тынбай иштеп келишти.

 

 

Балыкчы шаарындагы билим берүү бөлүмүнүн усулдук кабинетинин башчысы Алиева Майрамбүбү эжейдин күтүүсүз каза болгону жөнүндө кабар башка тийген чагылгандай эле болду. Андан эки апта мурда Балыкчыда мыкты мугалимдер конкурсун өткөргөнүн кубанып билдирип, экөөбүз телефондо көпкө дейре сүйлөшүп, андан кийин анын жиберген макаласын гезитке жарыялаганбыз. Мага кымбат эжейимдин биздин гезитке жиберген бул эң акыркы макаласы болуп калды. Майрам эже убагында Нарын районунда, Нарын шаарында, Балыкчы шаарында бир катар мектептерде  миңдеген балдарга математиканы окутту, тарбия берди. Анын ичинде мен дагы азыркы А. Тыныбеков атындагы орто мектепте алты жыл бою эжейдин колунан окудум, насаатын уктум, тарбиясын алдым, чыныгы мугалимдик мээримин көрдүм. 2004-жылдан бери Балыкчы шаардык билим берүү бөлүмүндө жетектөөчү адис жана усулдук кабинеттин башчысы болуп, жаны тынбай иштеп келаткан. Эжейибиз бул жарык дүйнөдө көп жашаганга, көп жакшылык көргөнгө, мамлекеттин колдоосуна бардык жагынан татыктуу ишмер эле. Өмүрү кыска болуп калганына жүрөк ачышат, кабырга кайышат.

ООРУНУ КҮЧТҮҮ ЭЛ ЖЕҢЕТ, КАЙРАТЫҢДАН ТАЙЫБА КАГЫЛАЙЫН КАЛКЫМ

Майрам эжейдин бизге жиберген акыркы сүрөттөрүнүн бири (биринчи катарда оңдон биринчи)

Дүйнѳдѳн кайткан агай-эжейлерибиздин үй-бүлѳсүнѳ жана жакындарына кайрат айтып, аза кайгысын теӊ бѳлүшѳбүз. Эл башкарган жетекчилер иштин көзүн табат, ооруну ооздукташ үчүн чечкиндүү чараларды көрөт деп үмүт кылабыз. Куттуу журтубузга кудай аманчылык берсин, ооруп жаткандар айыгып кетсин, каптаган апаатты жеңиш үчүн калкыбыздын биримдиги менен ынтымагын чыңдайлы.

Кубатбек Чекиров, “Кут Билимдин” баш редактору

Бөлүшүү

Комментарийлер