КЫРГЫЗСТАНДЫК ИЛИМПОЗГО МЭТТЬЮ НИМЕЦ СЫЙЛЫГЫ БЕРИЛДИ

  • 06.07.2020
  • 0

КЫРГЫЗСТАНДЫК ИЛИМПОЗГО МЭТТЬЮ НИМЕЦ СЫЙЛЫГЫ БЕРИЛДИ

 

4-июль күнү жаш кыргыз илимпозу, медиа эксперт жана Онлайн университет платформасынын негиздөөчүсү Элира Турдубаева 2019-жыл ичинде бир катар эл аралык илимий журналдарга чыгарган илимий макалалары үчүн Мэттью Нимец сыйлыгына ээ болду. Бул тууралуу Онлайн университет платформасынын басма сөз кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, Мэттью Нимец сыйлыгы жыл сайын эл аралык илимий «Web of Science» жана «Scopus» сыяктуу көптөгөн коомдук илимдер боюнча журналдарга макалалары, китептери жарыяланган илимпоздорго берилет.

«Бул сыйлыктын комиссиясына ар түрдүү өлкөлөрдөн окумуштуулар эл аралык журналдарга жарыяланган илимий макалаларын,  китептерин, бардык эмгектерин топтоп жөнөтүшөт. Комиссия ар бир публикацияны кылдат текшерип чыгып, жеңүүчүнү аныктайт»,- деди Онлайн университеттин негиздөөчүсү Элира Турдубаева.

Айтмакчы, Элира Турдубаева аталган сыйлыкты буга чейин 2018-жылы да алган.

Бөлүшүү

Комментарийлер