БИШКЕК ШААРЫНЫН БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРҮ «АЛТЫН ТАМГА» ТЕСТИРЛӨӨСҮНӨН ӨТҮП ЖАТАТ

  • 18.06.2020
  • 0

Бишкек шаарындагы талапкер бүтүрүүчүлөр өзгөчө үлгүдөгү аттестат алуу үчүн тест тапшырып жатат.

 

БИШКЕК ШААРЫНЫН БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРҮ "АЛТЫН ТАМГА" ТЕСТИРЛӨӨСҮНӨН ӨТҮП ЖАТАТ

 

Окуучулар экиге топко бөлүнүп тестке катышууда. Биринчи топто жалпы 154 талапкер катышты.

Тестирлөө бардык санитардык талаптарды сактоо менен өткөрүлүп жатат. Социалдык аралык сакталып, ар бир окуучуга акысыз беткап жана антисептиктер берилүүдө.

 

БИШКЕК ШААРЫНЫН БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРҮ "АЛТЫН ТАМГА" ТЕСТИРЛӨӨСҮНӨН ӨТҮП ЖАТАТ

 

Билимди баалоонун объективдүүлүгүнө доо кетирчү тобокелдиктер жокко чыгарылган. Талапкерлер тестти планшет аркылуу реалдуу режимде тапшырып, жыйынтыкты дароо алышат. Эч кандай талаш-тартыш жок, ачык-айкын өтүп жатат. Бүтүрүүчүлөр жана ата-энелер ыраазычылыгын билдирүүдө.

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы

Бөлүшүү

Комментарийлер