МАКСАТЫҢЫЗ ОКУУ БОЛСО ИЗДЕГЕН, САПАР ТАРТКЫН КЕҢ ААЛАМГА БИЗ МЕНЕН!

ОГПИ – Жан дүйнөсү таза, келечекке ишенимдүү караган жаштардын билим ордосу

Урматтуу абитуриент! Ардактуу ата-энелер!

Жыл өткөн сайын билим берүү айдыңы өз кулачын кенен жайып, улам жаңы технология тездик темп  менен өнүгүүдө. Бул арада билимге суусап турган улан-кыздар алгач туура максат коюп, ага жетүүгө өз аракеттерин жасоосу абзел. Муну менен бирге дүйнөлүк стандарттагы билим берүү системасына ылайыкташып, тиешелүү көндүмдөргө ээ болуу менен өз билимдерин да кеңейтүүсү кажет. Дал ушул муктаждыкты камсыз  кылууда ар бир мектеп бүтүрүүчүсүн кулач жая тосуп алчу жогорку окуу жайлар өз кызматын көрсөтөт.

МАКСАТЫҢЫЗ ОКУУ БОЛСО ИЗДЕГЕН,  САПАР ТАРТКЫН КЕҢ ААЛАМГА БИЗ МЕНЕН!

Жогорку окуу жайга кадам таштаган ар бир абитуриент  жогорку билимге ээ болуу менен көңүлдөгү көксөөсүн ишке ашырууга дарамет арттырат. Бараткан багытында окутуучулардын тажрыйбасынан, билиминен пайдаланып үлгүлүү устаттардан сабак алып, билим куржунун толтуруусу керек. Ал үчүн биздин башкы милдет жаштарга туура жол көрсөтүп, ыңгайлуу шартта билим алуусуна мүмкүнчүлүк жаратып берүү болуп эсептелет.

Учурда ар бир окуу жайдын тиешелүү миссиясы, максаты жана милдети бар. Негизгиси учурдун талабына жараша креативдүү, компетенттүү жана татыктуу кадрларды даярдоо болуп саналат. Андыктан өз жашоосуна максаттуу жол салган келечек ээлерин кезектеги билим тепкичин жогорулатуусуна көмөкчү болгон Ош гуманитардык-педагогикалык институтуна чакырам.

Ош гуманитардык-педагогикалык институту системалуу билим берүү процессин жөнгө салып, заман талабына ылайык жеткиликтүү деңгээлде материалдык-техникалык база менен жабдылган. Ар тараптуу өнүккөн, өз кесибинин мыктысы болгон чыгармачыл жана билимдүү адистердин тарбияланып чыгуусу үчүн өзүнүн ак кызматын аткарып келе жатат. ОГПИ азыркы учурда педагог адистерди даярдоодо түптүү билим уяга, ошондой эле мугалимдердин алтын бешигине айланып, коомчулуктун талабын көп жылдык тажрыйбасы менен канааттандырууда.

Маалым болгондой, туура кесип тандоо бул жашообуздагы жараткан бир жетишкендигибиз. Бул жетишкендикке жетүүдө мугалимдер маанилүү ролду ойнойт. Мен өзүм педагог катары болочок студенттерди бардык кесиптин башында турган, жөнөкөй адамдан ийгиликтүү инсанды жана башка кесип ээлерин да жарата алган, билим менен казына жыйган мугалимдик кесипти тандоого багыт көрсөтөм. Себеби мугалимдик кесип коомдо ар дайым актуалдуу жана ардактуу кесип эмеспи.

ОГПИ – студенттик алтын дооруңузду татыктуу өткөрүп, келечек пай-дубалыңызды сапаттуу курууга кепилдик болуп берет.

 

МАКСАТЫҢЫЗ ОКУУ БОЛСО ИЗДЕГЕН,  САПАР ТАРТКЫН КЕҢ ААЛАМГА БИЗ МЕНЕН!

Бекмурза Зулуев, ОГПИнин ректору, п.и.д., проф.  

 

 

ОКУУ ЖАЙ ЖӨНҮНДӨ

МАКСАТЫҢЫЗ ОКУУ БОЛСО ИЗДЕГЕН,  САПАР ТАРТКЫН КЕҢ ААЛАМГА БИЗ МЕНЕН!

Өлкөбүздүн билим берүү айдыңында  өзүнүн кулачын кенен жайып, педагогикалык багыттагы сапаттуу кадрларды даярдоонун очогуна айланган Ош гуманитардык-педагогикалык институту 1925-жылдан баштап тарых барагын ачкан. Кезинде Ош педагогикалык окуу жайы катары биринчилерден болуп Кыргызстандын түштүгүндө өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп баштаган. Ошондой эле жыл өткөн сайын жаңыланып, бир топ өзгөрүүлөргө дуушар болду. Белгилей кетсек, 1994-жылы Ош педагогикалык окуу жайы бир канча жаңы адистиктердин ачылуусу менен Ош педагогикалык колледжи болуп түзүлсө, 1996-жылы Ош жогорку колледжи болуп өзгөргөн.

2002-жылы Кыргыз өкмөтүнүн №316 токтомунун негизинде Ош жогорку    колледжине “Ош гуманитардык-педагогикалык институту” статусу ыйгарылган.

Ош гуманитардык-педагогикалык институту терең пайдубалдуу билимге ээ жогорку квалификациялуу атайын адистерди даярдоочу илимий мекеме катары ийгиликтүү иш-аракеттерди жүзөгө ашырууда. Окуу жайда жалпы 8510 студент таалим алып, 300гө жакын профессордук-окутуучулук курам алгылыктуу эмгектенүүдө. Учурда  институтту – ынтымактуулук менен жамаатты алга сүрөп,  педагогика илимдеринин доктору, профессор Зулуев Бекмурза Бекболотович жетектеп келүүдө.

 

 ОГПИ – жаштардын деми улуулардын тажрыйбасы менен!

МАКСАТЫҢЫЗ ОКУУ БОЛСО ИЗДЕГЕН,  САПАР ТАРТКЫН КЕҢ ААЛАМГА БИЗ МЕНЕН!

Институтта студенттерге билим берүүдө тогуз илимдин доктору, профессорлор, 38 илимдин кандидаты, доценттер, 47 магистр, 57 ага окутуучу жана 83 окутуучу иш алып барат.

Окуу процесси электрондук башкарууга өткөрүлүп, студенттердин билимин баалоо, сынактарды өткөрүү, окутуучулардын сабактарын уюштуруу иштери толук түрдө автоматташтырылып,  “АVN”, КеlBil”  электрондук программалары аркылуу жүзөгө ашууда.

ОГПИ — кылым менен жаңы технологиянын айкалышы

МАКСАТЫҢЫЗ ОКУУ БОЛСО ИЗДЕГЕН,  САПАР ТАРТКЫН КЕҢ ААЛАМГА БИЗ МЕНЕН!

Окуу жайда студенттер үчүн  заман талабына жооп берген  төрт окуу корпусу, 650 орундуу студенттик жатакана,  жогорку ылдамдыктагы интернет менен жабдылган компьютердик залдар,  электрондук китепкана, виртуалдык лабораториялар, заманбап мультимедиалык каана, видео-проекторлор менен жабдылган  лекциялык зал, окуу залдары, китепкана, спорттук жана  теннистик корттор менен биргеликте окуу жайдын  материалдык-техникалык базасы жылдан жылга чыңалууда. Ошондой эле институтта даярдалган ар бир адистик боюнча  жаңыдан түзүлгөн усулдук борборлор усулчулар жана болочок мугалимдер үчүн кызмат көрсөтүүдө.

Студенттер ар тараптуу колдоого ээ

МАКСАТЫҢЫЗ ОКУУ БОЛСО ИЗДЕГЕН,  САПАР ТАРТКЫН КЕҢ ААЛАМГА БИЗ МЕНЕН!

Окууда жана коомдук иштерде активдүүлүгүн көрсөтүп, ийгилик жараткан студенттер окуу жайдын жетекчилигинин демилгеси менен ар тараптуу колдоого ээ болуп келет. Атап айтсак, ар окуу жылынын жыйынтыгы менен 50гө жакын эң мыкты студент тандалып, жакынкы чет өлкөлөргө жана өлкөбүздүн жети дубанына тарыхый-маданий жерлер менен тааныштыруу үчүн окуу жайдын эсебинен жөнөтүлүп келет.  Бул менен бирге жыл сайын берилүүчү Президенттик «Үмүт» стипендиясына мыкты студенттер ээ болуп, колдоого муктаж болгон студенттер ай сайын белгилүү өлчөмдө стипендия менен камсыздалууда.

Студенттердин окуудан тышкары чыгармачылыгын өркүндөтүү максатында «Студ kg» газетасы, «Мурас» телестудиясы, «Нона» эстрадалык тобу, «Айымдар»  вокалдык тобу, «Элегия» вокалдык тобу, «Чолпон» бийчилер тобу, “Кербез” комузчулар тобу, «Жаратман» чыгармачылык борбору, “Тирек” кол өнөрчүлөр клубу жана Студенттик өзүн-өзү башкаруу уюму катары Жаштар комитети  алгылыктуу  иштерди жүргүзүүдө.

 

ОГПИ:  Кызматташтыктан интеграциялык биримдикке карай

МАКСАТЫҢЫЗ ОКУУ БОЛСО ИЗДЕГЕН,  САПАР ТАРТКЫН КЕҢ ААЛАМГА БИЗ МЕНЕН!

Билим берүүнү өнүктүрүү стратегиясын ишке ашырууда педагогикалык кызматташтык маанилүү орунду ээлейт. Андыктан Ош гуманитардык-педагогикалык институту да тарбиялоонун тутумдуу бир бөлүгү катары өлкөдөгү бардык жогорку жана атайын орто кесиптик билим берүүчү мекемелер менен ар тараптуу кызматташууну колго алган.

Ошондой эле бир топ алыскы жана жакынкы чет өлкөдөгү  50дөн ашуун окуу жайлар менен байланыш түзүп, алака жүргүзүп келүүдө.

Аталган байланыштардын негизинде  окуу жай эл аралык заманбап стандарттарды кабылдап, компотенттик мамилени жөнгө салуу менен окутуучулардын жана студенттердин илимий потенциалын жогорулатууга жол сала алды.

  

СТУДЕНТТЕР ААЛАМДАШУУ ДООРУНДА

МАКСАТЫҢЫЗ ОКУУ БОЛСО ИЗДЕГЕН,  САПАР ТАРТКЫН КЕҢ ААЛАМГА БИЗ МЕНЕН!

Муну менен катар  окутуучулардын жана студенттердин дүйнөлүк стандарттын талаптарына ылайык  мыкты адис болуп калыптануусу үчүн англис, орус, кытай, түрк, япон жана немец тилдери боюнча  акысыз курстар  уюштурулуп, чет жактарга чыгып, окуп, тажрыйба алмашып келүүгө мүмкүнчүлүк жаралды. Мындан тышкары студенттерди түрдүү эл аралык уюмдар, фонддор жана чет өлкөдөгү студенттер менен иш алып барууну жөнгө салуу үчүн ICC (International Communication Club) Эл аралык студенттер клубу түзүлгөн.

 

ДҮЙНӨ ЧЕМПИОНДОРУ ТАРБИЯЛАНУУДА

МАКСАТЫҢЫЗ ОКУУ БОЛСО ИЗДЕГЕН,  САПАР ТАРТКЫН КЕҢ ААЛАМГА БИЗ МЕНЕН!

Соңку жылдарда окуу жайдын спорт тармагын өнүктүрүү багытында жетекчилик тарабынан бир топ рационалдуу ыкмалар ишке ашты. Спортчулар үчүн мүмкүн болгон бардык шарттар түзүлүп, алардын шаардык, республикалык жана эл аралык мелдештерге катышуусуна жетиштүү колдоолор көрсөтүлүп келет. Натыйжада эл аралык мелдештердин чемпиондугун багындырып, алтын кур тагынган мушкерлер, бокс, алыш, күрөш боюнча республикалык мелдештин жеңүүчүлөрү окуу жайды дүйнөгө таанытууда.

Ошондой эле республикалык ЖОЖдор арасында жыл сайын өтүүчү универсиадага спорттун 12 түрү боюнча студенттик команда катышып, жогорку жана биринчи лигада алдыңкы орундарды камсыздап келет.

Окуу жайдын түзүлгөнүнө быйыл 95 жылдын жүзү болду. Бул аралыкта  абдан масштабдуу, бай тажрыйба топтоп, өлкөнүн билим берүүсүнө барандуу салым кошту. Билим берүү мейкиндиги кеңейди. Классикалык билим берүү менен кошо жаңы инновациялык технологияларды айкалыштырып, окутуунун эл аралык стандарттарына умтулууда.

МАКСАТЫҢЫЗ ОКУУ БОЛСО ИЗДЕГЕН,  САПАР ТАРТКЫН КЕҢ ААЛАМГА БИЗ МЕНЕН!

Учурда окуу жайда алты факультет, бир колледж ишмердүүлүк жүргүзүп, төмөндөгү багыттар боюнча адистерди даярдап чыгарууда:

КЫРГЫЗ-РОССИЯ ФАКУЛЬТЕТИ

  1. 550300. Филологиялык билим берүү:
  • Кыргыз тили жана адабияты
  • Орус тили жана адабияты
  • Кытай тили

ОРТО КЕСИПТИК БИЛИМ БЕРҮҮЧҮ АДИСТИК (9, 11-кл. базасында):

  • Котормо иши (кытай тили)

 

ГУМАНИТАРДЫК ФАКУЛЬТЕТИ

  1. 550300. Филологиялык билим берүү:
  • Англис тили
  1. 550400. Социалдык-экономикалык билим берүү:
  • Тарых
  1. Социалдык иш
  2. Аймак таануу (япон тили)

ОРТО КЕСИПТИК БИЛИМ БЕРҮҮЧҮ АДИСТИКТЕР (9, 11-кл. базасында):

  1. 032002. Башкарууну документтик камсыздоо жана архив жүргүзүү
  2. 050 Чет тили

МАКСАТЫҢЫЗ ОКУУ БОЛСО ИЗДЕГЕН,  САПАР ТАРТКЫН КЕҢ ААЛАМГА БИЗ МЕНЕН!

ТАБИЯТ ТААНУУ ЖАНА ГЕОГРАФИЯ ФАКУЛЬТЕТИ

  1. 550100. Табигый-илимий билим берүү:
  • Биология
  • География
  • Химия
  1. Экология жана жаратылышты пайдалануу

ОРТО КЕСИПТИК БИЛИМ БЕРҮҮЧҮ АДИСТИК (9, 11-кл. базасында):

  1. Экология жана айлана-чөйрөнү коргоо

 

ДЕНЕ ТАРБИЯ ФАКУЛЬТЕТИ

  1. Дене тарбия

МАКСАТЫҢЫЗ ОКУУ БОЛСО ИЗДЕГЕН,  САПАР ТАРТКЫН КЕҢ ААЛАМГА БИЗ МЕНЕН!

МУЗЫКАЛЫК-ПЕДАГОГИКАЛЫК ФАКУЛЬТЕТИ

  1. 550700. Педагогика:
  • Мектепке чейинки билим берүүнүн педагогикасы жана усулу
  • Башталгыч билим берүүнүн педагогикасы жана усулу
  1. Көркөм билим берүү, (музыка)
  2. 530300. Психология

 

МАТЕМАТИКА ЖАНА КОМПЬЮТЕРДИК ТЕХНОЛОГИЯЛАР ФАКУЛЬТЕТИ

  1. 550200. Физикалык-математикалык билим берүү:
  • Математика
  • Информатика
  1. 510200. Колдонмо математика жана информатика
  2. 580200. Менеджмент

ОРТО КЕСИПТИК БИЛИМ БЕРҮҮЧҮ АДИСТИКТЕР (9, 11-кл. базасында):

230701. Колдонмо информатика (тармактар боюнча)

  1. Эсептөө техника каражаттарын жана компьютер тармактарын техникалык тейлөө

 

МАКСАТЫҢЫЗ ОКУУ БОЛСО ИЗДЕГЕН,  САПАР ТАРТКЫН КЕҢ ААЛАМГА БИЗ МЕНЕН!

КОЛЛЕДЖ

  1. Башталгыч класстарда окутуу
  2. Мектепке чейинки билим берүү
  3. Компьютердик системалар жана комплекстер (тармактар боюнча)
  4. Дене тарбия
  5. Менеджмент (тармактар боюнча)
  6. Финансы (тармактар боюнча)
  7. Социалдык иш

 

Жогорку билим үчүн окуу мөөнөтү:

  • күндүзгү окуу үчүн — 4 жыл;
  • сырттан окуу үчүн – 5 жыл.

 

Атайын орто кесиптик билим үчүн окуу мөөнөтү:

  • 11-класстын базасында — 1 жыл 10 ай;
  • 9-класстын базасында — 2 жыл 10 ай;
  • 11-класстын (сырттан) базасында — 2 жыл 6 ай.

 

Керектелүүчү документтер:

  • Абитуриенттин арызы;
  • АТТЕСТАТ же ДИПЛОМ (түп нускасы);
  • ЖРТнын сертификаты;
  • 3х4 өлчөмүндөгү 6 даана сүрөт;
  • Медициналык справка (0-86У формасы);
  • Паспорт же туулгандыгы жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү;
  • Аскердик билеттин же каттоо күбөлүгүнүн көчүрмөсү.

МАКСАТЫҢЫЗ ОКУУ БОЛСО ИЗДЕГЕН,  САПАР ТАРТКЫН КЕҢ ААЛАМГА БИЗ МЕНЕН!

 

Биздин дарек:

  • Ош шаары Н.Исанов көчөсү 73,
  • Кабыл алуу комиссиясы 120-каб.,
  • Телефон: 0(3222)43567
  • Сайт: ogpi.kg,
  • E-mail: priem_[email protected]
  • 0(779) 671963 0(550) 671 963
  • 0(779) 980 088 0(502) 211 287
  • 0(776) 906 907 0(778) 494 687

Бөлүшүү

Комментарийлер