«ЖАШ ПИФАГОРЛОР ТЕХНИКА ДҮЙНӨСҮНДӨ» СЫНАГЫНЫН ФИНАЛИСТТЕРИ КҮЗҮНДӨ ЖОЛУГУШАТ

  • 12.06.2020
  • 0

“Жаш пифагорлор техника дүйнөсүндө” олимпиадасы – бул, математикалык таймаштын жаңы форматы. Ал Кыргыз Республикасынын окуучуларына жөн гана өз билимдерин баалоосу үчүн эмес, так илимдерге, техникага болгон кызыгуусун арттырууга, ырааттуу билим берүү траекториясындагы ойлоп табуучулугун өнүктүрүүсүнө дагы мүмкүнчүлүк түзөт. Он төрт жыл катары менен олимпиада Билим берүү жана илим министрлиги жана “Алтын түйүн” Балдардын республикалык инженердик-техникалык академиясы тарабынан өткөрүлүп келе жатат.
Бул иш-чара шыктуу балдарды сууруп чыгуу, алардын интеллектуалдык жана чыгармачыл жактан өздөрүн көрсөтүүсү үчүн өлкөнүн аймактарында шарттарды түзүү, ошондой эле өздөрүнүн математикалык жана интеллектуалдык жөндөмдүүлүктөрүн пайдалануу менен, болочок кесибин аныктоосуна окуучуларга жардам берүү максатын коет.
2020-2021-окуу жылында РМО «Жаш пифагорлор техника дүйнөсүндө» жаңы форматта өтүп жатат – биринчи жана экинчи турлар сырттан онлайн тест жүргүзүү түрүндө өтсө, ал эми үчүнчүсү – эгерде Кыргызстанда массалык иш-чараларды өткөрүүгө чектөөлөр алынып салынса, өздөрүнүн келип катышуусунда болот. Бул жыл сайын өткөрүлүүчү таймаш үч жаш курактык категория боюнча өткөрүлөт: 3-4, 5-6 жана 7-8-класстардын окуучулары арасында кыргыз жана орус тилдеринде өтөт.
2020-жылдын 25-апрелинде РМОнун биринчи туру аяктаган. Бул этапта олимпиаданын катышуучуларына он суроодон турган онлайн тест сунушталган. Тапшырмалардын тематикасы математикалык билимдердин ар кайсы жаатын камтыган. Тестти аткарууга бир саат берилген. РМОнун биринчи турунда Кыргыз Республикасынын ар кайсы аймагынан 1876 окуучу катышты. РМОнун биринчи турунда алган эң жогорку балл — 22 балл болду. Олимпиаданын экинчи, аймактык туруна өтүү үчүн чектелген эң аз балл 9 балл болгон.
Олимпиаданын экинчи туру 2020-жылдын 12-майынан 31-май аралыгында өттү. Анда 616 окуучу таймашты, алар бир жарым саат ичинде 15 суроодон турган тесттин тапшырмасын аткарышты. Финалга 47 баллдан жогору алган 171 окуучу өттү.
РМО катышуучулары өз жоопторун талдоого алышы үчүн, олимпиаданын уюштуруучулары ар бир өткөн тестинин жыйынтыгын карап чыгууга жана анда кетирилген кемчиликтерин көрүүгө мүмкүнчүлүк беришти. Муну олимпиаданын https://rmo.rdita.kg сайтынын «Тесттин жооптору» бөлүгүнө кирип, тилкеге өзүнүн ID терип көрүүгө болот. Эгерде олимпиаданын катышуучуларында тесттердин тапшырмаларын чечүү боюнча кандайдыр-бир суроолору боло турган болсо, алар суроонун номерин же бир канча суроолордун номерлерин (суроонун номери суроонун кыргыз тилиндеги версиясынан кийин кашаада көрсөтүлгөн) e-mail [email protected] дарегине, “Суроолорду чечмелөө” темасында катты жөнөтө алышат. Эгер суроолорду чечмелөөгө каалоочулардын саны жетиштүү чекке жете турган болсо, анда олимпиаданын уюштуруучулары видео конференция өткөрүшөт, анда математиктер, РМО уюштуруу комитетинин мүчөлөрү бардык тапшырмаларды чечүүнүн жолдорун көрсөтүшөт.
«Жаш пифагорлор техника дүйнөсүндө» РМО финалы 2020-жылдын күзүндө болот. Аны өткөрүү тууралуу толук маалымат «Алтын түйүн» БРИТАнын www.rdita.kg сайтына жана «Кутбилим» гезитине жарыяланат. Бардык катышкан улан-кыздарга катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдиребиз жана финалисттерди куттуктайбыз!

Ж.Б. Бапанова, «Алтын түйүн» БРИТАнын директору

Бөлүшүү

Комментарийлер