ОНЛАЙН УНИВЕРСИТЕТИ  ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВДУ ОНЛАЙН ЭСКЕРЕТ

  • 10.06.2020
  • 0

Онлайн Университети платформасы бүгүн, саат 15.00дө Чыңгыз Айтматовдун дүйнөдөн өткөн күнүнө карата “Айтматов ааламы” аттуу эскерүү иш-чарасын өткөрөт.

ОНЛАЙН УНИВЕРСИТЕТИ  ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВДУ ОНЛАЙН ЭСКЕРЕТ

Программага белгилүү адабиятчы, профессор, КР УИАнын корреспондент-мүчөсү Осмонакун Ибраимов, түркиялык адабиятчы, Түркиядагы Кастамону университетин профессору Кыргызстан Айтматов академиясынын мүчөсү  Орхан Сөйлемез жана учурда Түркиянын Карабүк университетинин Чыңгыз Айтматов атындагы Түрк Дүйнөсүн изилдөө борборунун жетекчиси доцент Жылдыз Исмаилова катышат.   Иш-чараны белгилүү диктор Айнура Кабатай кызы алып барат.

Эске салсак, Улуу жазуучу Чыңгыз Төрөкулович Айтматов 2008-жылдын 10-июнунда 80 жаш курагында катуу оорудан кийин дүйнөдөн кайткан. ЮНЕСКОнун билдирүүсү боюнча, Ч. Айтматов бүгүнкү күндө чыгармалары көп басылган классиктердин бири. Анын чыгармалары дүйнөнүн 165 тилине которулуп, көптөгөн өлкөлөрдө бир нече ирет чоң тираж менен басылып жарыкка чыгып келет.

Белгилей кетсек, Онлайн университети учурда илим, билим жана маданият багытында Кыргызстанда жана чет өлкөлөрдө иштеп жаткан кыргыз окумуштуулардын вебинарларын, онлайн маектерин ЖОЖ жана мектеп мугалимдерине, жалпы эле кыргыз коомчулугуна байма-бай уюштуруп келатат. Онлайн Университетинин курамын Кыргызстандын алдыңкы ЖОЖдорунун окутуучулары жана чет өлкөдө агартуучулук жаатында иштеп жаткан кыргыз окумуштуулары, адистери түзүшөт.

Каалоочулар бул адрес менен катышыңыздар: ZOOM вебинардын идентификатору: 972 6981 3157

Пароль: 246403

 Байланыш үчүн: вотсап Элира Турдубаева +996 700 093 097 [email protected]

Фейсбук баракчабыз: https://www.facebook.com/Online-University-115299963491739/posts/

 

Бөлүшүү

Комментарийлер