ДҮЙНӨНҮ БАГЫНДЫРГАН ДИМАШ КУДАЙБЕРГЕН

  • 06.06.2020
  • 1

Бой десе бою, келбет десе келишимдүү келбети, үн десе керемет үнү бар Димаш Кудайберген учурда дүйнөнүн эң атактуу ырчысы. Интернет баракчаларында ааламдагы  жаңы ачылган жылдызга Димаш Кудайбергендин ысымы берилгенин, атактуулук жагынан ал поп музыка королу Майкл Джексон менен катар турарын айтышууда. Деги Димаштын феномен сыры эмнеде? Эмесе, ушуга үңүлүп көрсөк…

ДҮЙНӨНҮ БАГЫНДЫРГАН ДИМАШ КУДАЙБЕРГЕН

Музыка үчүн жаралган жаш талант

Аткаруучулук таланты менен дүйнөнү багындырган Димаштын өз аты Динмухаммед Канатулы Кудайберген. Ал 1994-жылы 24-майда Казакстандын Актөбө шаарында жарык дүйнөгө келген.

Казак-кыргызда бирдей “Бешиктеги баланын бек болорун ким билет, карындагы баланын хан болорун ким билет” деп айтылат. Анткени ата-бабаларыбыз эзелтен ар бир наристенин келечек тагдырына казактын  талаасындай кенендик менен, кыргыздын Ала-Тоосундай бийиктик менен карашкан турбайбы! Эми бул боордош эки элдин түшүнүгү деңизчи, бирок ошого жетүүгө ар бир адам аракет кылыш кереги бештен белгилүү.

ДҮЙНӨНҮ БАГЫНДЫРГАН ДИМАШ КУДАЙБЕРГЕН

Кытайдагы ыр сынак учурунда болсо керек, Димаштын “Мен эки-үч жашымдан баштап келечекте ырчы болом дечүмүн. Башкалардай  космонавт, доктур болом дебедим”, — дегени мага чоң таасир калтырды. Анткени, балдар эр жеткиче кесиптин миңин тандайт эмеспи! Мындай шар жоопту биринчи угушум.
Кичинекей Димаштайдын  микрофон кармап, сахнада ырдап жатканын элестетип ойногону кызык. Ал сүрөт тартса да, ушундай мааниде тартчу экен. “Жаштын тилегин берет” деген ушу!

ДҮЙНӨНҮ БАГЫНДЫРГАН ДИМАШ КУДАЙБЕРГЕН
Арийне, Димаштын жүрөк түпкүрүндөгү кыял-максаттарынын ишке ашуусунда ата-энеси – ырчы жубайлар Светлана Айтбаева жана Канат Айтбаевдер, домбрада мыкты ойногон чоң атасы Кудайберген Айтбаев, өз убагында география, биология мугалими болуп иштеген ыр жандуу чоң энеси Миуа Низамутдинова зор эмгек өтөшкөн.

ДҮЙНӨНҮ БАГЫНДЫРГАН ДИМАШ КУДАЙБЕРГЕН

Алгачкы ийгиликтери

Таланттуу ырчынын сахналык карьерасы өтө эрте башталган. Ал эң эле кичинекей чагында театрлаштырылган оюн-зоокто чакан ролду аткарат. Ата-энеси анын музыкалык шыгын байкап, беш жашында Актөбө шаарындагы А.Жубанов атындагы музыкалык колледждин балдар студиясына алып барышат.

Бул жерден Димаш фортепиано жана вокалдан сабак алып, өзгөчөлөнгөн үнү менен башкалардан айырмаланат. Алты жашында “Айланайын” фестиваль-конкурсуна катышып, биринчи жолу лауреат болот. Он жашында  ал облустук деңгээлдеги ар кандай музыкалык иш-чараларга катыша баштайт.

ДҮЙНӨНҮ БАГЫНДЫРГАН ДИМАШ КУДАЙБЕРГЕН

Димаш мектепте окуган кезинде эле казак акын-жазуучуларынын чыгармаларын окуп,  кээ бирине обон чыгарып, анан эжей-агайларына, классташтарына ырдап да берет. Ошондогу ийгилигине мугалимдери азыркыга чейин сыймыктанышат экен.

Кесиби боюнча ырчы Светлана Айтбаева уулу вокалдык диапазонун кеңейтүү үстүндө талыкпай иштегенин айтат.
— Студиядагы бир да сабакты калтырбады. Сууда сүзүү менен машыгып, өзүндө демди чыгарбай кармоону үйрөндү. Таэквондого  катышып, энергия топтоого, концентрацияга, эс-тутумду курчутууга жетишти, — дейт апасы.

ДҮЙНӨНҮ БАГЫНДЫРГАН ДИМАШ КУДАЙБЕРГЕН

Ушул тушта ал атасынын сөзүнө жазылган “Көркемим” жана Орал Байсенгирдин калемине таандык “Унутулбас күн” аттуу өзүнүн алгачкы хит ырларын жазып, угармандарына тартуулайт.

2010-жылдан 2013-жылга чейин Димаш өз өлкөсүндө жана чет жерлерде өткөн төрт ыр-сынакта жеңүүчү деп табылат. Димаш өзү да, ошондогу алгачкы ийгиликтерин, өзгөчө Ысык-Көл жээгинде, “Мейкин Азия” эл аралык ыр сынагында, Гран-прини жеңип алганын боордош элдин колдоосу катары эсептейт.

ДҮЙНӨНҮ БАГЫНДЫРГАН ДИМАШ КУДАЙБЕРГЕН

2015-жылы казакстандык аткаруучу Витебск шаарында өткөн “Славян базары” эл аралык ыр сынагында Гран-прини жеңип, 20 миң доллар өлчөмүндөгү акчалай сыйлыкка ээ болот. Жаш ырчы ошондо казак эл ыры “Дайдидауны” чебер аткарып, көрүүчүлөрдүн, жюринин көңүлүн өзүнө бурат.

Жюри төрагасы Полад Бюлбюль-оглы: “Бул уникалдуу бала. Анда үч үн бар: төмөнкү жана ортоңку тембр, ошондой эле, сейрек кездешүүчү – альтино. Димаш булардын баарын бирдей колдоно билет”, — деп анын талантына таң калган.

Кытайдагы зор жеңиш

2015-жылдын күзүндө Түркиянын Стамбул шаарында эл аралык ABU TV Song фестивалына катышып, дүйнөгө белгилүү ырчылар менен бир сахнада ырдашы, жаш ырчынын талантын курчутуп, аткаруучулук чеберчилигин өстүрдү.
Эми ал алдыдагы дагы бир зор жүрүшкө даяр турду…

ДҮЙНӨНҮ БАГЫНДЫРГАН ДИМАШ КУДАЙБЕРГЕН

2016-жылдын аяк ченинде  Хонг Таонун чакыруусу менен Кытайдын Чанша шаарына барат. Аткаруучунун керемет үнүнө арбалган Ханг Тао бет алдында тубаса таланттуу ырчы турганын дароо түшүнүп, Хунан ТВ каналынын I am Singer ыр сынагына катышууну сунуштайт.

Анан Бэжиндеги Black Gold Talent агенттиги менен келишим түзүлүп, Димаш 22 жашында, 12 турдан турган  эң татаал ыр сынагына катыша баштайт.

Апасы жаш ырчынын  бул сынактын орто ченине араң жетерине ишенгенин айтса, Димаш өзү: “Мен үчүн бул сынак эксперимент сыяктуу болду” деген пикирин билдирет.

ДҮЙНӨНҮ БАГЫНДЫРГАН ДИМАШ КУДАЙБЕРГЕН

Мен YouTube каналынан конкурстун жүрүшүн үзбөй көрдүм. Англис, француз, итальян, орус, кытай, казак тилиндеги ырлардын баары зор чеберчиликте аткарылып, көрүүчүлөрдүн жапырт овациясына ээ болуп жатты.

Димаш айрыкча, Витастын “Опера–2”, Лара Фабиандын “Адажио” аттуу ырларынан кийин кытай элинин жалпы сүймөнчүлүгүнө айланды.

ДҮЙНӨНҮ БАГЫНДЫРГАН ДИМАШ КУДАЙБЕРГЕН

Башка конкурсанттардан айырмаланып, ал айрым ырларды фортепианодо, домбрада  ойноп, ырдап жатты.
Жыйынтыгында, Димаш Гонконг ырчысы  Сэнди Лэмди гана алдыга өткөрүп, финалга экинчи болуп келди. Бул, албетте, зор жеңиш болчу!

ДҮЙНӨНҮ БАГЫНДЫРГАН ДИМАШ КУДАЙБЕРГЕН

Кытай миллиардга чукул теле аудиториясы менен таланттарды таанытчу эбегейсиз зор рекламалык аянтча экен.  Конкурстагы биринчи эле ырынан кийин Димаш жылдыз аталды. Атактуулук кантип келгенин анын өз оозунан уксак.

— Эртеси дүкөнгө барышым керек болчу. Уюштуруучулар «Сага эми көчөгө чыгууга болбойт» дешти. «Эмнеге болбойт?» деп таң калдым. «Сен эми жылдыз болдуң! Полициянын коштоосунда гана бара аласың» деп жооп беришти. Анан чын эле ошондой болбодубу! Сыртта ондогон репортёрлор жана жүздөгөн фанаттарым чыдамсыздык менен күтүп туруптур, —дейт Димаш.

Ошентип, Кытайдан Димаш болуп көрбөгөн сый-урмат көрүп, «Азиянын эң мыкты жаш ырчысы» аталып, миңдеген кытайлык кыздардын жүрөгүнө чок салып кайтты.

ДҮЙНӨНҮ БАГЫНДЫРГАН ДИМАШ КУДАЙБЕРГЕН

Европадагы  концерти

Дүйнөлүк басма сөз  Димаш Кудайбергендин Москвада Игорь Крутойдун” Чарчаңкы ак куулар сүйүүсү” ырын ийнине жеткире ырдаганын жазып бүтө электе, ыры менен дүйнөнү багындырууга киришкен жаш талант Лондон шаарында өзүнүн Европадагы алгачкы концертин берди.

ДҮЙНӨНҮ БАГЫНДЫРГАН ДИМАШ КУДАЙБЕРГЕН

Үч миңдей көрүүчүнүн арасында  казакстандык ырчынын 47 мамлекеттен келген күйөрмандары олтурушту. Булардын көбү болбосо да, бир тобу анын ырларына реакция жасап жүрүшкөн блогерлер эле.

ДҮЙНӨНҮ БАГЫНДЫРГАН ДИМАШ КУДАЙБЕРГЕН
Димаш  аларга  дайыма “Dears!»  деп өзгөчө жылуу кайрылат. Алар да ушундай мамилеге татыктуу, анткени кумиринин концерти кайсыл өлкөдө болорун күн мурунтан бири-бирине кабарлап турушат.

BBC кабарчысы Акчолпон Койчиевага берген маегинде кытайлык кыз “Анын кооз үнү, сулуу келбети жакканы үчүн учакка түшүп, Бээжинден  19 саатта  келдим” десе, америкалык блогер аял Патрис Груллон Димаштын аткаруучулук стили, бийик ноталарды алганы, демин көзөмөлдөгөнү, угарман менен байланышта болгону бөтөнчө экенин белгилейт.

Ушул эле маекте Марк Макмиллан аттуу блогер “Бул жигит сүйүү аркылуу дүйнөнү өзгөртүп жатат” десе, түркиялык Хандин Ашик “Анын ырларын укканда көзүмдөн жаш чыкты. Ырлары жүрөгүмө, жаныма жетти” деп жооп берет.

ДҮЙНӨНҮ БАГЫНДЫРГАН ДИМАШ КУДАЙБЕРГЕН

Ооба, анын ырлары бардык адамдарды өзгөртүүчү күчкө ээ! Буга жаңы зеландиялык  Рай Уорддун окуясы күбө. Оорусунун өтө олуттуу экенине карабастан, 63 жаштагы бейтап аял алты мамлекетти басып өтүп, Казакстанга келип кетти. “Димаштын ырын уккандан кийин, кайрадан жашагым келип калды”, — дейт ал.

ДҮЙНӨНҮ БАГЫНДЫРГАН ДИМАШ КУДАЙБЕРГЕН

Интернеттеги комменттерде Димашты “башка планеталык”, «периште бала” деп атагандар арбын. Менимче, анын феномен сыры мында эмес.

Димаш дүйнөсүнүн төркүнү өз элинин нарк-насилине, таалим-тарбиясына каныккан мекенчил сезимдеринде экенин белгилей кетели.  Ал кайда жүрбөсүн, кайда ырдабасын «Мен казакстандыкмын. Казакстанга кош келиңиздер!» дегенден талбайт. Димаш — ушундай мекенчил!

Журналисттерге берген маегинде «Мен бир күнү көрүүчүлөрдүн арасында олтуруп каларымды билем. Ошон үчүн эч качан «жылдыз» оорусу менен оорубайм» деп айтканы эсимде.

Димаш — ушундай жөнөкөй!

Болгону ал кереметтүү үнү менен адамдарды адамгерчиликке, жакшылыкка, жан дүйнөнүн тазалыгына чакырып, дүйнөнү сулуулук сактарын эскертип келет.

 А.Алибеков, АКСЕЛСтин “Жамааттар байланышы” программасынын бүтүрүүчүсү (АКШ, Түндүк Каролина, 2010)

Бөлүшүү

Комментарийлер

Инаят j / 07.06.2020 14:32
Керемет берилген баа. Журналист Алимжан Алибековдун Д. Кудайбергеновдун ырчылык дареметине сүртүлгөн штрихтерин окуп отуруп, эки нерсеге таң калдым. Мүмкүн , ал Димашты жакындан көрүп баарлашкандыр, мүмкүн андай эместир. Бирок ал жөнүндө бала чагынан бери , ийгилигинин сырын кынаптап жазгандыгы -чыныгы журналист, өз ишинин устаты, " ас" экендиги. Жаш туруп, керемет үндүн ээсинин тынымсыз эмгекчилдигин автор ачып бере алган, айта алган. Ушунун өзү өсө турган жаштарга талыкпай эмгектенүү көп нерсеге жеткире тургандыгын коңгуроо кылып айтып турат. Баарыбыз эле Димаштын сүйүп, кумарланып , таңданып угабыз. А бирок чыгармачылыгы жөнүндө көп билбешибиз мүмкүн. Мына ушул жерде журналисттин орду өзгөчө экендигине таң бердим. Алар ( журналисттер) болгонун болгондой кайталабастан, өзгөчө өң, боек берип, элдин көрөңгөсүн толтуруп,жан дүйнөсүн байытып отурушат экен да. Алибековдун макаласын окугандан кийин , ушундай ойго келдим. Ар дайым жакшыга жарчы болуп, элдин купулуна толгон жаңылыктарды жазып, элдин жан дүйнөсүн жаркыратып жүрө бериңиз! Калемиңиз курчуй берсин! Сыясы кургабасын!