ИЗИЛДӨӨНҮН УСУЛДУК ПАЙДУБАЛЫ КАНТИП ТҮЗҮЛӨТ

  • 04.06.2020
  • 0

ИЗИЛДӨӨНҮН УСУЛДУК ПАЙДУБАЛЫ КАНТИП ТҮЗҮЛӨТ

 

Изилдөөнүн усулдук пайдубалын түзүү боюнча маек-вебинар өтөт

 

5-июнда, саат 16.00до Онлайн университетинин Изилдөө лабораториясы   «Изилдөөнүн усулдук пайдубалын түзүү» деген темасында кезектеги маек-вебинарын сунуш кылат.

Изилдөөнү кантип жүргүзөбүз? Ага кантип даярданабыз? Кандай сапаттык изилдөө усулдары бар жана аларды өзүбүздүн изилдөө темабызга ылайыктап кантип колдонсок болот? деген суроолорго Германиянын Франкфурт шаарындагы Гёте университетинин Антропология факультетинин окутуучусу жана изилдөөчүсү Бактыгүл Тулебаева кеңири маалымат берет.

Ал өзүнүн докторлук ишин жазууда колдонгон изилдөө усулдары жөнүндө баяндап, Франкфуртта университетте студенттерди кантип талаа изилдөөсүнө даярдаганы туурасында ой бөлүшөт.

Бактыгүл Тулебаева Гёте Университетинде 2017-жылы Кыргызстандагы балдар маселелерин изилдөөгө алган докторлук ишин ийгиликтүү жактаган. Коомдук Антропологияда магистратура даражасын 2009-жылы Улуу Британиядагы Эдинбург Университетинен алган. АУЦАдагы Антропология бөлүмүн 2005-жылы бүтүргөн.

Белгилей кетсек, Онлайн университетинин Изилдөө лабораториясында жаңы башталган маек-вебинарлар сериялары илимий изилдөө жүргүзүү стратегияларын жана талаптарын үйрөткөн теориялык вебинарлардын практикалык тажрыйбалары менен тааныштыруу максатын көздөп уюштурулууда.

 

Байланыш үчүн: вотсап Элира Турдубаева +996 700 093 097 [email protected]

 

Фейсбук баракчабыз: https://www.facebook.com/Online-University-115299963491739/posts/

Ютуб: https://www.youtube.com/watch?v=buQWcnQUNaY&feature=youtu.be

 

#ҮйрөнүүнүҮйрөн

 

Бөлүшүү

Комментарийлер