«АТА-ЭНЕ МЕНЕН ЧОГУУ ЫРДАЙБЫЗ» ОНЛАЙН СЫНАГЫ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

  • 04.06.2020
  • 0

Ч.Айтматов атындагы Мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты “Ак Шоола” балдар хорунун түптөлгөнүнө быйыл 35 жыл толуп отурат. Ошого карата алдыда не деген концерттик пландар түзүлгөн эле. Бирок таажы вирусу ал пландарды артка жылдырды. Табиятынан эмгекчилдер заманбап технологиянын күчү менен карантин учурунда да ишин улантышты. Ошолордун бири, сап алдындагы эмгекчил, эл мугалими деп айтса да жараша турган Эсенгулова Гүлмира.

«АТА-ЭНЕ МЕНЕН ЧОГУУ ЫРДАЙБЫЗ» ОНЛАЙН СЫНАГЫ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

«АТА-ЭНЕ МЕНЕН ЧОГУУ ЫРДАЙБЫЗ» ОНЛАЙН СЫНАГЫ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

— Таажы вирус далайлардын тагдырына тактоо киргизип, ар кандай өзгөрүүлөргө дуушар кылды. Гүлмира карантин башталаардын акыркы күнүндө базардан чакан доска сатып алууга үлгүрдү. Ары-ойлонуп, бери ойлонуп, аралыктан сабак өтүүнүн жолдорун издеди. Мектептеги кадимки сабактарга телевидение жардамга келсе, музыка сабатын үйрөтүү, ырдатуу башкача бир ыкмаларды талап кылып жатты. Акыры интернет, ватсаптардын жардамы менен сабактарын баштады. Кызыгы, “Ак Шооланын” балдары менен кошо ата-энелери да музыкалык таалимди ынтызарлык менен өздөштүрүп, үйдө отуруп жаңы ырларды үйрөнө башташты, — дейт КР Композиторлор союзунун төрагасы Турдубек Чокиев.

Алгач композитор Турдубек Чокиевдин, акын Шайлообек Дүйшеевдин сөзүнө жазылган “Айтилек” аттуу ырын Г.Эсенгулова аралыкта үйрөтүп, окуучулар үй шартында видеолорун тартып салып жатышты. Заманбап челлендж ыкма менен тартылган музыкалык клипке С.Алмасбеков, О.Бакытов, Т.Токомбаев сыяктуу элге белгилүү профессионал ырчылар да катышып, жыйынтыгында интернет айдыңына чыгарылып, элдин назарын бурду.

«АТА-ЭНЕ МЕНЕН ЧОГУУ ЫРДАЙБЫЗ» ОНЛАЙН СЫНАГЫ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

«АТА-ЭНЕ МЕНЕН ЧОГУУ ЫРДАЙБЫЗ» ОНЛАЙН СЫНАГЫ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

— Балдар жана өспүрүмдөр улуттук “Сейтек” борбору менен Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына карата сынак өткөрүүнү макулдашып, ага өлкөбүздүн бардык аймактарынан “Катюша”, “Жеңиш күнү”, “Эстелик” ж.б. согуш жана тынчтыкты чагылдырган орус жана кыргыз тилдеринде ырларды ырдаган балдардын 100дөн ашуун видеолору келип түштү. Мыкты ырдаган балдар бардык аймактарда көп экендиги аныкталды. Бул аралыктан аныкталаган жаңы көрсөткүч болду. Эл аралык байланыштар да эске алынып, Г. Эсенгулованын чет элдеги байланыштары аркалуу Түркияда, Россияда, Татарстанда өткөн конкурстарга видеолор жөнөтүлүп, “Ак Шооланын” балдары байгелүү орундарды ээлеп жатышты.

«АТА-ЭНЕ МЕНЕН ЧОГУУ ЫРДАЙБЫЗ» ОНЛАЙН СЫНАГЫ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

«АТА-ЭНЕ МЕНЕН ЧОГУУ ЫРДАЙБЫЗ» ОНЛАЙН СЫНАГЫ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

«АТА-ЭНЕ МЕНЕН ЧОГУУ ЫРДАЙБЫЗ» ОНЛАЙН СЫНАГЫ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

Баарынан кызыгы “Ак Шооланын” ата-энелери, балдары, неберелери менен чогуу ырдап, жыйынтыгында “Сейтек” борборунда онлайн-концерт өткөрүлүп, телевидениеге тартылып жалпы журтка тартууланышында болду.

Г. Эсенгулованын ата-энелер жана балдар менен чогуу ырдоо идеясы түркиялык коллегалар тарабынан жактырылып, колдоого алынып, ушундай форматтагы эл аралык фестиваль өткөрүүнү көздөп жатышат, — дейт Т.Чокиев.

1-июнь Балдарды коргоонун эл аралык күнү “Ак Шооланын” жогорудагы аталган иш-чараларга жигердүү катышкан бардык балдары Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы республикалык “Сейтек” борборунун диплом, грамоталары менен сыйланышты. Андан сырткары Түркиядан, Татарстандан келген дипломдор да тапшырылды.

Гүлнара Алыбаева, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер