АБИТУРИЕНТ — 2020: КООПСУЗ ЖАНА ТАЗА ЖОЛ

  • 04.06.2020
  • 1

Быйыл Кыргызстанда жогорку окуу жайларга кабыл алуу биринчи жолу онлайн режиминде өткөрүлгөн жатат. Билим берүү жана илим министрлигинде аны ишке ашыруу үчүн атайын автоматташтырылган маалымат системасын колдонууга киргизүү каралууда.

АБИТУРИЕНТ - 2020: КООПСУЗ ЖАНА ТАЗА ЖОЛ

Ойлайн режимдеги кабыл алуу абитуриенттерге Жалпы республикалык тест сынагынын сертификатын алгандан кийин өздөрү тандаган окуу жайга барып, убакыт жана жолго акча коротпой тапшырганга, эң негизгиси коронавирус коркунучу тооруп турган шартта өздөрүн коопсуз алып жүргөнгө мүмкүнчүлүк берет. Ошондой эле анын дагы бир чоң артыкчылыгы – кабыл алууну сырткы факторлордун кысымы жок, максималдуу түрдө акыйкат жүргүзүүнүн электрондук заманбап жолу болуп калышы керек.

Онлайн кабыл алуунун автоматташтырылган системасы азыркы учурда иштелип бүтүп калды, анын тартиби,  жол-жобосу, эреже-шарттары жөнүндө министрлик расмий маалымат жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө даярданып жатат.

“Мунун жакшы жери, мурун абитуриенттер бардык жождорду кыдырып, кайсы адистикке канча талапкер катталды, кайсыга талонумду таштасам өтүп кете алам деп анализдеп чыкканча көп убакыт коротушчу. Эми болсо мунун баарына “жеке кабинетинен” эле көз салып турушат. Башкача айтканда, кайсы университетте, кайсы адистикте канча балл менен канча талон салынгандыгы минута, секундасына чейин көрүнүп турат”, — дейт министрдин орун басары Нурлан Омуров.

Быйыл өлкөдө түзүлгөн кырдаалга байланыштуу кабыл алуу жылдагыдан он күнгө кечирээк, 20-июлдан  башталат. Абитуриенттердин конкурсу мурдагыдай эле үч тур менен өтөт. Экинчи турун 27-июлда, үчүнчү турун 3-августта өткөрүү пландаштырылууда.

 

Категориялар сакталат

 

Жылдагыдай эле гранттык орундарга кабыл алууда  абитуриенттердин социалдык категориялары сакталат. Төмөнкү категориядагы абитуриенттерге мурункудай эле жеңилдиктер каралган:

  • I, II топтордогу майыптар, жеңилдиктери жана кепилдиктери боюнча согуштун катышуучуларына жана согуштун майыптарына теңелгендер;
  • бала кезинен майыптар, майып балдар;
  • жетим балдар жана ата-энесинин камкордугусуз калгандар;
  • Этникалык кыргыздар;
  • Аксы районунда 2002-жылдын 17-18-мартындагы болгон окуяларда, 2010-жылдагы апрель, май жана июнь окуяларында курман болгондордун балдары;
  • Кайрылман макамын алгандар, жождорго өзүнчө категория менен кабыл алынат.

 

ЖРТнын мөөнөт-шарттары

Быйыл Жалпы республикалык тестирлөөгө 41 727 бүтүрүүчү катталды.  Убагында катталууга үлгүрбөй калгандарга кошумча мүмкүнчүлүк берилет. Алар 20-июнда же 23-июнда саат 13:00дөн 17:00гө чейин тест борборуна кайрылышы керек.

Тестирлөө 21- июнда башталат. Бул күнү негизги тестти тапшыруунун 1-этабы өтөт. 22-июнда предметтик тестти тапшыруунун 1-этабы, 22-июнда предметтик тестти тапшыруунун 1-этабы, 24-июнда негизги тестти тапшыруунун 2-этабы, 25-июнда предметтик тестти тапшыруунун 2-этабы өтөт. Жыйынтыгын жарыялап, сертификаттарды таратуу 13-19-июлда жүрөт.

Өткөн жылы ЖРТга катталагандардын саны 41 280ди түзгөн.

 

Чолпон Кийизбаева, “Кут Билим”

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер

Асыл / 07.06.2020 00:55
Авган согушуна баргандардын балдарына женилдиктер каралабы