КМУДА ПЕДАГОГИКАЛЫК ПРАКТИКА БОЮНЧА ЖЫЙЫНТЫКТООЧУ КОНФЕРЕНЦИЯ ӨТТҮ

  • 01.06.2020
  • 0

И.Арабаев атындагы КМУнун Манас таануу жана лингвистика институту менен география, экология жана туризм факультети ZOOM программасы менен адаптациялык-педагогикалык практика боюнча жыйынтыктоочу конференциясын өткөрдү.

КМУДА ПЕДАГОГИКАЛЫК ПРАКТИКА БОЮНЧА ЖЫЙЫНТЫКТООЧУ КОНФЕРЕНЦИЯ ӨТТҮ

Анда 2-курстун студенттери иштелип чыккан практиканын программасынын алкагында жүргүзгөн тарбиялык иштери боюнча, б.а. өтүлгөн ачык, тарбиялык сааттардын фрагменттери, видео сабактары, колдонулган усулдар, мектеп документациясы, ата-энелер чогулушу, класстык чогулуш, дегеле жалпы класс жетекчинин иши тууралуу өздөрүнүн изденүүчүлүк өзгөчөлүктөрүн чыгармачылык менен презентациялап беришти. Андан сырткары коронавирус пандемиясына байланыштуу класс жетекчи менен бирдикте онлайн форматта сабак өтүп, тарбиялык иш-аракеттерди алып барышкандыгын да билдиришти.

  • Конференциянын жүрүшүндө мектеп практикасынын ар кандай маселелери боюнча кызуу талкуу жаралып, конференция жогорку деӊгээлде өттү. Жыйынтыктап айтканда, бул адаптациялык-педагогикалык практиканы өтөө менен студенттерибиз алгачкы кесиптик иш-аракеттерге калыптана алды деп ойлойбуз, – дейт конференциянын уюштуруучусу Н.Койлубаева.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер