«БАЛА — ЖАШОО БУЛАГЫ, БАЛА — ӨМҮР ЧЫРАГЫ»

  • 01.06.2020
  • 0

Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата ушундай аталыштагы иш-чара  Кыргыз-Өзбек университетинин чет тилдери кафедрасы  тарабынан онлайн өткөрүлдү. Ага студенттер, атайын чакырылган бөбөктөр катышты.

"БАЛА - ЖАШОО БУЛАГЫ, БАЛА - ӨМҮР ЧЫРАГЫ"

Анда алгач аталган кафедранын башчысы, доцент Жусупова Даанагүл балдар күнүнө карата баяндамасын жасады. Андан соң Кыргызстандын эл агартуу тармагында көп жылдардан бери үзүрлүү эмгектенип келе жаткан, КР Билим берүүсүнүн мыктысы, дасыккан педагог Садат Саттаровна  өз тажрыйбасы менен бөлүшүп, балдар жөнүндө кызыктуу маалыматтарды айтып берип, бала — жашоо булагы, бала — өмүр чырагы катары назик, аруу, таза сезимдеги улуу зат, коомчулук,  ар бирибиз балдарга камкордук көрсөтүүгө милдеттүүбүз деген оюун билдирди.  Мугалимдик кесипти аркалап АКШ, Сингапур, Германия, Индия ж.б. бир катар чет мамлекеттерде болгонун айтып, белгилүү педагогдордун   тажрыйбалары менен бөлүшүп, келечектин ээси болгон студенттерге  окуучу баланы сүйүп, сыйлап, кадырлап мамиле жасоо жемиштүү жыйынтык берерин баса белгиледи. Ошондой эле философиялык ой толгоолор менен коштолгон накыл кептер байма-бай айтылып, талкууланды. Баланы тарбиялоо маселесинде төрт баскычка басым жасады.

Педиатр У.Худайбердиева баланын ден соолугу, туура тамактануусу,  бакубат жашоосу тууралуу кеңешин берди.

Кеченин жүрүшүндө студенттер тарабынан балдарга арналып даярдалган ырлар ырдалып,  көркөм окуулар, бийлер менен коштолуп,  кызыктуу оюн тибинде суроо-жооптор уюштурулду.

Бөлүшүү

Комментарийлер