ОШМУ 80 ЖЫЛДЫК МААРАКЕСИН ОНЛАЙН БЕЛГИЛЕДИ

  • 30.05.2020
  • 0

Билим берүү сапарында 80 жылдык  бай тарыхы бар Ош мамлекеттик университети мааракесин учурдагы кырдаалга байланыштуу 28-майда онлайн форматта http://80.oshsu.kg юбилейлик сайты  аркылуу белгиледи.

ОШМУ 80 ЖЫЛДЫК МААРАКЕСИН ОНЛАЙН БЕЛГИЛЕДИ

Университеттин ректору Кудайберди Кожобековдун жетекчилиги астында өткөн маараке алгач ОшМУнун тарыхы, жетишкендиктери, ийгиликтери, алдыдагы пландары камтылган видеоролик менен башталды.

ОШМУ 80 ЖЫЛДЫК МААРАКЕСИН ОНЛАЙН БЕЛГИЛЕДИ

80 жылдык мааракеси менен Билим  берүү жана илим министри, ушул окуу жайынын экс-ректору Каныбек Исаков, Кыргызстандагы жогорку окуу жайлар ассоциациясынын президенти Абдылда Мусаев жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, 20га жакын ОшМУга өнөктөш чет элдик университеттердин ректорлору, сыймыктуу бүтүрүүчүлөрү, Испания, Чехия, Түркия, Россия сыяктуу чет өлкөлөрдө билим алып жаткан студенттери  куттукташты.

ОШМУ 80 ЖЫЛДЫК МААРАКЕСИН ОНЛАЙН БЕЛГИЛЕДИ

Мааракеге карата “Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү шарттарындагы билим берүүнүн жана илимдин актуалдуу маселелери” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция уюштурулду. Конференцияда Кыргызстандагы жогорку билим берүүнүн көйгөйлөрү, маселелери, перспективалары талкууланды.

Иш-чаранын жүрүшүндө Түштүк Урал мамлекеттик университети менен ОшМУнун ортосунда кыргыз-орус факультетин ачуу жөнүндөгү келишимге онлайн түрүндө кол коюлду.

Андан тышкары жалпы Кыргызстандагы өнөр адамдары, ОшМУнун туурунан учкан таланттардын катышуусунда «Кутман курагың кут болсун, ОшМУ» деген аталышта онлайн концерт тартууланды.

Онлайн маараке атайын техникалар менен камсыздалып, техникалык кызматкерлер, журналисттер, уюштуруучулардын колдоосунда өттү. Ошондой эле университеттин мыкты адистери тарабынан иш-чаранын жүрүшү төрт тилде синхрондук котормо менен коштолду.

Ош мамлекеттик университетинин тарыхы 1939-жылы ачылган Ош мугалимдер институтунан башталат. Ал институт 1951-жылы Ош мамлекеттик педагогикалык институту болуп түзүлгөн. 1992-жылы Ош мамлекеттик университети статусун алган.  ОшМУ 2017-жылы КР эң жогорку мамлекеттик сыйлыгы болгон «Даңк» ордени менен сыйланган.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер