МААЛЫМАТ ФОРМАТЫ – БИЛИМ САПАТЫНА ӨБӨЛГӨ

  • 30.05.2020
  • 0

МААЛЫМАТ ФОРМАТЫ – БИЛИМ САПАТЫНА ӨБӨЛГӨ

Демейки жашоо ыргагы кескин өзгөрүп, буга чейинки күүсүнөн жанган кезде, өз алдынча билим алуу ыӊгайы, мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө элге колдон келишинче кеӊири түшүнүк берүү зарыл. Бул ирет биз аудиовидео жана текст түрүндөгү маалыматтардын өзгөчөлүктөрүн сөз кылалы.

 

“Миӊ уккандан бир көргөн артык”, бирок…

 

Видео түрүндөгү маалымат бир караганда опоӊой кабылданчудай. Мисалы, чоӊ, далдайган кулактары, узун тумшугу бар, буттары жоон ж.б. деп сөз менен сыпаттап отурбай эле пилдин жандуу элесин окуучунун көз алдына келтире койгонго не жетсин. Видеодо мугалим айткан сөздөрүн ишаарат, жаӊсоолору, добушунун өзгөрүшү – мимика, интонация сыяктуу тилдик (вербал) эмес каражаттар менен бышыктап, толуктай адат. Слайд-шоу, ар кандай тасмалардан келкилер ж.б. көрмө каражаттарды кеӊири колдонууга болот.

Көрүү сезими аркылуу кабылданган маалымат текст жана үн түрүндөгүлөргө салыштырмалуу эсте жакшы сакталат. Бирок дайым эле, адамдардын баары эле бир көргөнүн көӊүлүнө бек тутуп албайт. Атайын эстеп калайын деп аракеттенсе деле унутуп койгондор көп. Ар кимдин түшүнүү, өздөштүрүү мүмкүнчүлүгү да ар кандай.

Видеого тиешелүү дагы бир “бирокту” айтаардан мурун азыркы кезде көп кайталанып жүргөн мындай пикирдин канчалык жүйөлүү экенин ойлонуп көрөлү. “Орун үнөмдөлөт. Веб-беттеги видео-ролик ошол эле маалыматтын текст түрүндөгү баяндалышына караганда алда канча аз орунду ээлейт…».

Чын эле ушундайбы? Бир сааттык вебинарда айтылган ойлорду иргеп, ворд форматында терип чыккан болсоӊуз, сиз өздөштүргөн маалымат 5 мүнөттө эле окуп чыккыдай текст болуп калышы ыктымал. Санариптик жагын салыштырганда деле видеонун көлөмү абдан көп мегабайт менен өлчөнөт, кээде гигабайт менен саналат, ал эми ошол эле видеодо айтылган сөздөрдүн текст түрүндөгүсү бир мегабайтка жетпеген орун ээлеши мүмкүн.

Видеодогу, жалаӊ эле үн түрүндө жазылган файлдагы маалыматты угуп көрүүгө, керектүү нерселерди билип же тактап алууга да убакыт текст окугандагыга салыштырмалуу бир нече эсе көп сарпталат. Анткени оозеки кеп жай жүрөт, а текстти бат эле окуп, керектүү жерлерин белгилеп алууга болот. Электрондук (мисалы, ворддогу) тексттен издеген маалыматты заматта таап берген функция бар: ctrl + f (кийинки Windows  боюнча — ctrl + h).

Үн түрүндөгүсүнө салыштырмалуу тексттеги маалыматты бир нече эсе тез билип алууга болот: ар бир сөздү тыбыштары менен угуп отурганга реалдуу убакыт көп сарпталат, ал эми текстти унчукпай окуганда бүтүндөй фразалар, саптар, сүйлөмдөр чулу бойдон кабылданат. Ушул өзгөчөлүктөрүн эске алганда, текст түрүндөгү маалымат талдоо, курамындагы түрдүү көрсөткүчтөрдү, фактыларды ж.б. салыштыруу, синтездөө, колдонуу үчүн алда канча ыӊгайлуу.

Кабылдоо ылдамдыгы маалыматты түшүнүү, талдоо жана синтездөө мүмкүнчүлүгүн арттырат. Өтө жай жылган процесстин жүрүшүндө көрүнүштүн А бөлүгүнөн Б бөлүгүнө жеткенче А унутулуп калышы көбүрөөк ыктымал деп донецкилик жаӊычыл мугалим Виктор Шаталов эскерткен эмеспи. Айтмакчы, Шаталовдун көлөмдүү тексттердеги маалыматты жарым барактай жерге сыйдырган таяныч сигналдарын Лейлектеги №3 эксперименталдык гимназиянын окуучулары өз алдынча түзүп, абдан жакшы колдоно билишет экен.

МААЛЫМАТ ФОРМАТЫ – БИЛИМ САПАТЫНА ӨБӨЛГӨ

Сүрөттө: Лейлектеги №3 эксперименталдык гимназиянын окуучусу түзгөн таяныч конспект.

 

“Телевизор көрүүчүлөрдү китеп окугандар башкарат”, — деген кептин төркүнү ушул жакта.

Видеонун негизги артыкчылыгын жогоруда айттык – нерсени же окуяны көз алдыӊа эле келтирет. Аудио музыканы же сөз менен сыпаттап берүү мүмкүн болбогон үндөрдү эле кайталап бере алат. Мисалы, торгой менен булбулдун сайрашын айырмалаш үчүн бул куштардын үнүн угуу зарыл.

 

“Бул катты кыскараак жазганга убактым аздык кылды”

 

Атактуу физик, философ Блез Паскалга таандык делген бул айтым кеп кыска-нуска жазуу үчүн маалыматтын эӊ керектүүсүн иргеп алып, иштеп чыгуу, түзүмдөштүрүү зарылдыгын туюндурат. Айрыкча билим алууда мунун мааниси өтө зор. Азыркы заманда күргүштөгөн маалымат агымына туруштук берүү, түркүн көз караштардын кагылышуусунан жаралуучу айлампага тартылып, сорулуп кетпей, көздөгөн максатка жакындай билүү үчүн маалыматтын чыныгы керектүүсүн адашпай айырмалап, иргеп, бир форматтан экинчисине которуштура билүү зарыл.

Бир эле кабар же кубулуш ар кайсы форматтарда, түрдүүчө баяндалышы, сыпатталышы мүмкүн. Мындайда кайсы сайттарга ишенсе болорун, кайсылары маселени эӊ жеткиликтүү, ырааттуу нукта түшүндүрүп берерин билип, башкаларына алаксыбаш керек.

Аудиовидеонун эӊ керектүү мазмунун текстке айлантуу үчүн убакыт, күч аракет керек. Ырас, эстутуму күчтүү адам буга анча маани бербеши мүмкүн. Бирок маалымат экзамендеги суроого жооп берип, жакшы баа алуу үчүн эле эмес, жалпы билим деӊгээлин жогорулатуу, турмушта, иште колдонуу, кесипке ээ болуу үчүн керек экендигин көӊүлдө тутсак, миӊ эсе жакшы өздөштүрүлөт.

 

Кыска-нускалык – сыйымдуулук

 

Кайталама, жаттама, көчүрүп алма… нерселер маалыматтын ызы-чуу, калдырак, иттин үрүшү сыяктуу беймаани түрлөрүнөн анча деле айырмаланбайт (сөздүн кеӊири маанисинде ызы-чуу, башаламан нерселердин көрүнүшү ж.б.у.с. баары да маалымат деп аталат эмеспи). Мындай деӊгээлдеги “маалыматты” тотукуш деле кайталап бере алат. Дал ошондой эле биз көчүрүп же “жүктөп”, түркүн видео, аудио материалдар, китептер ж.б. баары өздөштүргөнгө чейин жөн гана компьютердин же флешканын электрондук эс тутумуна шыкалган эле нерселер, ар кандай акыр-чикирдей эле бойдон кала берет. Керектүүсүн иргеп алып, өз ара тиешелүүлүгүн, жакындыгын же алыстыгын, карама-каршылыгын аныктап, ырааты менен жайгаштырып чыкмайынча мунун баары эч кандай мааниге ээ болбойт.

Ушул жагдай эске алынбагандыктан, реферат, курстук иш, баяндама ж.б. басымдуу бөлүгү кагаз түрүндөгү акыр-чикирди гана көбөйтүп, окуучулар менен студенттердин акылына, ыйманына жана экологияга зыян келтирүүдө.

МААЛЫМАТ ФОРМАТЫ – БИЛИМ САПАТЫНА ӨБӨЛГӨ

Сүрөттө:  Лейлектеги №3 эксперименталдык гимназияда кошумча окутулуучу “Ой өрүшү (кругозор)” сабагындагы көргөзмө каражат.

Билимдин булардан айырмачылыгы – түшүнүлгөндүгү, өздөштүрүлгөндүгү. Ошондуктан мугалим окуучудан текстти эле кайталабай, өзүӊдүн сөзүӊ менен айтып бер деп талап коёт. Билимди кабылдоо, өздөштүрүү деӊгээлдерин пирамида түрүндө аныктаган Блум таксономиясы жөнүндө көпчүлүк мугалимдер угуп, окуп келишет. Бирок, тилекке каршы, муну да жетик түшүнгөндөр, практикада эске алгандар өтө аз.

Азыркы кезде түрдүү онлайн сабактардан, вебинар ж.б. талкуулардан ким канчалык толук пайдаланып калганга жетишүүдө? Маалыматты форматка салуу маселеси мугалимдер менен окуучулар (окутуучулар менен студенттер)  үчүн эле эмес, билим берүү саясатын тескеген мекемелерге (БИМ, КБА, рай/шаар ББ ж.б.) үчүн да орчундуу мааниге ээ. Мисалы, жакында онлайн окутуу тажрыйбалары боюнча чет өлкөлөрдө иштеген биздин мекендештердин абдан мазмундуу вебинары болду:

 Facebook: https://www.facebook.com/onlinemektepkgz/videos/193544891715710/

Youtube: https://www.youtube.com/watch?v=AyWDrjym0mw

 

Иллюстрациянын шилтемеси: https://www.pngflow.com/ru/free-transparent-png-hoxpv

 

Жолдош Турдубаев

Бөлүшүү

Комментарийлер